Окуюн десем китеп жок...
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы мектептердеги китеп көйгөйүнө арналды. Окуу китептери тартыш, бирок колдо бар китептин сапаты кандай?
Жарыяланган учуру: 21.10.2011
Талкууга “Таза табигат” коомдук бирикмесинин жетекчиси
Анара Дауталиева, Билим берүү министринин орун басары
Гүлжигит Сооронкулов жана Билим берүү министрлигинин алдындагы Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси
Анарбек Эдилбеков катышты.