Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:03

Коопсуздук

Уу көмүрдүн артында ким турат?

Казакстандан радиациялык көмүр ташып келүү фактысы боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жооп берүүгө тийиш.

Текст көлөмү - +
Бул тууралуу парламенттин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетинде айткан “Ата-Журт” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев ууланган көмүрдү ташып келүүгө кызыкдар болгон аткаминерлер камакка алынбай жатканын сындап чыкты.

Мыктыбек Абдылдаев сырттан көмүр ташуу боюнча буйрукка өкмөт жетекчилиги гана кол койууга укугу бар экенин эскертти. Ошондуктан ал башкы прокурордун орун басарынан ошол Кулан көмүрүн тарттырып келүү боюнча өлкө жетекчилеринин ичинен кимдин түздөн-түз буйругу болгонун териштирүүнү сурады. Жоопко канааттанбаган Абдылдаев бул боюнча Атамбаев менен Бабановду суракка алууну сунуштады.

Бирок Социал-демократтар фракциясынан депутат Акылбек Султанов мында берилген буйрукту аткарууну будамайлаган аткаминерлер болгон деп шекшиди:

- Мына ошол буйрукта Кулан кенинен гана көмүр алып келгиле деп жазылган эмес. Анда болгону жеңүүчү аныкталбай, тендер өтпөй калгандыктан  кайсы бир булактардан көмүр сатып алууну уюштургула деп жазылган болуш керек. Буга жооптуу жетекчилерди камап, сурай баштаганда эле жогору жактан аларга ким буйрук бергени белгилүү болот.

Аталган буйрукка былтыр 24-августта кол коюлганы белгилүү болду. Бирок ага ошол кездеги өкмөт башчысы Атамбаев же анын биринчи орун басары Бабанов экөөнүн кимисинин колу коюлганы ачыктала элек.

Мыктыбек Абдылдаев “аталган көмүрдү ташып келүүгө буйрук берген аткаминерлер аныкталып, аларга иш козголбой турган болсо, анда жоопкерчиликти Башкы прокуратура алыш керек” деген оюн ортого салды:

- Ууланган көмүр бизге алынып келингени факт. Бул боюнча иш козголгону факт. Демек буга тиешеси бар жетекчилер жоопко тартылууга тийиш. Анткени мунун кесепетин биз азыр айта албайбыз. Коомчулукта баш оору пайда болду. Ошондуктан бул ишти аягына чыгарууга Башкы прокуратура жооп берет.

“Жебе” жетпеген жетекчилер

Буга чейин радиациясы бар көмүрдү текшерген эмес деген кине менен көзөмөл органдарынын беш кызматкерине кылмыш иши козголгон. Депутаттар эмне себептен буга жооптуу ири аткаминерлер ушуга чейин камалбай жатканына кызыгышты. Анткени төрт айдан бери радиациясы бар көмүрдү ташып келүүгө жол берген бир дагы жетекчинин ысмы аталбай жатканы айтылды.

Баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев бул факты боюнча айрым жетекчилерге иш козголушу мүмкүн деп жооп берди:

- Бул жерде факты боюнча Бишкек жылуулук борборунун, бажы кызматынын, темир жолдун, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жана “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилиги жоопкер катары суралышы мүмкүн.

Ошол эле учурда радиациясы бар сегиз миң тоннадан ашуун көмүрдү артына кайтаруунун чаралары талкууга алынды. Бирок аны артка кайтаруу боюнча өтүнүчтү Казакстандын бийлиги четке кагып жатканы белгиленди.
Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов радиациясы бар көмүрдү Кыргызстандын аймагында көмүүнү ойлонуштуруп жатышканына токтолду:

- Бизде анын зыяндуулугун азайтуу боюнча эки вариант бар. Биринчиси, Казакстанга чыгарып кетүү. Бирок бул жагынан жыйынтык жок. Экинчиси, бул көмүрдү жерге көөмп салууну карап жатабыз. Бул боюнча Кара-Балта тоо-кен комбинатына караштуу калдыктарды көмүүчү атайын жайдан жер издештирип жатабыз. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Казакстандын Кулан көмүрү 2006-жылдан бери өлкөгө ташылып жатканы боюнча маалыматтарды Башкы прокуратура текшермей болду. Радиациясы бар көмүрдү быйыл Кыргызстанга казакстандык “Кулан - ТБ” ишканасы ташып келген. Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан аталган көмүр кенин казууга мурда эле тыйуу салынганы белгиленди. Андыктан анын казылып, кайра кандайча сыртка сатылганы азырынча белгисиз.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанга ташылып келинген көмүрдөгү радиациянын деңгээли ченден ашып, саатына сексен микроренгентке чейин экендиги аныкталган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Али каяктан: Бишкек
20.02.2012 11:38
Бул ууланган комур жондо ызычуу салганы биргана Электр энергиянын таалу жеринен кармаган болуп жатат.Алардын максаты башкада булжерден канчалаган чон курсактар кол саллбай калгандыгынан башталып жатат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.02.2012 11:19
"Радиация 50 микроренгенден ашкан жерден эл көчүрүлөт" деп официалдуу айтып салышты. А Бишкек-Чүйдө андан эки эсе ашык болсо да унчкпай эле олтурушат го, же кыргыз баркы ушунча эле төмөнбү, кыргызга боло бергидей.

кимден: Байдыбек каяктан: Бишкек
15.02.2012 09:18
Мен 7-апрелдин активдүү катышуучусумун. Азыр уулуу көмүр боюнча канчалык чыгалы десем, эч кимиси унчугушпайт. Мына эми түшүнүп олтурам, Бищкек менен Чүй радиацияда калса да "Мекен шейиттери" унчукпай олтурат, алар элге эмес, кайсы бир бийликтин камчысы экендиги даана белгилүү болуп калды.
Пикирге жооп

кимден: Кадырбек каяктан: Нарын
16.02.2012 21:28
Байдыбек. Силерди окко тутуп берген УӨ ар бириңе миллион сомдон берди го. Анан жанагы "Мекен шейиттери" дегендер УӨтүн жан сакчысы болуп калганын али билген жок белең? "Эл үчүн, Демократия үчүн" деген лозунг - бийликке келүүдөгү идеология болгонун билип калбадыкпы. Ушинтип жүрүп кыргыз эли оңолот деп ойлойсуңбу?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.02.2012 20:33
Япониядан келген машинелер уулу эмеспи, ыя?

кимден: годогочун каяктан: ош
08.02.2012 16:03
мен импорт товар менен иштеген бизнесменмин бардык келген товарлар менен кошо сертификаттар чогу келет келген вагонду кыргызстандан 3 сертификат болмоюнча таможня ачканга уруксат бербейт бул жерде ото чон сумма акча ойногон же жогору жактан приказ болгон бечара катардагы таможня менен сан.эпидстан. куносу жок
Пикирге жооп

кимден: Адилет каяктан: Ош
15.02.2012 11:29
Оюң өтө туура, бирок атың эле кызык экен,"Годогочун" деген.

кимден: Аске каяктан: мск
08.02.2012 13:56
Бул ишке туздон туз жоопкер Бабанов!!!Себеби ал тендерден уткандарды жокко чыгарып ушул фирманын комуру ташылсын деп озу кол койгон.Бул документ бар.Эми эмнеге моюн толгоп мойнуга албай башкаларды куноолойт???Кеп ушунда!!!

кимден: Чал каяктан: Кулатов а/о
08.02.2012 12:31
Радиациясы жогору комурду откоргон Бажы кызматы,эшек такалап отурушабы?

кимден: Мекенчил жаш каяктан: Кыргызстан
08.02.2012 11:48
Баягы эле баягы баягынын таягы, дегендей майда чуйдо кунокорлорун камап, ал эми киттерин качан камашат, камаганга алардын эрки да жетпейт, ушунтип ар бир кылмышкер жазасын балбай качып журо берсе Кыргызстан онукпой эле кайра артка кетип жатпайбы, бир байкуш ачка болуп бир тоок урдап алып кармалып калса аны бат эле соттоп камап салмак.

кимден: уман каяктан: москва
08.02.2012 11:08
Бул уулу комурду кайта кайтарыш керек, аткаминерлерибизди кошо жазалаш керек! Акмактардын жоругунан канча балдардын омуруно чон крест коюлду! А кунолуу министрлерибиз акчанын астында калып куносу жоктой болуп жатышатда! Карабалтага комдук деп дагы чон акча алайлы деп жутунуп жатышкандыр! Эмгиче бир кунолу адмдын аты ачыка чыга элек-буларды адам деп айтуугада болбойт! айткылачы кимдер кунолу ?????????????????????????????????????

кимден: taty каяктан: talas
08.02.2012 09:15
Радиациясы бар көмүрдү алып келүүгө катышкан тиешелүү адамдарды тыкыр иликтеп чыкпаса, анда баягы - баягы кемпир чалдын таягы эле көйгөй кала берет. Ал эми министр Бороновдун көмүрдү көмүү жөнүндөгү оюна мен таптакыр каршымын, саясий эрк болуш керек да. Келип калыптыр эми көмүп коелу дегени туура эмес, же эмне биздин жер таштандыканабы?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине