Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Ишкерлер: Бажы биримдигине шашылбайлы


 Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы. Чалдовар бажы бекети. 16-сентябрь, 2011-жыл.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы. Чалдовар бажы бекети. 16-сентябрь, 2011-жыл.

Кыргызстандык ишкерлер өкмөттү Бажы биримдигине кирүүгө шашпоого чакырды.

20-сентябрда Бишкекте өткөн ишкерлердин экинчи курултайында Бажы биримдигине кирүү боюнча чечимди терең изилдөөлөрдөн соң гана кабыл алуу керектиги айтылды. Ал эми кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү зарылдыгын байма-бай билдирип, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып келүүдө.

Жети өлчөп бир кес

Ишкерлердин Бишкекте өткөн экинчи курултайында Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери түзгөн Бажы биримдигине кирүү саясий өңүттөн туура болгону менен экономикалык жактан терс көрүнүштөрдү жаратары айтылды. Токмок шаарындагы ишкерлер бирикмесинин төрагасы Мукамбет Сариев Бажы биримдигине кирүү өндүрүшчүлөргө пайда болот деп эсептейт.

- Бажы биримдигине кирүү чындыгын айтканда, өндүрүшчүлөр үчүн пайдалуу болот. Ал эми соода-сатык кылгандарга зыяны тийиши мүмкүн.
Мына Казакстан менен Орусиянын ортосунда бажы да, чек ара да жок деп айтып жатат. Экинчиден, биздин жарандар Орусияга барабы, Казакстанга барып иштейби, эч кандай уруксаттын кереги жок. Башка тоскоолдуктар болбойт...
Алмазбек Атамбаев


Бажы биримдигине каршы болгон ишкерлер, бул экономикасы күрдөөлдүү өнүккөн, жеңил жана оор өнөр жайы тынымсыз иштеп жаткан Орусия жана Казакстан сыяктуу чоң өлкөлөр үчүн кирешелүү экендигин билдиришүүдө. Ал эми реэкспорт менен, башкача айтканда Кытайдын арзан товарларын үчүнчү өлкөгө сатуу менен жан баккан Кыргызстан мындан зыян гана тартат дешет ишкерлер. Анткени, Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстанга келип жаткан товарларга бажы салыгынын көлөмү жогорулап, аны менен бирге өлкөдө баалар да өсөрү айтылууда.

Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков болсо Бажы биримдигине кирүү чечими терең илктөөлөрдү талап кыларын белгиледи.

- Бат эле кирип кетпей, акырындык менен кирүү бүгүнкү курултайда да айтылды. Мурда экономикалык тескөө министри “киришибиз керек, бат, ылдам киришибиз керек” деп жатты эле, “жок даярданып алып, киришибиз керек экен” деген сөздөрдү бүгүн айтты. Кабыл алган резолюцияга да даярданып кириш керек деп жаздык.

Бажы биримдиги баарын чечеби?

Кыргыз өкмөтү апрель айында Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс жактарын иликтеген мекемелер аралык комиссия түзгөн. Ал эми май айынан бери Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алып, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып келүүдө.

Өкмөт бул бирликке кирүү Орусия жана Казакстандагы мигранттар, өлкөдөгү жеңил өнөр жайчылар, тагырак айтканда тигүүчүлөр үчүн пайдалуу болорун негиз кармоодо.

16-сентябрда Алмазбек Атамбаев казак өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушууда Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан көп маселени, анын ичинде чек ара көйгөйүн да чечерин белгилеп өттү.

-Урматтуу Карим Масимов туура айтып жатат, негизи биз Бажы биримдигине өткөндөн кийин ушул маселенин баары чечилет. Мына Казакстан менен Орусиянын ортосунда бажы да, чек ара да жок деп айтып жатат. Экинчиден, биздин жарандар Орусияга барабы, Казакстанга барып иштейби, эч кандай уруксаттын кереги жок. Башка тоскоолдуктар болбойт. Ошол өлкөлөрдүн шайлоолоруна гана катышпай калат, бирок калган укуктарынын баарына ээ болот.

Орусиянын империялык саясатыбы?
Кыргызстанга, Тажикстанга жана Украинага окшогон чакан өлкөлөргө бул биримдиктин кереги жок. Ал түгүл Казакстан да мындан утулуп калып жатат...
Мирсулжан Намазалиев


Кыргыз өкмөтү Орусия жана Казакстан Кыргызстандын ар тараптуу өнөктөштөрү болгондуктан, Бажы биримдигине кирүү менен кенен экономикалык аймакка жол ачыларын да белгилешүүдө. Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери түзгөн Бажы биримдиги ушул жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирген. Ошондон тарта кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү кыргызстандык ишкерлер үчүн чоң көйгөйгө айланды.

Бажы биримдигин экономикалык эмес, оболу саясий долбоор дегендер да бар. Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу деректири Мирсулжан Намазалиев бул Орусия үчүн гана пайдалуу деп эсептейт.

- Кыргызстанга, Тажикстанга жана Украинага окшогон чакан өлкөлөргө бул биримдиктин кереги жок. Ал түгүл Казакстан да мындан утулуп калып жатат. Тарифтер жогору болгондуктан , баалар кымбат болуп жатат бул өлкөдө. Мисалы машиналардын баасы эки эсе кымбат. Албетте, бул жерде Орусиянын өзүнүн пландары бар. Алардын империялык пландары жана идеялары бар.

Экономикалык серепчилердин айтымында, Бажы биримдигине кирүүдө дагы бир маанилүү жагдай - бул Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюумуна мүчө экендиги. Ошол эле кезде Бажы биримдигин түзгөн өлкөлөр бул уюмга азырынча мүчө эмес. Андыктан, экономикалык жааттагы мыйзамдарда да чоң айырмачылыктар жана карама-каршылыктар орун алууда. Казакстан менен Орусия учурда Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү аракеттерин көрүүдө. Бажы биримдигине ошондон кийин гана кирүү Кыргызстан үчүн көбүрөөк пайда болот дегендер да бар.

XS
SM
MD
LG