жума, июль 25, 2014 Бишкек убакыты: 05:00

Эркиндик / Ыңкылап. Реформа

Каптагаев: 7-ноябрь идеологиялык маанисин жоготту

Кыргызстан - Улуу Октябрь социалисттик революциясын майрамдаган постсоветтик бирден бир өлкө. 7-ноябрды иш күн эмес деп жарыялап, календарга кызыл белги коюунун бүгүнкү маани-маңызын "Азаттык" президенттин кеңешчиси Эмил Каптагаевден сурады.

"Азаттыктын" архивинен: 22-апрель, 2010-жыл, Бишкек
"Азаттыктын" архивинен: 22-апрель, 2010-жыл, Бишкек
Каптагаев: Баарыбыз билебиз, Совет доорунда 7-ноябрь идеологиялык улуу майрам болчу. Анткени Улуу Октябрь революциясы дал ушул 7-ноябрда болуп, социалисттик доор орногон. 

Азыр идеологиялык жактан бул майрамдын маани-мазмуну жок. Анткени коммунисттик идеология банкрот болду, социалисттик лагерь кулады, Советтер Союзу ыдырады. Ушундай шартта бул майрамдын маани-маңызы жок. Бир аз жыл мурда коммунисттер партиясынын фракциясы да бар болчу. “Ак жол” партиясы баарын бир добуштан өткөрүп турган убакта оппозициялык фракциянын да сунушу өтүп жатат деген мааниде өткөрүп коюшкан.

x
Октябрь революциясын бул майрамга байлабай алсак, 1917-жылкы февралдагы буржуазиялык жана октябрь революциясы Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш учур болгон. Ошол эки революция болбосо кыргыз эли, мамлекети сакталып калары оор болмок. Анткени 1916-жылдагы кыргын саясатынан кийин кыргыз элинин сакталып калышы мүмкүн эмес болчу. Бүгүн Кыргызстан, кыргыз эли деген түшүнүк болмок эмес. Бул жагынан алганда революциялардын мааниси бар.

Андан кийинки социалисттик доор да кыргыз эилинин калыптанышына, өнүгүшүнө чоң өбөлгө түздү. Маданиятыбыз, сабатыбыз, илимибиз өстү. Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөп алып, ошонун негизинде 91-жылы эгемендикке жетиштик. Бул тарыхый мааниси жагынан...

"Азаттык": Сиз айткандай ошол советтик доордун Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон ошол учурларын эске алып, майрам күн деп белгилөөгө муктаждыр. Мисалы, Орусияда тилектештик күн деп белгиленет экен.

x
Каптагаев: Эми Орусияда Ельциндин убагында советтик доордон кете албай, атын өзгөртүп, майрам катары сактап калды да. Биз үчүн 7-ноябрды бардык башка эл аралык күндөр сыяктуу эле Октябрь революциясынын күнү деген сыяктуу эле сактап, лекциялар, талкуулар аркылуу гана болгон таасирин, маанисин ачып көрсөтүп турушубуз керек. Бирок мамлекеттик майрам катары кармап туруунун эч зарылдыгы жок.

"Азаттык": Кыргызстан уникалдуу өлкө деп көп айтылат. 7-ноябрь ошонун бир көрүнүшү сыяктуу да. Мисалы, бул күнү укук коргоочулар репрессия курмандыктарын эскерип атышса, коммунисттер Лениндин эстелигине гүл коюп атышат. Сизге кандай таасир калтырды?

Каптагаев: Эми укук коргоочулар ошол Октябрь революциясы күнүнө альтернатива катары атайын акция катары уюштуруп атышат. Коом чынында бир беткей өнүкпөйт экен да. Мисалы, социалисттик доор кыргыз элинин улут катары, мамлекет катары калыптанышына кандай шарт түзсө, ошол эле мезгилде 20-30-жылдары кыргыз улутунан чыккан эң чыгаан уул-кыздары түрмөгө түшүп, атылып, жок болуп кетпедиби.
 
x
Бул коомдун ошол кездеги татаал өнүгүшү, карама-каршылыгы. Ошонун кесепетинен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков өндүү жүздөгөн эр-азаматтарыбыз атылып кетти да. Биз муну да эскеришибиз керек. Бирок, ошол эле мезгилде кыргыз элинин маданияты социалисттик доор аркылуу дүйнөлүк маданияттын эң чокусуна чыккыдай өнүктү. Ошон үчүн советтик доорду бир беткей жакшы же жаман деп айтууга болбойт.

"Азаттык": 7-ноябрь кызыл менен белгиленбесе да медиа каражаттарынын, журналисттердин күнү катары көбүрөөк таасирдүү болуп жаткан жокпу? Же мен журналист болгон үчүн ушундай сезип атамбы?

Каптагаев: Жок, бул жагы туура. Кечээтен берки куттуктоолордо деле, прессада деле, эл ичинде деле Улуу Октябрь революциясынын күнү менен деп куттуктагандар жок. Бул күндүн, менимче, журналистика күнү катары мааниси көбүрөөк.

Бурулкан Сарыгулова

"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: касым
09.11.2012 18:06
жалганчы ,кункарама журналисттердин майрамын ким майрамдасын дароо озунорду кымтыйсынарда кайсы келесоо силердин майрамынарды кубанып тосот озунорго окшогон сабаты жок патхалимдер эле болбосо

кимден: Ахунбай Кошой каяктан: Бишкек
09.11.2012 09:28
Маани-мазмунун жоготту-дейт Каптагаев.Силердин убактылуу өкмөтүңөр жыл айланбай маани-мазмунун жоготкон жокпу жолдош Каптагаев?7-ноябрь жана Октябрь революциясы бул өзүнчө эле бир -эпоха.Коомдун өнүгүшүндөгү бир этап,аны танууга болбойт."Өткөнгө сен жолдош Каптагаев,тапанча менен атсаң,сени келечек замбирек менен атат дегенди кулагың чалган жери барбы?Бул жерде акылдуусынып айткандарыңдан манчыркап бой көтөрүп сүйлөөдөн башка эч нерсе байкалбайт.Мындай учурда гректер айтчы экен."Бороду та вижу,но философа не вижу -деп.Анын сыңарында айрым бир жалтырак баш профессорлорго окшойсуз,бирок акылыңыз окшошпойт ко...Андан көрө,өзүңүз иштеп кеткен ажылардын айлына эмнеге балаңызды да алып бардыңыз,ошону айтсаңыз.Анчалык деле динге катуу ишенген үй бүлөгө деле окшобойсуздар.Кашайгырдыкы мунуңуз баягы эле кара курсактын айы го дешти баары.Сиз кандайча түшүндүрө аласыз муну?Же теософия,теологияга кызыгуубу ,же ажылык визадан түшкөн "ажырымдын" айынанбы?
Жоругуңуз жолдо эле калсын "Ажылыктан "ажырым" алуудан ашкан акмакчылык болбосун аңдай албаган адамдын президентке кеңешчи болууга же башкаларга акыл үйрөтүүгө акысы барбы ?Билбейт деп уурулук кылба,укпайт деп ушак айтпа -дейт кыргыз же бул кыргыздын макалынын "тиешеси жокпу"?....

кимден: Кочмон каяктан: кылымдар
09.11.2012 08:34
Аттуу-баштуу, илимий даражасы бар, болгондо да президенттин кеңешчиси минтип кесе айтканы албетте талкууга түшөт, 7-ноябрдын оош-кыйыш жактары бар, идеологиялык маанисин жоготтубу жокпу али чекит коюуга болбойт! Революцияда муундан муунга топтоп, сактап келгендердин байлыгын күчтөп элдик байлык делсе, жакынкы эле менчиктештирүүдө элдик деп узак жылдар калыптанган экономикабызды бүлүнтүп, ишканаларды текейден арзан баада сатып алып, ордун базарга айлантып жаңы байлар пайда болду, алар өндүрүштү эле эмес бийликтин бардык түрүн да менчиктештирип коюшту! Азыркы шайлоо да муну ырастоодо, кимдер депутатыкка баратат? Ар түрдүү партияда тигинисинен, мунусунан бирден кошуп, тизме түзүп, ал тургай мэрлери да, айыл өкмөтү да тандалган. Ошондогу идеология менен азыркы идеологиянын айырмасы, окшоштуктары да бар. Кантсе да кылым көчүндө Кыргыз көчүн улап келген нарк-насилибиз, даанышмандык, ички толгоосун күүгө салган өнөрүбүз, өнөр алды кызыл тил, балдай таттуу тилибиз, уюткулуу журтубуз бар, негизги идеологиябыз маанисин жоготпой, кыңк этпей эрдин тиштеп, турмуш түйшүгүн жеңип, тукум улап жашап келген- улуулугуз бар!!! Идеология керек учурда колдонуучу курал. Эң башкысы бар болгула, журтумдун жакшылары, элди, жерди сактагыла!

кимден: Бурганак каяктан: монгулор
08.11.2012 10:59
Тарых деген тарых, жаманын да жакшысын да эч ким өзгөртө албайт, заманга жараша анын мааниси ар кандай баасын ала берет, гүлзарда жашаган жылан уу топтосо, аары бал жыйнайт, кайсы кырдаал болсо да Адам деген улуулукту сактап калуу өтө кыйын! Көпчүлүктү, мени да ойго салганы ошол репрессия жылдарында эмне үчүн кошуна өлкөлөргө караганда бизде журт каймактары көп жок кылынды? Азыркыдай эле мансапка умтулуу, байлыкка умтулуу акылдуу, мээнети менен байыгандарды жок кылууга түртпөдүбү, бул чиеленген маселе. Репрессия жылдарында Өзбекстанда жүрүп аман калган Раззаковду өзүбүз эле кандай тагдырга кабылттык? 7-ноябрь майрам болобу жокпу ал негизги деле маселе эмес, азыр жумушсуздук, бекер өткөн бир күн майрам катары өтө берет, 7-ноябрдын мааниси, жакшылыгы, жамандыгы узак жылдарга талкуулана берет...Балким 7-ноябрдын белгилениши көбүнчө бизге революция керекпи, болсо кандай, эмне максатта деген суроолорду такташ үчүн, эскертүү үчүн, ойлонуу үчүн керек окшойт. революция оюнчук эмес!
Пикирге жооп

кимден: Бурганакка каяктан: Таза Суудан
08.11.2012 17:13
Кошуна өлкөлөргө караганда бизде журт каймактары көп жок кылынышына өзүбүз эле күнөөлүбүз. Эмне, Сталин ар бирин тизмелеп чыкты дейсиңерби? Бир-бирибизди көрө албайбыз, сатабыз, айгак болобуз, ак жеринен күнөөлөгөнгө машпыз. Ошолордун көбү бир-бирине айгак болушкан. Көрсөтмө беришкен. Анан баш кесерлер жогору жакка мактанышкан, "биз баланча миң эл душманынын бетин ачтык" деп. Ельцин деле "ар бириң каалаганча суверенитет аласың" деди эле, канча деген кавказдыктар кырылып калды. Деги саясатчылар бирнемени "балп" эткизгендин алдында алды-артын ойлонуп койсо жакшы болор эле. Баары эле мистик болуп кетишти. Адегенде Лениндин алып салышты, анан "аял киши түндүк көтөрбөйт" деген жок сөздү таап, тынчтык тилеген "ЭНЕнин" эстелигин алып салышты. Ишибиз оңолот деп, Манастын (эми анын кебетеси жөнүндө кеп башка) орнотушту, ага карабай, акыл-эси бар эле адамдар, темир коргондон шымын айыртып, секирип кирип жатышат. Биздин каныбыз ошондой, эч кимди, эч нерсени көрө албайбыз. Азыр барып, айылдагы бир жөнөкөй кишиге айтып көргүлөчү, "баланча (каалаган кишиңерди айта бергиле) жакшы киши экен" деп. Ошол замат аны сөгүп кирет. Тааныйбы-тааныбайбы - бир тыйын. Мына ушундай калкпыз тууганым Бурганак.
Пикирге жооп

кимден: Таза Сууга каяктан: Кошойдон
08.11.2012 18:46
Ошол озубузду озубуз сокконго жеткирген адаттардан айрылбайлыбы? Жергиликтуу бийликти ынтымактуу турдо туура уйуштуруп албайлыбы?
Анан озубузду озубуз жамандаган адат бизде кыргызда барбы?
Бар болсо да аз болсо керек! Ал нерсе баардык калкта бар. Кыргыздыкы коп эмес!

кимден: Карабек каяктан: Бишкек
08.11.2012 10:55
Эмил 7 ноябрь кыргыз элинин сактклып калышына чон салым кошкон деп озун айтып жатасын. Бирок бул кунду майрам эмес дегенин кандай. Менимче эгер Октябрь революциясы болбосо бугунку Кыргызстан болмок эмес, жарымыбыз озбекте, жарымыбыз казакта кул болуп журмокпуз. Лениен менен Сталиндин улуттук саясатынын натыйжасы бугунку биздин эгемендуулугубуз. Ошондукутан менимче 31 августу майрамдабай 7 ноябрды майрамдасак туура болот, 31 августа биз эгемендуулукту женип алган жокпуз, ал кун бизге асмандан тушту, эч кимдин улушу жок. 7 ноябрдын аркасында озун айткандай билимдин, илимдин, маданияттын, адабияттын туу чокусуна жеттик, копчулук мамлекеттерден бул сапаттар боюнча алдыда турабыз. Ошон учун Октябрь революциясына акаарат келтирбесек жакшы болот эле. Келгиле андан коро социализм идеяларын туу тутуп мамлекетибизди накта тенчиликке алып келели, жеп иичкендерди, коррупционерлерди жок кылалы (аталы), жетим балдарды багып алалы, улуттар арасында карама каршылыктарды болтурбайлы, ондурушту алдыга чыгаралы!

кимден: Максат каяктан: Бишкек
08.11.2012 09:12
Улуу Октябрь Революциясы эч качан Кыргызстан үчүн жана кыргыздар үчүн маанисин жоготпойт.Ал эми Каптагаевге окшогондор үчүн жоготушу мүмкүн.Эмне үчүн Атамбаев бул кишини кеңешчи кылып алды мага түшүнүксүз.

кимден: Кошой каяктан: РФ
07.11.2012 21:31
7-Ноябрь кантип маанисин жоготсун!
Дагы айтат СССР банкрот болгон деп. СССРдин соогун азыркыга чейин талашып мулжуп жеп атасынар го?
Же Акаев,Бакиев,Отунбаева,Атамбаев айтоор баарынар, бир жаны нерсе жараттынарбы? Жок! Ошол социализм курган Ак Уйду талашып жеп отурасын да намазы тетири!
Пикирге жооп

кимден: Муса каяктан: ош
08.11.2012 16:31
адам куруп кеткенсип Каптагаевтен дагы сурайсынарбы

Онлайн шерине