Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:40

Арай көз чарай

Кыргыз прессасы “ушакчы” деген жарлыктан арылабы?

“Кыргыз гезиттери коом алдындагы өз миссиясын туура өтөп жатабы, сөз эркиндиги менен жоопкерчилик айкашат деп ойлойсузбу?” – “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул темага арналды.

Текст көлөмү - +
Талкуунун катышуучулары: Эрнис Балбаков, «Фабула» гезитинин башкы редактору, Гүлбара Сыдыкова – Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору.

Талкуунун биринчи бөлүгү



«Азаттык»: Кыргыз гезиттеринде журналисттик этиканын сакталышы тууралуу конференция өттү. Анда бир катар сындар айтылды, атап айтканда, кыргыз басылмаларына бир канча жылдан бери илинип келаткан ушак таратуучулар деген жарлык кайталанды. Маселен, белгилүү медиа эксперт Александр Кулинский кыргыз гезиттери такталбаган маалыматтарды чыгарат, инсандардын керт башына асылат. Мисал иретинде өзүн бир канча жолу жөндөн жок эле еврей деп жазышканын айтты. Кулинскийден башка эксперттер да кыргыз гезиттери адамдарды ызалантат, жанын оорутат, алтурсун мазактайт дегендей пикирлерди билдиришти. Эрнис мырза, ушул ушак таратуу деген жарлыктан кутулуу мүмкүнбү? Ушул сындар канчалык жүйөлүү деп эсептейсиз?

​​Эрнис Балбаков: Александр Кулинский мырзанын айткандарына кошулчу да, кошулбачу дагы жагы бар. Кыргыз тилдүү ММКлар 2010-жылдын апрел окуясынан кийин өтө көп санда чыга баштады. “Беш кол тең эмес” дейт, анча-мынча гезиттердин ойдон чыгарып жазган ушактарын бүт кыргыз гезиттерине тийиштүү кылып айтканы туура эмес. Негизи эле орус тилдүү бейөкмөт уюмдар, медиа эксперттер кыргыз тилдүү басылмаларга көп жылдан бери эле сын тагып келишет. Бирок алар кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде, же таптакыр билбей туруп, кандай баа берип келишет? - мага такыр түшүнүксүз.

«Азаттык»: Конференцияда профессор Гүлбара Сыдыкова айым баяндама жасап, кыргыз гезиттеринин лингвистикалык жактан иликтөөсүн ортого салды. Дегеле ушул тажрыйбаны биринчи жолу Кыргызстанга алып келип жатканы колдоого аларлык иш. Кыргыз гезиттери ушакчы, адамдардын керт башына асылат, мазактайт деген сындарга негиз барбы?

Талкуунун экинчи бөлүгү




Гүлбара Сыдыкова: Кулинскийдин эксперттик тыянагы кыргыз журналистикасына гана эмес, орус журналистикасына да таандык деп айта алам. Бирок кыргыз журналистикасында көбүрөөк кездешет. Кээ бир журналисттер профессионалдык этиканы сактай албай, жеке инсандарга асылып жатышат. Такталбаган фактылар менен насыя күнөөлөр коюлуп калууда. Ошондуктан имиш деген атка конуп жатышат окшойт.

«Азаттык»: Сөз эркиндиги коңшу-колоңдорго караганда Кыргызстанда кудайга шүгүр бар деп айтылат. Айрыкча 7-апрелден кийин гезиттин баары эркиндикке кеңири ээ болду. Бирок ошол эркиндик менен журналисттик, же жарандык жоопкерчилик айкашпай жатат деген сындар айтылууда...


​​Сыдыкова: Эркиндик деп коюп, такыр эле тизгинди коё бергенге болбойт. Ар бир сөз үчүн журналист жооп бериш керек. Ошондуктан, аябай кылдаттык менен мамиле жасабаса, соттук иштерге кабылып калат. Биз ар бир гезитти иликтеп көрдүк, кабарчылар сөздүн маанисин түшүнбөйт, макал-лакаптарды туура эмес колдонуп, инсанды таарынтып алышат.

«Азаттык»: Кыргыз журналистикасында адептүүлүк, ыймандуулук дегендей сезим болуш керекпи?

Балбаков: Сезим болуш керек. Бирок моюнга алышыбыз керек, алар кээ бир учурларда сакталбай калууда. Эми “көч бара-бара түзөлөт” эмеспи, эркиндикке улай акырындап жоопкерчилик да кирет, коомчулук, окурмандарыбыз менен такташып, бир пикирге, тартипке келип алсак, кыргыз гезиттери да сапаттуу чыгып, сөзүн так айтат деп ойлойм.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Демирбек каяктан: Бишкек
16.02.2012 14:40
Урматтуу Эрнис Балбаков! Силердин гезит "Атамбаевдин камчысы" деген атка конгонун билесиңби? Ишенбесең өзүңдүн газетаңдын подщипкасын бир барактап көрчү, ошондо балким элдин көрөгөчтүгүн байкаарсың. Анан Силер кантип ушакчы бобой таза жүрө аласыңар? Журналисттер таза, адилет болушу керек эле, бирок "Фабула" гезити бул тазалыктан четте тургандай сезилет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.02.2012 11:34
Бугунку кундо ЖК депутаттары ушакчы, кэчээги президентике талапкерлер ушукчы , эркек соройлордук 90 % ушакчы, Кызкасы бул заман ушакчылардыкы .

кимден: манап каяктан: бишкектен
02.02.2012 12:57
чын эле бул маселе кийинки кезде гезиттер үчүн да, эл үчүн да өтө орчундуу болуп баратат. дагы көп нерселер айтылбай калыптыр. санын көбөйтүү үчүн эптеп эле бирдеме жаза коюп, гезит чыгара коюу бүгүнкү күндүн кадаимки көрүнүшү. аларды интеллигенция деле окубай калды, негизи базарда отургандар жана дептутаттар окуйт. ошон үчүн "чуулу" материал издеп таап, гезитинин рейтингин көтөрүүгө аракет кылуу күчөөдө. ичин айтпай эле коелу, көп гезит ушуга өттү. сөзү жарды - дымагы асманда. түш десең да түшпөйт, өзүлөрү эле окуп, өзүлөрү эле сыймыктанып жүрүшсө керек. мисалы, "учур" деген гезит бир убактагы "асаба", "агымдын" ордун басуу үчүн баарын эле "учуруп" жазып калды. ага чыккандардын баары эле "спам". кыскасы өзүлөрүнүн көрүн өзү казып жатышат. бир күнү жалпылап көмөбүз да.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2012 06:30
Гулбара Сыдыкованын соз байлыгы ото тар сыяктуу. Журналистика факультетинин профессору экенсиз, "деген" коп кошуп суйлойт экенсиз. Бул туура эмес го деп ойлойм.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)