Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Шайлоочунун тизмесин тактоо машакаты


Жалал-Абадда шайлоочулар тизмеси так чыкпай, башаламандыктар жаралууда. Мындай маалымат "Таза шайлоо" ассоциациясынын шаардык жыйынында айтылды.

Аймактарда буга чейин тизмелер такталганына карабастан, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кайра эле эски тизме келип, ал участкалык кызматкерлерди түйшүккө салып жатканы белгиленди. Бул жосун кайталана берсе, күзгү парламенттик шайлоо көп нааразылыктарды жаратышы мүмкүн экендиги эскертилди.

Аймактардагы шайлоо участкаларында шайлоочулардын алдын-ала такталган тизмеси илине баштады. Андан биометрикалык маалыматын тапшырган гана жарандарды табууга болот. Жалал-Абад шаарындагы шайлоо участкасынын төрайымы Дилбар Бекназарова такталган тизмеде кайрадан эле катачылыктарга жол берилип жатканын ырастады:

- Биз эки ай мурун эле тизме тактоо боюнча иш жүргүзүп, беш жыл мурда көчүп кеткендерди жана каза болгондорду тизмеден чыгарып жазып бергенбиз. Бирок аймактык шайлоо комиссияга кечээ келген тизмеде кайра эле эски тизме келиптир. Каза болгондор жана көчүп кеткендер чыкпай калган. Биз эми көчүп кеткендерди кайдан издеп тапмак элек. Ага ким жооп берет жана алар кайсыл жерден шайлоого катышат, белгисиз. Аларга шайлоого чакыруу кагазын жазып койгонбуз, бирок дареги жок жеткирип бере албай атабыз. Мындан сырткары шаардын аты эле жазылып, дареги жок шайлоочулар да чыгып жатат.

Шаарда 25 шайлоо участкасы жайгашкан, 30 миң 830 шайлоочунун тизмеси БШК тарабынан берилди. Бирок азыр дареги жок жана каза болгон атуулдардын маалыматтары да жаңыланган тизмеге кирип калган. Аймактарда эми участкалык кызматкерлер Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте 20-сентябрга чейин тизме боюнча иш алып барып, каттоодо жок жарандарды арыздын негизинде тизмеге киргизерин аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Дамир Жүндүбаев ырастады:

- Азыр Базар-Коргон жана Арстанбапта жашаган тургундардын тизмеси бизге келип кошулуп калыптыр деп жатышат. Аны, албетте, кайрадан тактоо керек. Ошол себептен ушундай кемчиликтерди жоюу максатында үч күн мурда чакыруу баракчаларын баштадык. Биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок тизмеден чыкпай калган жарандарды азыр каттоо жүрүп жатат. Азыр алардын арыздарын кабыл алып, аймактык шайлоо комиссияларына системалык администраторлорго алып келип автоматтык түрдө ошол эле жерден киргизип койсо болот. Эки күндүн ичинде арыз жазган адамга тизмеге кайсыл жерден киргендиги боюнча кошумча билдирүү бериш керек.

Жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү 19-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар добуш берүүгө катышуу укугунан ажыратылат. Ошондуктан шайлоочулар ID кард жана жалпы жарандык паспорту менен анда жазылган дарек боюнча гана добуш берүүгө катышат. Бул жагдай "Таза шайлоо" ассоциациясы өткөргөн 27-августтагы талкуу учурунда талаш маселени жаратты.

- Биометрикалык маалымат тапшырып жатып паспорттогу маалыматтар боюнча БШК тизме даярдап жөнөттү. Паспортту 10 жылда бир өзгөртүш керектигин эске алганда башка жакка көчүп же турмушка чыккандар кандай болот?

Суроого жооп берген адистердин айтымында, эми ошол паспорттогу даректи өзгөртүш үчүн жарандар 20-сентябрга чейин өздөрүнүн жашаган жериндеги шайлоо участкаларына барып кайрылып, добуш берүү жайын аныктап алса болот. Ал үчүн арыз жазып кайрылыш керек.

Буга чейинки шайлоолордон айырмаланып, 4-октябрда өтүүчү добуш берүү өнөктүгү автоматташтырылган эсептөө системасында жүргүзүлөт. Бул жолу мөөнөтүнөн мурда добуш берүү алынып салынып, бирок бир күн мурда, 3-октябрда оорукчандар үчүн көчмө шайлоо жүргүзүлөт. Ал үчүн үйүндө жаткан бейтаптар же башка жарандар аймактык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө арыз менен кайрылуулары тийиш. Талкуу учурунда Жалал-Абад шаарында эң көп маселе башаламан түзүлгөн тизмеде болуп жатканын "Таза шайлоо" ассоциациясынын өкүлү, Жарандык коомду коргоо борборунун координатору Чынар Жусупова белгиледи.

- Азыркы шайлоого киргизилген өзгөртүүлөр мурункудан айырмаланып учурда шайлоочулардын жоопкерчилигин арттырып жатат. Ошондой эле азыр тизмени тактоо жана идентификациялоо ишин Мамлекеттик каттоо кызматы жүргүзөт. Ал эми БШК участкалардын чек арасын аныктап, шайлоону өткөрөт жана анын жыйынтыгын чыгарат. Биздин негизги максат шайлоо алдында маалымат берүү компанияларын уюштуруу. Буга чейин ушундай тегерек столду өткөргөнбүз, анда мынчалык тизме боюнча маселе көтөрүлгөн эмес. Жалал-Абадда чындыгында шайлоочулардын тизмеси боюнча башаламандык бар экендиги айтылып жатат. Биз бул кемчиликтерди жазып алып каттоо кызматы менен БШКга жеткирип беребиз. Булар тизме боюнча толук тактоо жүргөн жок деп айтып жатышат. Алдыда 15 күн бар ошол убак ичинде балким толук акыркы тактоо болушу мүмкүн.

Октябрь айынын төртүндө өтүүчү Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 14 партия катышат. Добуш берүү өнөктүгү эртең мененки саат 8ден кечки 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматы тизменин толукталган түрүн 20-сентябрга чейин аймактардан чогултуп, 10 күн калганда БШКга жөнөтүүгө тийиш. Ал эми шайлоо участкаларына такталган акыркы тизме октябрь айынын башынан тартып бериле баштайт.

XS
SM
MD
LG