Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Төрөтканадагы өлүмдөн тутанган нааразылык


Анара Дауталиева.
Анара Дауталиева.

Кыргызстанда жыл башынан бери 45 аял төрөттөн каза болду. Коомчулук муну дарыгерлердин шалаакылыгы катары сыпатташууда. Ал арада бул абалга тынчсызданып, эл аралык уюмдар да коңгуроо кага баштады.

Бишкекте төрөттөн каза болгон сиңдисинин өлүмү үчүн эч ким жоопко тартылбай жатканына кейиген Анара Дауталиева 6-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына пикетке чыкты. Ал медициналык мекемелердеги тейлөө тезинен реформаланышы керек деген талапты коюуда.

- Төрөтканада каза болгон энелердин өлүмүнө акыры кимдир бирөө жооп береби? Менин сиңдим жок, аны кайра тирилтип ала албайм, бирок бул пикетке чыкканымдын максаты - Кыргызстанда мындай окуялар болбосун, тийиштүү адамдар жазасын алып, өз ишине жоопкерчилиги күчөсүн деп жатам.

Министрлик окуя иликтенип бүткөндө гана бир чечим кабыл алынат деген пикирди билдирд.

Анара Дауталиеванын сиңдиси Света быйыл 9-июнда төрөттөн каза болгон. Боюндагысы он жети апта болуп калганда ден соолугу начарлап, 2-июнда ал Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барган.

Эжесинин айтуусунда, дарыгерлер ар түрдүү шылтоо менен беш күнгө чейин кабыл алышкан эмес. Бул аралыкта Светадан суу кетип, абалы оорлошкон. Ошондо гана төрөткана аны кабыл алып, тилекке каршы эки күндөн кийин жаны үзүлгөн. Дарыгерлер баланы да, энени да сактап кала алган эмес.

- Сиңдимдин жашагысы келген эле. Өзүн жана боюндагысын сактап калуу үчүн жан үрөдү. Бирок дарыгерлер кайдыгерлик кылып койду. Ал кыз күтүп жаткан. Курсагындагысы кыз эле. Догдурлар улам эле дарыга жөнөтүшөт. Дарылары кымбат. Колдон келишинче бардык дарыны таптык. Бирок сиңдим жашап кетпеди. Бул үчүн дарыгерлер бир да жолу кечирим сураган жок. Басып да келишпеди. Үч ай күттүм. Акыры министрге кат жазып, иликтөөгө алууну сурандым. Комиссия түзүшкөнү менен бир да дарыгерге эскертүү берген жок, же бирөөнү жумуштан албады.

Анара Дауталиева төрөтканадан сиңдисинин өлүмү тууралуу берилген тастыктамада кош бойлуу экени белгиленбей, мээ шишигинен улам өлгөнү жазылганына түшүнбөй жатканын айтып, муну дарыгерлердин күнөөнү жашыруу амалы катары сыпаттоодо.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылып, бирок комментарий ала алган жокпуз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекова окуя кызматтык иликтөөгө алынганын билдирди:

Айгүл Бообекова.
Айгүл Бообекова.

- Азыр атайын комиссия иликтөө жүргүзүп жатат. Комиссия курамында квалификациясы жогору адистер, Медакадемиянын Акушерлик жана гинекология кафедрасынын кызматкерлери бар. Иликтөө аягына чыгып калды. Келерки жумада энелер өлүмүн азайтууга арналган жыйын өткөргөнү турабыз. Бул окуя ошол жыйындын алкагында талкууланат.

Кыргызстанда жыл сайын энелер өлүмү көбөйүп жатканын айтып, жакында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да тынчсыздануусун билдирген эле. Быйыл Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева да бул көйгөйдү парламентте көтөрүп, медицина тармагы реформага муктаж болуп турганын айткан.

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы 85 аял төрөт учурунда көз жумган. Быйыл 8 айда 45 келин дүйнө менен кош айтышты. Дарыгерлер 2015-жылдын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу 28% аз деп сүйүнгөнү менен коомчулук арасында тармак реформаланышы керек деп сындагандар арбын. Ошол эле учурда кош бойлуу аялдар ден соолугуна кам көрбөйт, аягында догдурларды күнөөлөп чыгышат деп, медицина кызматкерлери да даттанышат.

Анара Дауталиева сыяктуу жарандык активисттер болсо тейлөө кызматынын баалары карапайым калктын чөнтөгүнө чак келбестигине, ак халатчандардын эл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү солгун экенине жан кейитишет:

- Сиңдим бул дүйнөгө кайра келбейт. Башкаларга жардам берейин деп жатам. Шалаакылык кылган дарыгерлер жазаланса, башкалары коркуп, өз ишине жоопкер болот беле деген үмүтүм бар. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барсаңар эки УЗИ аппараты турат. Кайсынысы мамлекеттик, кайсынысы жеке экени белгисиз. Экөө тең акча алат. Төрөтканаларда шприцтен башка эч нерсе жок... Кээ бир төрөтканаларда 1000 долларга чейин төлөсөң жатасың.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери каттоого алынган энелердин өлүмү боюнча төрөтканаларда иштеген төрт кызматкер иштен алынып, дагы төртөө эскертүү алды.

Төрөттөн өлгөн келиндин эжесинин талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

XS
SM
MD
LG