Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Өкмөт “Мейкин Азияга” каражат таба албады


"Мейкин Азия" фестивалынын логотиби.
"Мейкин Азия" фестивалынын логотиби.

Кыргыз өкмөтү уюштуруп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык ыр фестивалы башталышына бир жума калганда токтотулду.

Быйылкы ыр-сынак 16-20 -июль күндөрү Чолпон-Атада өтөрү кабарланган. Фестивалды токтотууга каржылык жетишпөөчүлүк себеп болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун башкы директору Рыскул Боронбаев билдирди.

“Азаттык”: Эл аралык фестиваль башталышына бир жума калганда күтүүсүздөн токтотулду. Себептерин айтып берсеңиз.

Боронбаев: Бул фестиваль 20 жылдан ашуун убакыттан бери өткөрүлөт. Мурда “Кадыр түн” деп аталып жүргөн. Өткөн жылы “Мейкин Азия” деп ат коюп, чыгынып эл аралык деңгээлде өткөргөнгө аракет кылдык. Ага 17 мамлекеттен ырчылар катышкан.

Быйыл да аны ылайыктуу өткөрүү үчүн жыл башынан бери жакшы эле даярданып келатканбыз. Бирок демөөрчүлөрдү табуу кыйын болду. Бюджетте да акча тартыш болуп калды. Каражаттын көбү жакында эле өткөн “Көчмөндөр оюну” иш-чарасына жумшалып кетти. Айла жок, фестивалга бир жума калганда токтотууга мажбур болдук.

“Азаттык”: “Мейкин Азия-2014” былтыркыдан да сонун болору тууралуу тынбай жарыялап жаттыңыздар эле. Бир жума калганда минтип “болбой калды” деп ийин куушуруу өкмөттүн, аны уюштуруп жаткан сиздердин жоопкерчиликсиз экениңерди көрсөткөндөй болуп жатат.

Боронбаев: Өкүнүчтүү. Аны мойнубузга алабыз. Каражат аз болуп, жетишпөөчүлүктөр менен баштап алсак, дагы уят болмокпуз. Демөөрчүлөр убада берген эле, бирок минтип аягына келгенде баш тартып коюшту.

“Азаттык”: Эл аралык сынак болгондон кийин ага башка өлкөлөрдөн катышууну каалаган ырчылар даярданып жаткан болчу да. Аларга эмне деп жооп бердиңиздер?

Боронбаев: Уят эле болдук. Абалды түшүндүрдүк, кечирим сурадык... Негизи, бул фестивалды жыл сайын өткөрүү кыйын иш экен. Ошондуктан, мындан ары эки жылда бир жолу уюштурууну чечтик.

Өткөн жылы 8 миллион сомго жакын акча менен өткөргөнбүз. Мындай иш-чараларга жүз миллиондогон акча керек. “Көчмөндөр оюнуна” 120 миллион сом коротулбадыбы.

“Азаттык”: Баары каражатка такалып атса, 2015-жылы фестивалды өткөрүүгө кепилдик барбы?

Боронбаев: Эмки жылы сөзсүз болот. Фестивалды эки жылда бир өткөрүү боюнча өкмөт жакында жобону бекитип берет. “Мейкин Азия” өнөр таймашын күтүп жаткан бардык замандаштардан кечирим сурайбыз.

P.S.: Өткөн айда "Мейкин Азия" популярдуу музыка фестивалынын быйылкы катышуучуларын тандоо башталган. Ага ондон ашуун мамлекеттен ырчылар келиши керек болчу.

Өнөр таймашы биринчи жолу былтыр өткөрүлүп, анда баш байгени казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов утуп алган. Өткөн жылы Армения, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Орусия сыяктуу 17 мамлекеттен таланттар катышкан.

XS
SM
MD
LG