Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Футбол: Кыргызстан Иордания менен тең чыкты


Иордания менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 3-сентябрь, 2015-ж. Амман шаары.
Иордания менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 3-сентябрь, 2015-ж. Амман шаары.

​3-сентябрда Иорданиянын Амман шаарында футбол боюнча Кыргызстан менен Иордания курамалары беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Таймаш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.

Бул оюндан кийин кыргыз курамасы эсебиндеги 4 упай менен үчүнчү орунга жайгашууда.

Оюн Иорданиянын борбору Амман шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат ондо башталды. Бул беттеште кыргыз футболчулары топко арбын ээлик кылып, бир нече жолу атаандаш дарбазасына кооптуу соккуларды узаткан. Тилекке каршы, иордан дарбазачысы Амера Шафи өз дарбазасын тосууга үлгүрүп, командасын утулуудан сактап калды.

Оюндун 58-мүнөтүндө талаа ээлери кыргыз тараптын дарбазасына бир ирет топту киргизип кетишкен. Бирок, мелдеш калысы бул учурду офсайд абалында болгон деп белгилегендиктен эсеп ачылган жок.

Оюндан кийин болгон маалымат жыйынында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин шакирттери бул оюнда жеңишке жетүүгө жакын болгонун, мүмкүнчүлүктөрдүн пайдаланылбай калганына кейигенин жашырбайт.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин (сүрөттө ортодо). 3-сентябрь, 2015-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин (сүрөттө ортодо). 3-сентябрь, 2015-ж.

- Иордания курама командасы мыкты жана квалификациялуу атаандаш. Ошону менен бирге бул оюнда биз жеңишке жетүүгө жакын болдук. Бир нече гол киргизүүгө оңтойлуу учурлар болгону менен, тилекке каршы, аны пайдала албай калдык. Чабуулдардын ийгиликтүү ишке ашпай калды. Иордан дарбазачысы мыкты оюн көрсөтүп, бир нече кооптуу учурду сактап кала алды.

Бул оюн Кыргызстандын аймагында телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн жок. Айрым күйөрмандар гана интернет аркылуу ютуб каналдарынан түз учурунда көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Интернеттен онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктор үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясы расмий сайтында онлайн баяндама уюштурду. Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы Кыргызстандын аймагында оюндун түз алып көрсөтүлбөй калышын Иордания тарап трансляция үчүн көп суммадагы каражатты талап кылгандыктан, оюнду көрсөтүү укугун сатып ала албай калышкандыгы менен түшүндүрдү.

Иордания менен болгон оюндан кийин Кыргызстан эсебиндеги 4 упай менен “В” тайпасында үчүнчү орунга жайгашууда. Буга чейин кыргыз футболчулары конокто ойноп Бангладеш курамасын 3:1 эсебинде утуп, өз жеринде австралиялык футболчуларга 2:1 эсебинде жеңилишкен.

Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек шаары.
Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек шаары.

​​Ал эми Иордания турнирдик таблицада 4 упай менен бир тепкич ылдыйлап экинчи сапты ээлеп турат. Биринчи беттешинде иордандар тажикстандыктардын талаасында конокто ойноп 3:1 эсебинде утушка ээ болушкан.

Бул тайпада көч башын Австралия курамасы жетектейт. Алар 3-сентябрда экинчи беттешин өз жеринде өткөрүп Бангладеш оюнчуларын 5:0 эсеби менен жеңип, 6 упай топтоп лидерликти колго алышты.

Иорданиянын арабасы ылайдан өтө элек...

Ардагер футболчу, Оштун "Алай" жана Фрунзенин "Алга" клубдарынын мурдагы оюнчусу, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Меклис Кошалиев кыргыз футболчулары турнирдик таблицадагы учурдагы ээлеген ордун жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин айтты.

- Иордания менен болгон оюнда футболчуларыбыз топко көбүрөөк ээлик кылып, атаандаштын шаштысын кетирип кооптуу кырдаалды арбын эле жаратышыптыр. Бирок ошондой артыкчылыкка ээ болуп туруп тең чыгып, 2 упайдан кур калганыбыз капалантпай койбойт. Ошондой болсо да кыргыз футболчулары тайпада 2-орунду ээлеп, кийинки айлампага чыгууга талбай аракет жасашы керек. Иордания учурда 2 эле оюн ойноду. Алар Австралия менен беттеше элек. Аталган командалардын оюнунан кийин турнирдик таблицада абал өзгөрүшү ыктымал. Ага кошумча биздин футболчуларыбыз алдыда боло турган оюндарда үйдө да, конокто да жеңишке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшашы зарыл. Тандоо мелдештеринин экинчи айлампасында үйдө 3, конокто 2 оюнубуз бар. Тайпанын лидерлери биринчи орун менен кийинки айлампага чыккандан кийин экинчи катардагы командалардын мыктылары да алардын соңунан экинчи айлампасында ойноого жолдомо алат. Ал учурда ар бир гол, ар бир упай мааниге ээ. Ошол мүмкүнчүлүктү пайдалануу керек.

Эми Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 8-октябрда Тажикстандын, 13-октябрда Бангладештин курамаларын Бишкекте кабыл алат. 12-ноябрда Австралияда конокто ойношсо, 17-ноябрда Бишкекте иорданиялыктар менен беттешет. 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин экинчи айлампасында акыркы оюнду кыргыз футболчулары 29-мартта Тажикстанда конокто өткөрүшөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG