Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Мектептеги рэкет: күнөөкөрлөр изделүүдө


Жалал-Абаддын тоолуу Кызыл-Үңкүр айылында 11-класстын окуучулары 10-класстын бир окуучусун өлтүрүп коюшту.

Кызыл-Үңкүр айылындагы Садык Ташиев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары өздөрүнөн бир жыл кийин окугандарды 11-сентябрь түнү ээн жерге чакырышкан. Мектепти кийинки жылы бүтүрүүчү уландардын ур-тепкисинен 10- класста окуган 15 жаштагы Кубаныч уулу Кененбай көз жумганын директордун орун басары Кошунбү Ормонова жана башкалар айтып беришти.

"Азаттыктын" кабарчысы 13-сентябрда айылга барганда ал балдардын бардыгы сурак бергени Жалал-Абадга кеткени маалымдалды. Мектепте рэкетчилик менен бейбаштыкты болтурбоо үчүн участкалык милиция жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкеринин катышуусунда атайын жыйындар өтүп, тарбиялык сааттарда адеп, жүрүм-турум, окуучулардын өз ара мамилеси тууралуу сөз болгон экен. Кошунбү Ормонова 10-класстын окуучуларынын сөздөрүнө таянуу менен буларды билдирди:

- 11-класстын балдарын бирөө уруп кеткенден кийин жоош балдарды катардан чыгып тургула дептир. Алар саптан чыккандан кийин калган балдарды катарынан ура башташыптыр. Төрт бала уруп өткөндөн кийин ошо баланын эси ооп калыптыр. Анан урган балдар качып кетишкен экен. "Биз доктурга алып келдик", - деп 10-класстын балдары айтып атат. Эмне үчүн урганын түшүндүрүшкөн эмес. "Бизге салам айткыла, биз келатканда жакшы салам айтпайсыңар” деген эле шылтоосу бар экен. Мындай болуп кеткенине айран-таң болуп атабыз. 45 мүнөт сабактын көбү тарбия менен өтөт да. Мугалимдер күнү-түнү эле балдардын жанында жүрө албайт. Алардын ата-энелери бар.

Уулунун кайда кеткенин Нуркан Кенжекулова да ошол түнү билген эмес. Ал токтоо мүнөз, жоош баласынын мурда бирөөгө өйдө карап сүйлөгөнүн уккан эмес экен. Күйүт тарткан эне перзентинин өлүмүн анын башка уландардын коркутканын жашыргандыгынан жана 11-класстын балдарынын чоң муштумдугунан көрүүдө. Ал баласынын жүрөк кан-тамыры үзүлүп өлгөнүн кечээ бешим ченде телефон аркылуу дарыгерлерден угуптур:

- Коргошунду колуна бинт менен ороп алып, ошону менен урушкан, тебишкен. Врачтар айтышты, кан тамыры үзүлүп кетиптир. Баламды эки бала эки жагынан кармап, эки бала уруптур. 11-класстын балдары буларга салык салыптыр. "Ушунча акча таап келесиңер" деп жанын койбойт экен. Муну балам атасына, же бир жолу мага айткан эмес. Бизге айтса, алар менен сүйлөшөт элек. Классташ балдарынан эми угуп атабыз. Тизип алып урушуптур. Акча бербегени үчүн баламды урушкан.

Балдардын өз ара мушташы Кызыл-Үңкүрдө жаңылык эмес. Былтыркы ал окуя район менен облуска убагында кабарланбай, айыл аймагынан ары чыкпай, жабылып калган. Муну сөөгү кечээ жерге коюлган баланын атасы Кубаныч Түркменов айтты. "Эгер өткөн жылкы окуяга тиешелүү балдар жазасын алганда биз чүрпөбүздөн ажырабайт элек", - дейт ал:

- Былтыр жаз айлары болчу. 1994-жылы төрөлгөн балдар менен 1995-жылкы балдар жыгач иштетүүчү цехтин тушунда мушташкан. Жабыркаган балдар болгон. Участкалык милициядан кагаз алам деп барып, ошого күбө болгом. Мен кирип отурганда ошол балдарды сурап атышкан. "Муну жакшыраак сурагыла" деп коюп, мен чыгып кеттим.

Мугалим Жамила Акматова 11-класстагы уулун жаңжалга тиешеси жок деп эсептейт. Анын баласы кайда барса, уруксат сурап кетчү экен. Бирок бул түнү дайынын айтпай кетиптир. Ал каргашаны ата-энелер менен мектептеги тарбиянын тайкылыгынан көрүүдө:

- Менин балам ошол окуяга катышкан деген шек менен азыр сурак берип жатат. Өзү сабакты жакшы окуйт. Ал мушташты уюштургандардын арасында болгон эмес, урган да эмес. Мага бир ооз айтпай кеткени болуп атат да. Түнкү саат он-он бирлерде жок болуп калды. Анан келет деп, оюмда жамандык жок отура бердим. Сурасам, классташтары “эмнеге келбейсиң? Сен баланчасыңбы, түкүнчөсүңбү?" деп, намысына тиет экен. “Анан барбай койомбу, апа” деп атпайбы, балам. Тарбия үйдөн башталат. Балдарды үйдө катуу кармашыбыз керек. Азыр балдар көчөгө чыгып кетип жатышат.

Бир эле Кызыл-Үңкүр эмес, балдардын жаатташып мушташуусу бөлөк айылдарда да тымызын болуп атканын, ата-энелер балдарын кечинде көзөмөлдөбөй калганын бир нече кыштактарда жашаган адамдардан сураштырып билдик.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG