Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:01

Саясат

Июнь калабасы кайрадан талкууда

Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларынын кесепеттерин жойуудагы жана күнөөлүүлөрдү кармап жазалоодогу аткаруу бийлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 13-июну.
Текст көлөмү - +
Депутаттар 7-апрелдеги кан төгүүнү жана июндагы этникалык кагылышууну уюштургандарды өлкөдөн качырууга көмөктөшкөндөрдүн иши иликтенбей калгандыгын сындап чыгышты. Аткаруу бийлигинин жетекчилери муну тиешелүү жагдайлар тоскоол болуп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.


Кылмыш иштеринин көбү ачыла элек


Депутаттардын көпчүлүгү өзгөчө июнь коогалаңы боюнча козголгон кылмыш иштеринин ачылбай жаткандыгына көңүл бурду. Адам өлтүрүү, зордуктоо, карактоо, бирөөнүн мүлкүн өрттөп талкалоо сыяктуу оор кылмыштар боюнча учурунда беш миңге жакын кылмыш иши козголгон болсо, анын көпчүлүгүнүн бети ачылбай тургандыгы айтылды.

Баш прокурор Аида Салянованын айтымында, буга учурунда кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталбай калгандыгы же болбосо алардын өлкөдөн качып кеткени себеп болгон:

- Учурда июнь окуясындагы кырк кылмыш иши боюнча ага кимдердин катышы болгондугу аныкталып, бирок алардын кайда жүргөндүгүн биз билбейбиз. Кылмышка шектүүлөрдүн ичинен 19 адамдын Россияда экендиги боюнча маалымат бар. Аларды кайтаруу боюнча суроо талап жөнөткөнбүз. Бирок алардын ичинен сегизин кайтаруудан баш тартып жатышат. Мындан сырткары үч миңден ашуун иш боюнча шектүүлөрдүн өздүгү аныктала элек.


Белгисиз жагдайлардагы белгилүүлөр


Андан соң баш прокурор окуялардын курчуп өнүгүшү жана ага таасир эткен жагдайлар туурасында баяндамасын баштады. Бирок айрым депутаттар андан коогалаңды уюштурган деп шектелгендердин кармалбай жатышы боюнча конкреттүү жооп берүүнү талап кылышты.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Камила Талиева прокуратура органдары сепаратисттик маанайдын идеологу деп айтылып жүргөн экс-депутат Алишер Сабировдун аракеттерине укуктук баа берилбегендигин сынга алды:

- Аида Жеңишбековна, сиз биз билген маалыматтарды кайталап, убакытты ала бербеңиз. Бизди ал кызыктырбайт. Сиз жанагы токтомдо көрсөтүлгөн Алишер Сабиров эмнеге кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгына жооп бериңиз. Биздин депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча аны издеп, таап жоопко тартуу боюнча талап койулган. Ал киши ээн-эркин Ысык-Көлгө келип эс алып жүрөт. Муну кандайча түшүнсө болот?

Аида Салянова болсо Алишер Сабировдун иш-аракеттеринен улуттук араздашууга от жагуучу мыйзамга каршы келген фактылар табылбагандыгын белгиледи. Ошондуктан Сабировго кылмыш ишин козгоого негиз жок экендигин кошумчалады:

- Биз ал боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөнбүз. Ал кишинин өзү менен дагы телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Анын иш-аракеттеринен сепараттисттик иш-аракеттер табылган жок.


Жоопкерчиликтен жооп жок


Депутаттар окуянын от алышына жол берген Убактылуу өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын аракеттерине саясий жана укуктук баа берүү маселеси көңүл сыртында калгандыгын эскертишти. Баш прокурор кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу алардын саясий жана моралдык жоопкерчилиги ар бир бийлик түзүмүнүн ичинде каралыш керек деген жүйөөнү карманды.

Бирок Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиев мында укуктук баа берилбей калгандыгын айтты: 

- Кызматтан кетип же болбосо бийликке ыңгайсыз болгон адамдарды кылмыш ишин ачып, башкаларына тийбей койгон адатыңарды токтоткула. Биздин токтомдо ким экендигине карабастан ошол кездери жоопкерчиликти өзүнө алган бийлик өкүлдөрүнүн аракетине укуктук баа берүү тууралуу маселе көтөрүлгөн болчу. Бирок андай иш тилекке каршы жүргүзүлбөптүр.

Мындан сырткары депутаттар этникалык кагылышуунун кесепеттерин жойуу боюнча көрүлгөн чаралардын алсыздыгын сынга алышты.

“Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбаев окуу тарбия иштериндеги жана идеологиялык багыттагы айрым өксүктөргө токтолду:

- Улуттук мектептерде мамлекеттик тилди, Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын окутуунун сапатын жакшыртуу талабы койулган болчу. Бирок биз бул боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү көрө алган жокпуз. Биримдикке жана ынтымакка багыттаган иштердин жыйынтыгы байкалбайт. Экинчи бир маселе, Оштогу мурдагы кыргыз-өзбек университетинин эмгек жамааты анын атын Ош мамлекеттик социалдык университет деп өзгөртүү боюнча кайрылуу жолдогон экен. Бирок эмнеге ушуга чейин буга көңүл бурбай жатасыздар. Окуу жайдын этникалык негиздеги аталышын сактап калууга кимдер ынтызар болуп жаткандыгын ачык айтыңызчы?

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бул боюнча ынанымдуу жооп бере алган жок. Ошол эле кезде ал алдыда албан иштер жүргүзүлө тургандыгын айткан жалпы сөздөр менен чектелди. Кечке чейин созулган парламент жыйыны өкмөткө аталган токтомду аткарууга кошумча убакыт берүү демилгесине токтолду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: мекенчил каяктан: ОШ
09.02.2012 01:38
Жабылуу аяк жабылуу бойдон калды ал баарыбызга белгилуу айтпаспак дагы.........ал качан аччыка чыгат кимдир бироолор президент болбой калганда чыгат эле. айла жок кичине кутобуз. эки миндей адамдын арбагы буларды коп узака алып барбайт. Ал бетте баардык куноолорду Бакиевдерге жуктобсо айлалары калбай калды баарын убакыт корсотот.

кимден: Г. Абдрахманов каяктан: Баткен
08.02.2012 22:23
2010чу Апрель жана Июнь окуяларындагы курмандыктардын күнөкөрлөрүн бардыгы билип, же сезип турушкандай, бирок эч ким даана айта албай турушат. Бакиевдердин күнөөсү нар көтөргүс, бирок чыныгы күнөкөрлөрдүн ысымдары албетте жарыя болот деген ишеним күткөндөрдүн саны өтө эле арбын бойдон калууда.

кимден: Жер-Эне каяктан: Баткен
06.02.2012 16:44
Балким куноо Бакиевте да Сабировто да эмес чыгаар.Коркоолор балким арабызда чыгаар...ар кандай онуттон карап коргуло.Шейит кеткен ар бир Кыгызстандык жарандын каны жибербейт куноолулорду.Бул козголгон кылмыш тарых болуп гана татыктуу орун алат окшойт.Аллахым куноолулордун жазасын берип Кыргызстаныма тынчтык орнотчу!

кимден: Жыргал
04.02.2012 13:37
Кыргыздар, мен силерден отуном, Мелис Мырзакматовдун "Мен издеген чындык" деген китебен окугула. Коп жакшы, кызыктуу нерсе жазыптыр. Албетте, Мелис жонундо коп жаман соз айтылды, бирок калыс карайм десенер, ал китепти созсуз окуп койгула. Анчы-мынчага козунор ачылат.

Азаттык, муну чыгарып койгула, отуном

кимден: Оштук каяктан: Санкт Петербург
03.02.2012 21:59
Карга карганын көзүн чукубайт өздөрү баштады өздөрү качырып жиберди

кимден: Айка каяктан: омск
03.02.2012 21:06
АЙ Гулсунхан созунду этият кылып суйло и туура жаз .Кыргызга куйсон и этиканы сакта .ОШОЛОР карматбай качып кетпедиби сага окшогондорду капа кылып.

кимден: Biroo каяктан: oon9tan
03.02.2012 20:40
эмне эле болуп жатасынар тушунбодум .Ал улуттук аралык коогаланды кыркыз же озбек чыгарган жок .БИЙЛИКТИ колго алгысы келишкендердин колунан келген иш.Алар ташка тамга баскандай корунуп эле турган адамдар. Тушунуп туруп эле кайра кайра чукуйсунар жон эле убактынарды кетирбегилечи .Андан коро жанылануунун жолун тапсанар.
Пикирге жооп

кимден: Manas каяктан: Bishkek
03.02.2012 21:53
minabu jerde jazgan biri bar eken Biroo degen biri ...ey bala jakshina bol makulbu kirgiz menen ozbek kilgan jok deysin oshol iminna ozbekterdin basinda turgan liderlerin kylgani... ot bolbogon jerde tutun chikpait... tushundunmu dahi aytip koyosun bul ishti chukuysunar deysin karash kerek bul jerde 600 700 don ashik adam oldu bilesin sen uyshturgan adamdardi tabish kerek bul jerde ozbekterdin dagi kunoloru bar eger chindiginda KYRGYZ elin sugon bolso oshol uyushturgan adamdarga karshi chigat bolchu batirovgo sabirovgo mahamadjanocgo oshonchun sen bul ishti ukup chukush kerek 1000 ge chukul adam oldu kanchalagan adamdar jaralandi tabishkerek

кимден: ГУЛСУН каяктан: КР
03.02.2012 19:58
АТЫ-ЖОНУ ЖАЗЫЛБАГАГАН? СЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ ДЕЛЕ ЭМЕС, КОШУНА МАМЛЕКЕТТЫН АДАМДАРЫН БИЛЕТ ОКШОЙСУН, МЕНИН ТУГАНДАРЫМ БАР. ТАШКЕНТДЕ ЧОН ЖУМУШДА ИШТЕП 2 ЭТАЖНЫЙ УЙЛОРДО ЖАШАЙТ. БАРДЫК ТУУГАНДАРЫ БАЙ ЖАШАЙТ. КОШУН МАМЛЕКЕТТЕ МИЛДЕТ АЖЫРАТПАЙТ КАР КЫЛ МИЛЛЕТ БАР, КЫРГЫЗСТАНДА КЕЛСЕК ВИНОВНИК ТАБЫЛБАЙТ, ЭМНЕГЕ ДЕГЕНДЕ КАЙСЫ ЖЫНДИ ОЗУНУ ОЗУ КАРМАП КАМАЙТ. КАНКОРЛОРДУ БАРДЫГЫ ОТУУРАТ, ЭЧ КАЙСЫ ЖАККА КЕТПЕЙЕЛЕ.АКЫКАТ БИРДЕ БОЛБОСО БИРДЕ ЧЫГАТ АЛЛАХЫМ ЖАРДАМ БЕРСЫН!!!
Пикирге жооп

кимден: демо каяктан: алай
01.03.2012 20:24
гулсун ал билеби билбейби пусть тя не волнует. ошол ташкентте чон жумушта иштегендин чыныгы улуту ким экенин паспортуна тура жазылган эмес. еще как кошуна мамлекетте миллет ажыратат, это у нас на все глаза закрывают, "... киши арыгын баккан оозу мурду кан жалайт " - болуп жатпайбы.
Пикирге жооп

кимден: мика каяктан: ош
08.02.2012 02:09
Туура жазганды уйрон,мактанбай
Пикирге жооп

кимден: тимур
04.02.2012 14:47
Сен биринчи иретте туура жазып алчы анан сын айт

кимден: jazik
03.02.2012 17:39
Кыргыз-Узбек университетин ким курду?Ким себеб болду ушунча балдарды кыздарды окуткан?Башка иш табылбай,эми университетке асылышып жатышат.120 депутаттын эмне кереги бар.озу 5млн адам жашаса.Чукулбаган дагы эмне бар экен.Ким уйлорду ортоду,ким олтурду 500дон ашык адамды?Муну ким карайт.Эй Аллах сабыр бер!
Пикирге жооп

кимден: Адвокат каяктан: Ош
03.02.2012 19:14
Отобрали "ОШТВ" "Мезон ТВ" и т.п . Теперь хотят узбекско - киргизский университет. Что Вам еще надо? Вам не стыдно.... Сначала посомтрите за чьи деньги и на чей земле построен универ...
Пикирге жооп

кимден: Азамат
04.02.2012 14:58
Сепаратизмге туртку болгон нерселердин баарын жабабыз. Кааласанар-каалабасанар да. Азыркы бийлик мажироолук кылып жаппай койсо эртен биз жабабыз. Биздики болгунар келеби, демек биз менен болгула.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.02.2012 17:07
курсагы ток чинновник мите курттар кичине болсо да кыргыздарды ойлойлучу .кошуна мамлекетти кабайсынарбы кыргыздан трактирчи дагы жок козунор кор кулагынар укпай калганбы келемиштер
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине