Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Аскер кампасындагы уурулуктун уу-дуусу


Аскер формалары Кыргызстандын базараларында ээн-эркин эле сатылат.
Аскер формалары Кыргызстандын базараларында ээн-эркин эле сатылат.

Коргоо министрлигинин кампасынан уурдалган 14 миллион 800 миң сомдук аскердик товар боюнча соттук териштирүүлөр эки жылга созулду.

Уурдалган буюмдардын арасында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун атайын даярдыктагы КСОР отряды үчүн тигилип, гуманитардык жардам катары кыргыз армиясына берилген элүү даана аскер формасы да бар. Бул аралыкта негизги айыпкер катары башкы кампачы гана камакка алынып, калган жогорку аскер адамдары жоопкерчиликтен сырткары калган.

Коргоо министрлигинин кампасындагы жетишпестик боюнча 2013-жылы 5-декабрда кылмыш иши козголуп, бул боюнча Канттагы аскер бөлүгүнүн командири Орозбай Мадумаровго, башкы кампачы Данияр Жумабек уулуна жана анын жардамчысы Максат Саптаяковго айып коюлган. Бирок кийин Бишкек гарнизондук аскер соту Мадумаровго коюлган негизги айыпты алып салып, жаза мөөнөтүн дайындаган эмес.

Уурдоого катышы бар деген шек менен башында кармалган аскер кызматчысы Максат Саптаяков болсо үч жылга шарттуу түрдө гана кесилген.

Кампачы жалгыз камакта калганда...

Ошол эле кезде башкы кампачы Данияр Жумабек уулу гана 6 жылга соттолуп, абакта калтырылган. Бирок анын жакындары уурдоо фактысын 2013-жылы ноябрь айында башкы кампачы өзү көтөрүп чыкканын белгилешүүдө.

Камактагы Данияр Жумабек уулунун тууганы Урмат Беккелдиев бул иш боюнча кампачынын өзү камакка алынган жагдайды мындайча айтып берди:

- Бул маселеде аскер жетекчилеринин коррупциялык схемаларынын түйүнү мына ошол жерде жатат. Кампачы жооптуу деп туруп, жоголгондун бардыгына моюнуна иле берет. Ал жактан болсо өздөрүнүн дайындаган адамдары аркылуу кампадан уурдап чыгып, саттыра беришет. Алар кылмышы тастыкталса дагы камалбай боштондукка чыга берет экен. Анын бир мисалы - башкы кампачынын жардамчысы Саптаяковдун иши. Бул иш ачылып калгандан кийин дагы аскер бөлүгүнүн командири аны ачыкка чыгартпай бир ай кармап туруп алган экен. Андан кийин эле бардыгы бурмалана баштаган. Саптаяков башында моюнуна алып, төлөй турган болуп баратып эле, кайра баягы ички териштирүүдөгү жагдайлардын бардыгы жокко чыгарылып жатпайбы. Анда командир, штаб башчысы жана министрдин орун басарына чейин барышып, ишти тынч жол менен жайгарып, уурдалган буюмдарды ордуна коёт деген аракеттер кийин тергөөдө айтылган жок. Анан дагы бул ишти ачтырып, кампада жетишпестик бар экенин айтып чыккан Жумабек уулу азыр өзү кайра жоопкерчиликке кириптер болду. Анын баштапкы көрсөтмөлөрү, жетекчиликке жана укук коргоо органдарына жөнөткөн маалыматтары эске алынбады.

Канттагы аскер базасына барган кыргыз жана орус парламенттеринин төрагалары Асылбек Жээнбеков жана Сергей Нарышкин. 8-октябрь, 2013-жыл
Канттагы аскер базасына барган кыргыз жана орус парламенттеринин төрагалары Асылбек Жээнбеков жана Сергей Нарышкин. 8-октябрь, 2013-жыл

Тергөөнүн жүрүшүндө 3 миллион сомдон ашуун уурдалган аскердик кийим-кече ордуна коюлган. Учурда калыбына келтириле элек мына ошол мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 11 миллион сомго барабар. Уурдалган аскер товарларынын көпчүлүгү буюм түрүндө калыбына келтирилген. Алардын арасында аскердик кийим-кече, жоокердин өздүк жана чарбалык буюмдары бар. Бирок уурдалган буюмдардын айрымдарын башка жактан сатып алып, ордуна койгонго мүмкүн эмес. Анткени аскердик кампадан жоголгон буюмдардын арасында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун атайын даярдыктагы отряды үчүн буюртма менен тигилип, Орусиядан жардамга келген аскер кийиминин 50 комплектиси дагы бар. Анын ар бири тергөөдө 129 миң сомдон бааланган.

Айыпкердин биринин адвокаты Жамила Мурзакматова жоголгон буюмдардын баасы боюнча маселени көтөрүп, андан улам бул ишке Коргоо министрлигиндеги жогорку аскер адамдарынын дагы катышы бар экенин айтты:

- Мына ошол гуманитардык жардамдын документтери жок. Аны эми Орусия мындай эле берип койбогон болсо керек. Жүктү өткөрүп алуу актысы жок. Аскер кийимдеринин баасы боюнча дагы ача пикирлер арбын. Бир эле байпактын баасы 800 сом деп көрсөтүлүптүр. Анан КСОРдун комплектиси болсо 129 миң сом. Казакстанда болсо анын баасы кыргыз сомуна 35 миң сом экен. Коргоо министрлиги аскер бөлүгүнүн жетекчилиги менен бирге бааларды атайын ашыкча көрсөтүшкөн. Анткени мына ошол гумжардамдын арасында тамак-аш сыяктуу башка жүк дагы келип, бирок ал кийин жок болуп кеткен. Мына ошонун ордун толукташ үчүн калган кийимдердин баасы жогору көрсөтүлгөн. Коргоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш иши негизсиз жерден эле кыскарып кетип жатат.

Аскер жетекчилери жоопкерчиликтен кутулганда...

Учурда бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү экинчи инстанциядагы аскер сотунда улантылууда. Уурулук фактысы боюнча башында Максат Саптаяков кармалып, анын Ош базарындагы алып-сатарлар менен байланышы тергөөдө аныкталган. Мына ошондуктан ал 800 миң сомго чукул уурдалган буюмдун ордун толуктаган.

Бирок тергөөдө жана биринчи соттук инстанцияда башкы кампачынын жардамчысы Максат Саптаяков айыбын жарым-жартылай моюнга алып, бирок бул иште башкы кампачы Данияр Жумабек уулуна каршы көрсөтмө берген. Анын адвокаты Жаныбек Нарынкулов кампачыларды ортого салып коюп, артында калган аскер жетекчилери тууралуу мына буларга токтолду:

- Бул жерде жазылбаган жагдай түшүнүктүү да. Аскер жетекчилери чалып, “тигил жакка экини, бул жакка үчтү берип кой” деп командирге, командир болсо кампачыларга оозеки буйрук берип турган. Ошентип аскер формалары тиякка-биякка кетип калган. Биринчи инстанциядагы соттук териштирүүдө Данияр Жумабек уулу мына ушул суроолорго жооп бере алган жок. Анткени ошол аскер формаларынын каякка жана качан берилгени боюнча документалдык далилдери болуш керек эле. Бул жерде өзү эң негизги айыпкер - ошол аскер бөлүгүнүн командири. Ал мурдагы сот өкүмү боюнча эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок десек болот. Командир Мадумаров менен менен штаб башчысы Асанбеков ошол кампадагы материалдык жоопкерчиликтеги кызмат адамдары болгонуна карабастан жоопкерчиликтен сырткары калышкан.

Канттагы орусиялык аскер базасы
Канттагы орусиялык аскер базасы

Ошол эле кезде ооруктагы аталган аскер бөлүгүнүн командири Орозбай Мадумаров ага карата айтылган дооматтар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аталган аскер бөлүгүнүн мурдагы штаб башчысы Билим Асанбеков күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылды.

Айыпталып жаткан эки кампачынын адвокаттары анын ошол кездеги штаб башчысы катары жоопкерчилиги тергөөдө каралбай калганы боюнча маселе көтөрдү. Бирок сотко төрагалык кылуучу анын негизги ишке тиешеси жок деген жүйө менен алардын суроо талабын четке какты. Учурда башкы штабда улук офицерлик кызматка которулган подполковник Билим Асанбеков кампаны көзөмөлдөөгө анын эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи:

- Буюмдардын кампадан уурдалганын биз ал кезде билген эмеспиз да. Алар эртең менен аскер бөлүгүнө келет, анан андан ары кампасына кетет. Мен алардын артынан жүрө албайм. Менин милдетим – өздүк курамды каттоого алуу. Кампадагы буюм-тайымдардын бүтүндүгүн көзөмөлдөө менин милдетиме кирбейт. Анан кампаны кайтарууну күчөтүү боюнча маселени жетекчиликтин алдына койгон эмесмин. Ал кампаны жарандык адамдар кайтарышат. Эгерде аскер адамдары кайтара турган болсо, аларга көп акча төлөнүш керек.

Ошол эле кезде учурда темир тор артында отурган жалгыз айыпкер Данияр Жумабек уулу сотко күбө катары чакыртылган Асанбековго карата өзүнүн суроолорун берди. Данияр Жумабек уулу кылмыш иши ачылганга чейинки өздөрүнүн ортосундагы ички териштирүүлөр боюнча жагдайды ачыктоого кызыгып, күбөнүн берген тиешелүү жообун укту:

- Ошондо командир Саптаяков экөөбүздү сапка чыгарганда “кампадан жетишпестиктер чыгып жатат, бири уурдап, бири карай албай жатат” деген маселе айтылганы эсиңиздеби? Саптаяков ошол жерде Жумабек уулу сатып келүүгө жөнөткөн деген сөз болгон эмес эле да. Ошону айтып берсеңиз. Анан командир баш болуп бул ишти териштире баштаганда Саптаяков уурдап чыкканын моюнуна албады беле. Ошол эсиңиздеби. Анан командир кантип алып чыктың эле дегенде күндүзү эле машине менен ташып чыккамын дебеди беле.

Тергөө ишинин “кара темгилдери”

Мындан сырткары соттук териштирүү учурунда кылмыш ишинин начар тергелгени жана иликтөө иштеринин жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнү белгиленди. Анткени айыпкерлердин жактоочулары тарабынан мына ошол уурдалган буюмдарды далил зат катары табуу жана аларды сатуу жолдорунун схемасы так аныкталбаганы боюнча маселени көтөрүштү. Ошол эле кезде аскер кампасындагы миллиондогон сомдук буюм-тайымдардын уурдалганы боюнча Коргоо министрлигинин жетекчи курамындагылардан эч кимиси жоопко тартылбаганы белгиленди.

Ош базардагы аскер кийимдерин саткан жай
Ош базардагы аскер кийимдерин саткан жай

Башында тергөө министрликтин жооптуу кызматкерлерине карата шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, бирок кийин ал өндүрүштөн кыскартылган. Бул ишти башында тергеген аскер прокуратурасынын ага тергөөчүсү Темир Козуев ага карата коюлган дооматтар боюнча мына буларга токтолду:

- Мен ар тараптуу, толук, акыйкат жана калыс тергөө жүргүзгөмүн. Башымды кесип алам десе дагы мен ошону айтам. Менин жүргүзгөн тергөө ишим боюнча кесиптик көз караштан алганда эч доомат койо албайт. Башында мен Саптаяковду кармагамын. Аны камакка алып ,анан гана Жумабек уулуна өткөмүн. Анан эми азыр Саптаяковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү бул соттун иши. Ага мен кийлигише албайм. Мына ошол экөө материалдык жопокерчиликте болгон. Экөөнүн уурулукка катышы болгону күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча жана телефондук байланыштардардын көчүрмөсү менен аныкталган. Анан Ош базарындагы алып сатарлардын Кантка канча ирет келип кеткени базалык станциядан алынган каттамдардын жүрүшү боюнча иште далилденген. Анан бул иш боюнча шалаакылык кылганы жана кылмышты жашырганы боюнча командирге дагы айыбы угузулган болчу. Анан эми Коргоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринен мен кылмыштын курамын көргөн жокмун.

Эки жылдан бери табылбаган далил заты

Барынан кызыгы соттук териштирүү учурунда башталды. Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү бул кылмыш ишинин алкагында эки жылдан бери таппай жүргөн далил заттар сот залына алынып келинди. Сот залында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун атайын отряды үчүн тигилген аскер кийиминин бир комплектиси турду. Негизги далил затты соттолуучу Данияр Жумабек уулунун адвокаты кошумча күбө катары сунуштаган Эрнис Сооронбаев алып келди. Сооронбаев бул аскер кийимдердин атайын комлпектисин мындан эки жыл илгери кандайча сатып алганын айтып, сотто көрсөтмө берди:

- Мен Бишкектеги авторынокто атайын РЭОдо начальник болуп иштечүмүн. Менин колумда иштеген Альберт деген жигит күйөө баласы аскердик форма сатып жатканын айтты. Анан ал “мергенчиликке жакшы кийим экен” деп алып келип көргөзгөн. Анан формаларды комплектиси менен машинага салып алып келип, ошол жерде иштеген кызматкерлер жалпысынан жыйырмага чукул комплектини сатып алганбыз. Мен өзүм эле төрттү сатып алдым. Атама, бир туугандарыма жана досума деп. Анын ар бирин жыйырма миң сомдон алганбыз.

Мына ушундан улам сотто башкы айыпкер катары камакта отурган башкы кампачы Данияр Жумабек уулунун адвокаты Мурзакматова тергөө органдары бул ишти атайылап аягына чейин иликтебей, чыныгы кылмышкерлерди таба алган эмес деп жүйө келтирди. Бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү бүгүн, 19-июнда улантуу белгиленген.

XS
SM
MD
LG