Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Өкмөт: үйдү милдеттүү камсыздандыруу зарыл


2 17-18-ноябрь күнкү жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл округунун Чайчы айылында болгон.
2 17-18-ноябрь күнкү жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл округунун Чайчы айылында болгон.

Өкмөт Кыргызстанда турак жайды милдетүү түрдө камсыздандырууну 2016-жылдан тарта киргизерин айтууда. Бул багытта мыйзам долбоору парламентте быйыл жайында эле кабыл алынса да, ал иштей элек болчу.

17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу, Алай районунун бир катар айылдарында күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаладан адамдар жабыр тарткан жок. Бирок андан Ош облусу боюнча жүздөгөн үйлөр зыян тарткан. Өкмөт ушундан кийин турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылдыгын айтып чыкты.

Чайчы айылынын тургуну, 39 жаштагы Алтынай Аманованын жер титирөөнүн кесепетинен үйү жарактан чыккан. Төрт баланын энеси эми бир канча күндөн бери айылдаштары менен чатырда жашаганга аргасыз.

- Жүктөрүмдү эки айыл ары жакта жайгашкан ата-энемдин үйүнө жиберип жатам. Алардын турак жайы жакшы эле экен. Үйүбүзгө такыр кирип жашай албайбыз. Жүктөрдү алып чыгып жатып, басып калабы деп корктук. Жакын арада контейнерлерди жиберебиз деп жатышат. Үй салууга эми жазында киришебиз.

Он күн мурунку жер силкинүү Алтынай сыяктуу жүздөгөн үй-бүлөнү тамсыз калтырган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарактан чыккан үйлөрдүн саны 400 чукул экенин кабарлаган. Үй-бүлөлөргө мамлекеттен 200 миң сом бөлүнүп баштаганы менен, бул сумма үйдү толук калыбына келтирүүгө жетпеси анык.

Жогорудагы кырсык июнь айында кабыл алынган жарандардын турак жайларын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдын ишке киришин тездетти окшойт. Парламент жыйынында камсыздандырууну менчик компаниялар эмес, мамлекеттик ишкана жүргүзөрүн айткан премьер-министр Темир Сариев бул программа 2016-жылдын 1-январынан тарта иштей баштарын убада кылууда.

- Учурда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүп жатабыз. Ал 2016-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Мындан кийин табигый кырсык болсо, өрт чыкса компания чыгымды төлөп берет. Бул дүйнөлүк практика, аны биз ойлоп тапкан жокпуз. Азыр 500гө жакын үйдү калыбына келтирүү керек. Аларга мыйзам боюнча 200 миң сомдон гана бере алабыз. Өкмөт курулуш материалдарын арзандатып берүү жолдорун карайт.

Мыйзамды сунуштаган өкмөткө караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалымдашынча, камсыздандыруу үчүн жылына болжол менен айыл жериндеги үйлөр үчүн 2,5 миң сом, шаардагы турак жай үчүн 3,5 миң сом төлөнөт. Ошондо өрт чалуу, жер титирөө, суу ташкыны жана башка табигат кырсыктары болгон учурда үй-ээси зыяндын өлчөмүнө жана үйдүн баасына карап, орто эсеп менен 10 миң АКШ долларын камсыздандыруу компаниясынан ала алат.

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлү Бурул Калматова мыйзамдын иштөө жол-жобосу мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлгөндөн тарта белгилүү болоорун айтты:

- Мыйзамдын жол-жобосун, нормаларын камтыган иш-кагаздар иштелип чыгып атат. Ага ылайык, ар бир үй-ээси милдетүү түрдө турак жайын камсыздандырууга тийиш. Бул тууралуу мамлекеттик ишкана түзүлгөндөн кийин гана кенен маалыматты айтууга болот.

Кээ бир адистер жогорудагы мыйзам мамлекеттик бюджеттеги акчаны үнөмдөө үчүн кабыл алынып жатканын айтышууда. Анткени бюджети жакыр Кыргызстан үчүн 17-ноябрда Ош облусунда болгон зилзала сыяктуу табигат кырсыктары оор түйшүк алып келүүдө.

Экономист Эрлан Камалов муну киргизүү үчүн адегенде калк арасында маалыматтык кампания жүрүшү керек деген ойдо:

- Камсыздандыруу мыйзамын ишке киргизүүдөн мурда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ыктыярдуу түрдө өтпөгөн элди, милдеттүү түрдө мажбурлоо кыйын болот.

Кыргызстанда жыйырмага жетпеген камсыздандыруу ишканалары бар, аларда ыктыярдуу түрдө турак жайын, же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырган адамдар саналуу. Ушул тапта турак жайды камсыздандыруу багытындагы мыйзам коңшу Казакстан жана Орусияда каралып жатса, ал эми батыш өлкөлөрүндө бир топ жылдан бери иштеп келатат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG