Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Электрди арзандатуу талабы дагы жаңырды


Нааразылыкка чыккандар. Нарын. 24-декабрь, 2014-жыл.
Нааразылыкка чыккандар. Нарын. 24-декабрь, 2014-жыл.

Электр энергиясынын баасынын кымбатташына нааразы болгон нарындыктар 24-декабрда дагы митингге чыгышты. Алар электр энергиясына чектөө болбосун деген талап коюшууда.

Митингчилер ушундай эле талап менен бир жума мурда да чогулушкан. Энергетика жана өнөр жай министри, облус башкармалыгы менен нааразылык акцияга чогулган элдин сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан жок. Нарындыктар бийликке 15-январга чейин мөөнөт берип, эгер талаптары аткарылбаса, мөөнөтсүз митинг башталарын айтышты.

Митингге чыккандар менен бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү облустук драмтеатрдын ичинде өттү. 300дөн ашык киши менен облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жолукту.

Митингдин уюштуруучуларынын бири, коомдук активист Эркин Асаналиев нарындыктардын маселеси чечилбесе, акция дагы уланарын айтты:

- Эмнеге ушул бааны өкмөт бекитип жатканда жаратылышы катаал Нарын жергеси эске алынган эмес. 2010-жылы митингге чыкканда ошол кездеги премьер-министр миң сомдук жеңилдикти чечип берген. Апрель революциясынын алдында Атамбаев келип, “Нарын элине светтин баасын көтөрүү күнөө” деп айткан. Эмне үчүн бүгүнкү күндө анын баарын унутуп калды, же бул саясий оюнбу? Силер биздин үнүбүздү бийликке жеткирип баргыла, болбосо биз 15-январда дагы митингге чыгабыз.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев митингге чыккандардан мамлекеттин абалына түшүнүү менен мамиле кылууну суранды:

- Электр энергиясын импорттон алып келип орточо баасы 2 сом 5 тыйын кылып бердик. 700 кВт саатка чейин ачык - айкын эсептедик. Жарыкты өчүрбөгөнгө аракет кылып жатабыз. Биз 700 кВт саат электр энергиясын өзүбүз камсыздай алабыз. Андан ашса гана импорттун эсебинен алабыз. Ноябрь айында Нарын облусунун эли орточо 546 кВт саат электр энергиясын колдонгон.

Бирок нааразы болгондор бул жүйөгө муюган жок. Алардын бири Төрөхан Жунусбеков энергетика министрине кайрылып, элди алдабай түз жооп берүүсүн талап кылды:

- Урматтуу министр мына Бакиевдин учурунда Атамбаев какшап айтып келген. Электрди 70 тыйындан сатсак, байып кетебиз деп. ГЭСтен 8 тыйындан эле чыгат. Ортодон жеке чөнтөктөргө кирип атат да. Мына Казакстандан 1 сом 60 тыйындан сатып келип элге 5 сом 60 тыйын деп жатасыңар, бул деген чыккынчылык саясат.

Жыйында Нарын шаарынын тургуну Бактыгул Исаев митинг болордон бир күн мурун аны УКМК кызматкерлери коркутканын айтты:

- Митинг деген бул сөзсүз түрдө ызы-чуу, согуш чыгаруу эмес да. Нарын элине 700 кВт деген аз, бери дегенде 2000 кВт болуш керек. Аны дагы 70 тыйындан беришсин. Анан кечээ күнү УКМКдан кишилер келишти “сен эртеңки митингди уюштургандардын бири экенсиң, чыкпай эле кой” деп, бул эмне деген шумдук? Мен эмне бирөөнү өлтүрдүмбү же өрттөдүмбү?

“Азаттык” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен байланышканда ал митингди он чакты эле адам уюштуруп жатканын билдирди. Кайыповдун айтымында, мунун артында элди көкүткөн күчтөр турушу ыктымал.

- Митингдердин артында саясий күчтөр бар экени байкалып турат. Болбосо жалпы эл энергетикалык кризисти түшүнүп турат. Албетте арасында кыйналгандар жок эмес. Бирок митингди он чакты эле адам уюштуруп жатат. Муну тиешелүү органдар текшериши керек.

Мындан бир-эки апта мурда Нарында катуу суук болгон. Мындан улам эл кыйналып, үйлөрү жылыбай жатканын айтышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 11-декабрдан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөй баштады. Муну өкмөт электр энергиясы Казакстандан сатылып алынып жаткандыгы менен негиздөөдө.

XS
SM
MD
LG