Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:40

Дүйнө

Грузияда полиция реформасы кантип ишке ашты?

Грузин полициясынын өкүлү Шота Утиашвили "керемет реформа" кантип ишке ашканын "Азаттыкка" айтып берди.

Шота Утиашвили "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаевдин суроолоруна жооп берүүдө. Тбилиси, 28-апрель.
Текст көлөмү - +
Грузияда 2003-жылдагы революциядан кийин келген жаңы бийлик күч органдарында “керемет реформа” жасап салганы айтылып жүрөт. Азыркы грузин полициясы таптакыр пара албайт, айлыгы жогору жана эл арасында чоң кадыр баркка ээ. Алар мындай реформаны аз убакыттын ичинде кантип ишке ашырды? Мунун сырын ушул күндөрү Тбилисиде жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаев Грузин полициясынын маалымат-аналитикалык департаментинин башчысы Шота Утиашвилиден сурады.

- Шота мырза, Кыргызстанда бир катар жаш саясатчылар кыргыз милициясын Грузиядагыдай реформа кылууну бийлике сунуш кылып жатышат. Силер реформаны кантип жасадыңар, маңызын айтып бериңизчи?

- Реформанын негизги маңызы - Грузин полициясы коррупцияга каршы күрөшүш керек болчу. Эгерде полиция пара албаса, акыйкат иштесе анда уюшкан кылмыштуулукту, дегеле кылмыштуулукту жоюуга да болор эле. Биз муну түшүндүк.

Полициянын эң негизги милдети бул карапайым калкты тейлөө, ошон үчүн калк полициянын ишине нааразы болбошу керек. Соңку жети жыл ичинде Грузин полициясынын рейтингин карап көрсөңүз 80% адамдар полицияга ишенип калды, бизде полиция бар, алар бизди коргойт деген ишеним элде пайда болду.

Тбилисидеги полиция имараты.
- Мен Тбилисиге келип эле полиция иштеген имараттарга абдан таң калдым. Баары эле айнектен жасалыптыр, министр отурган имараты баш болуп. Эмне себептен имараттарды ушундай кылып курдуңар?

- Ачык-айкындуулук бул биздин негизги принцип. Полициянын милдети элди тейлөө болгондон кийин эл аларды көрүп билип турушу керек. Полициянын бөлмөсүндө кимдер отурат, алар кантип иштеп жатышат баары ачык айнектен көрүнүп турушу керек. Ачыктык - бул элдин полицияга болгон ишенимин кайтарат. Элдин ишеними биз үчүн абдан маанилүү. Ошон үчүн полициянын бардык имаратын айнектен куруп чыктык.

- Революцияга чейин милиция болуп иштегендердин баарын кызматтан бошотуп салдыңар, азыр алар кайда болду экен, же баары жумушсуз калыштыбы?
 Криминал ар дайым чабал аймакты издейт, милициясы пара алган, бийлик криминал менен алака-катыш кылса боло турган өлкөлөрдө криминал доор сүрөт. 

- Мурда Грузияда 80 миң милиция болгон, азыр болсо 26 миң гана полиция бар. Кызматтан бошогондор бизнеске кетишти, көпчүлүгү жумушсуз калышты, кээлери жаңы кесипке өтүштү. Бирок бизде башка жол болгон эмес. Элден пара алып, баңгизат сатып алектенген милициянын бизге эмне кереги бар, андан көрө алардын жумушсуз калганы жакшы.

- Грузин бийлиги милицияны реформа кылгандан кийин криминалды өлкөдөн таптакыр кууп чыккан деп айтылат. Кыргыз бийликтери да азыр криминал менен күрөшүп жатабыз дешүүдө. Силер криминалдан кантип арылдыңар?

- Анын жолу жөнөкөй эле. Полиция иштеген мамлекетте криминал деген болбошу керек. Грузияда полиция реформасы ийгиликтүү ишке ашып, полиция пара албай калганда криминал да дароо түшүндү, алар Грузиядан качып чыгып кетишти. Криминал ар дайым чабал аймакты издейт, милициясы пара алган, бийлик криминал менен алака-катыш кылса боло турган өлкөлөрдө криминал доор сүрөт. Биз аларга катуу күрөш жарыялагандан кийин аз убакыттын ичинде Грузиядан качып чыгып кетишти. Азыр көпчүлүгү Москвада дешет.

- Азыр Грузин полициясынын айлыгы канча?

- Мурда болжол менен айына 40 АКШ долларын алчу экен. МАИ кызматкерлери болсо мамлекеттен айлык күтпөй эле коррупция менен жашап калышкан. Азыр полиция болуп ишке киргендер 400 АКШ долларын алышат, тажрыйбасы көбөйгөндө 2 миң АКШ долларына чейин маяна болот.
 Ийгиликтүү реформа жасаш үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек. Бул техникалык маселе эмес, саясий маселе.

- Мен Тбилисинен көчөлөрүнөн бир дагы МАИ кызматкерин көргөн жокмун. Грузияда жол коопсуздугу кандайча камсыздалат?

- Билесизби мурда бизде МАИ кызматында 16 миң кызматкер иштеген. Сиз кызыгып сурап жаткан полиция реформасын биз дал ушул МАИ кызматкерлеринен баштадык. Алгач 16 мин кызматкердин баарын жумуштан бошотуп, 2 миң МАИ кызматкерин алдык. МАИ кызматкерлерин жумуштан бошотуп жатып айттык, "жигиттер, эми мындан ары мындай коррупция менен жашоого болбойт" дедик. Андан кийин 2 миң полиция МАИнин милдетин аткарып баштады, элестетип көрүңүз мурдагыдан 7 эсе аз кызматкер калды.

Грузин полициясы мына ушундай айнек кеңседе иштейт.
Аларга жаңы имидж түздүк, айлыгын бир топ жогору коюп бердик. Аларды кызматка алганда компьютерлештирилген ыкма менен сыноодон өткөрүп, андан соң үч жума полиция академиясында окутуп, анан көчөгө чыгардык.

Жаңы машина, жаңы каражаттар, жаңы форма менен чыгышты, пара алууга катуу тыюу салдык. Алгач эле пара алгандары да болду, бирок аларды катуу жазага тарттык, кийинкилери такыр пара албай калды. Азыр сиз көчөдөгү карапайым адамдардан сурамжылоо кылсаңыз деле полиция пара алат деген сөздү укпайсыз.

- Коррупция азыр бардык кыргызстандыктардын жүрөгүн өйүгөн чоң көйгөй. Айтыңызчы, биз коррупцияны кантип жойсок болот? Сизди азыр балким Кыргызстандын ички иштер министри жана башка аткаминерлер окуп калышы мүмкүн?
 Эң негизги нерсе - азыр Грузин полициясы өзүнүн жумушу менен сыймыктана алат. Алар пара албайт, эл алдында жүзү жарык.

- Ийгиликтүү реформа жасаш үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек. Бул техникалык маселе эмес, саясий маселе. Эгерде бийликтегилердин реформа жасайбыз деген каалоосу болсо, милиция эле эмес бардык тармакта жасаш керек. Эгерде комплекстүү реформа жасабаса бир тармакты реформа кылабыз деген идеясы ишке ашпайт. Биринчиден - саясий эрк, экинчиден, реформаны тез аранын ичинде ишке ашырыш керек. Реформа кылабыз деп популисттик сөздөрдү айта берсе эл ишенбей калат, аны иш жүзүндө ашырыш керек. Ошондо эл бийликтин реформа жасаганын көзү менен көрүп, ишеним артат, үмүт пайда болот.

- Реформа жасаш үчүн акча керекпи? Силер акчаны кайдан таптыңар?

- Мен сиздин пикириңизге макул эмесмин. Мисалы биздеги МАИ кызматын реформалоону айтайын, мурда 16 миң адам иштесе азыр 2 миң кызматкер иштейт. Бул деген акчаны үнөмдөө жана жаңы каражаттарды сатып алуу дегенди билдирет. Албетте биздин кызматкерлер деле мурда азыраак акчага иштеп турушту, андан соң айлыкты көтөрүп бердик, алардын ишинин акыбети кайтты. Эң негизги нерсе - азыр Грузин полициясы өзүнүн жумушу менен сыймыктана алат. Алар пара албайт, эл алдында жүзү жарык. Ошон үчүн азыр көпчүлүк грузин жаштары чоңойгондо полиция болууну кыялданып калышты.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: шер каяктан: россия
02.05.2011 15:43
Биздин атка минерлер бирбиринин аркасын чукугандан башка эч нерсени билишпейт.Андан коро ушуга окшогон маныз чыгат турган реформаларды жасашса болмок.

кимден: Insan
02.05.2011 13:24
Эл пара бербеш керек деп атабыз, бирок кантип пара бейбет? Себеби биздин чиновниктер пара берсен иш кылат, ошого конуп калган. Биринчиден, олкобуздо катуу жоопко тартуу (конфискация имущества) жана катуу жаза (5-10 жылга турмого отургузу) кылуу мыйзамы жок. Эл жана мамкызматкерлер корко турган мыйзам керек!!! Ошол мыйзамдардын иштеп кетишине Президент, парламент жана окмот бийлиги чындап кызыктар болуп, катуу козомолго алыш керек. Экинчиден, айлык майананы которуш керек, Грузиядагыдай кылып, кызматкерлердин санын азайтып, мисалы, 50дон 15-20 калтырып, ошолорго берки кеткендердин эсебинен айлыгын которуш керек. Ушундай таасирлуу реформалар болмойунча, олкобуздо онугуу болбойт!

кимден: kg каяктан: Nookat
01.05.2011 19:05
korruptsiaga karshy kuroshuudo eldin da rolu chong. para berboo kerek! kerek bolso rossiadagy kyrgyzdar militsiaga ozdoru para berip kondurgonun aytyshat keede.


кимден: Гордый кыргыз каяктан: Кыргызстан
01.05.2011 17:59
Булар орустар менен согушкандан кийин оздоруно ото катуу кам коро башташты, орустар менен калын мамиле учурунда булардын да заманы итикиндей болчу бизге окшоп. Мен айтайын дегеним, биздин мамлекет биринчи иретте "кругду" озгортуу керек, б.а. маданияты жогору мамлекеттер менен карым-катнашты кучойтуу керек, мисалы, Турция, Германия, Швеция, ОАЭ ж.б. Алардан ушул сфера боюнча биздин бийлик биринчи бир топ сабак алган сон, бутундой орган структураларын реформалоо керек, себеби. бул мамлекеттерде таптакыр коррупция деген нерсе жок, мисалы, Швецияда эгер адашып акча берип кор сени сразу алып барып камап салат, бул деген маданияттуулук, элдин ишеними алар учун биринчи орунда экени. Орустардан грузиндер алыстаган сон булар Европа мамлекеттери менен ото тыгыз мамиле тузгонго тушту ошол учурда, ошонун пайдасын азыр эми коруп жатат, а орустардачы, атам замандагы эски цивилизация менен жашап жатат, система ошол эле, коррупция деген тушунук бизге ошолордон синген. Саясий эркти жаратуу учун биринчи албетте, кругун алмашуу керек, антпесе, жанындагы досунду коруп жаман жака баса бересин. А биз орустарга жанашып алганбыз, тим койсо туугандашып, ата-тегибиз орустар дегенден да кайтпай турган жолго баратат биздин бийлик! Кайра аларды озубузго коп тартпашабыз керек, себеби, ушунча жылдан бери алар менен дипломатиялык катнаштан эч бир пайда чыкпай жатат! Турция менен катташа баштаганыбыз эн туура, ушуну окуп, угуп ото кубандым! Себеби, турктор да убагында Европа мамлекеттери менен катнашты кучоткон сон онугуп баштаган. Айтаар элем, биринчи биздин бийлике жана элибизге маданияттуулук керек, ыйманыбыз жок болсо баары бир тыйын! Экинчиден, Утиашвили айткандай, саясий эрк менен кучтуу реформа керек, а эл бул учурда бийликти колдоп, жардам беруу керек! Учунчудон, реформа болгон сон ошону катуу козомолдоп, ошону менен бирге мамлекетте коррупцияга каршы катуу закондорду киргизуу керек! Жетишээр эми, бийлик элди алдап, а эл болсо митинге чыгып, ити-мышык болуп журбой, мамлекетти тузой турган маал бизге келди, ушунусунду тузой албасак дуйного шерменде болобуз! Кайжерге барба, кыргызмын дегенден уялып калбай турган бололу! Кыргыз "Улуу" экенин дуйного далилдешибиз керек!
Пикирге жооп

кимден: Sovetbek Kachkynbaev каяктан: Tokyo, Japan 
02.05.2011 15:29
Baardyq pikirlerdin ichinen sizdin pikiringiz maga eng jakshy!
Problem di tereng analizdegen daanyshman ekendiginiz bilinip turat!

Sizdei insandar KG de baary chogulup reformaga kuchun jumshash kerek!

Eger maqul bolsonguz - facebook arqyluu dos boluuga sizdi chaqyram:

Kachkynbaev Sovetbek

PS: Azattyqqa yraazychylyq!

кимден: gulmira каяктан: moskva
01.05.2011 16:43
ooi bilbeim,jashtar oz kolubuzga albasak, para alyp kongon bizdin elge oto kyiyn bolso kerek.

кимден: рамис каяктан: Бишкек
01.05.2011 14:33
Жанар,ушул реформаны сен бийликтен талап кылчы, Мен да Бишкекте Грузиндердей полиция болушуна тилекмин.

кимден: Мекенчил
01.05.2011 13:56
Мени коптон бери кыйнап жургон суроомо тоолук жооп алдым. Бул реалдуу, ишке аша турган жоопту копчулук Кыргызстандыктар деле ойлоп журушот деп ишенем. Менин суроом кантип олкобуздо чыныгы реформа жасаш керек? деген эле.

Шота Утиашвили мырзанын жообу ото так жооп:

"Ийгиликтүү реформа жасаш үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек. Бул техникалык маселе эмес, саясий маселе. Эгерде бийликтегилердин реформа жасайбыз деген каалоосу болсо, милиция эле эмес БАРДЫК ТАРМАКТА жасаш керек. Эгерде КОМПЛЕКСТУУ РЕФОРМА жасабаса бир тармакты реформа кылабыз деген идеясы ишке ашпайт. Биринчиден - саясий эрк, экинчиден, реформаны тез аранын ичинде ишке ашырыш керек. Реформа кылабыз деп ПОПУЛИСТИК СОЗДОРДУ айта берсе эл ишенбей калат, аны иш жүзүндө ашырыш керек. Ошондо эл бийликтин реформа жасаганын көзү менен көрүп, ишеним артат, үмүт пайда болот".
Менин ойумча азыркы кыргыз бийлигинин колунан келбейт, жана алар олкобуздо реформа жасай турган бийлик эмес. Бул бийликтин копчулугу мурдакы бийликтин коррупционерлери, алар реформа кылууга кызыктар эмес, алар дагы деле кантип ичип-жесем, кантип пара алсам деген мансапкорлор. Олкобуздо ЧЫНЫГЫ РЕФОРМА жасап, аны ишке ашырыш учун эрки кучту, таза жана мекенчил адамдар бийликке келиш керек.

кимден: Эрулан каяктан: Кыргызстан
01.05.2011 12:05
Кучтуу, туруктуу бийлик керек.

кимден: Эдик каяктан: Жалал-Абад
01.05.2011 09:17
Реформаны Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Келдибеков, Ташиев, Торобаев, Бекназаров, Каптагаев,Дуйшобаев,Салянова ж.б дагы 10 чакты чиновниктерден баштаса туура болот эле. Ошолор реформага пример болсо коррупция, криминал жок болот. Ошолордун болушуна ушул аталган адамдар түз тиешеси бар.

кимден: Болот каяктан: Бишкек
01.05.2011 09:11
Бизде "Балык башынан сасыйт "- деген макал бар. Ошондуктан реформаны башчылардан башташ керек. Себеби башчылар ар-күнү эле пара сурай- берсе байкуш аткаруучу ал параны кайдан алат, айла жок параны элден алат да.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)