Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Турмушка эрте узаган эселектер


Иллюстрация
Иллюстрация

Кезектеги апта темасы кыздарды эрте күйөөгө берүү маселесине арналат. Жакында укук коргоочулар жергиликтүү телеканал аркылуу кыргыз тилинде көрсөтүлүп жаткан “Келин” аттуу көп сериялуу Индия тасмасын өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасир этип жатат деп нааразылыктарын айтып чыгышты.

Укук коргоочулардын баамында, ансыз дагы кыргыз коомчулугунда 18 жашка чейинки курактагы кыздардын секелек бойдон турмушка чыгышы арбып баратат. Ушундан улам “Азаттык” радиосунун кабарчылары бул маселенин себеп-жайын сураштырып көрүштү.

Ысык-Көл облусунда өткөн аптада эле 11-класстын окуучусун ала качуудан 13 жаштагы иниси куткарып калды. Ал эми дубанда былтыртан бери мектеп жашындагы кыздарды ала качуу боюнча үч окуя катталып, анын ичинде Тоң районунун бир тургуну 15 жаштагы кызды бир койго баалап, күйөөгө бергени ашкере болгон. Толугураак кабарчыбыз Самат Асиповдун макаласында.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00
Түз линк

Ошто мурдараак кыздарды эрте турмушка узатуу өнөкөткө айланып кеткен. "Азаттыктын" акыркы сурамжылоолоруна караганда жергиликтүү бийликтин жана жарандык активисттердин түшүндүрүү иштеринин пайдасы тийип, акыркы мезгилде бул көрүнүш басаңдагандай болду. Оштогу саамалык тууралуу Ыдырыс Исаков айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00
Түз линк

Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жашы жете элек 13 кыз күйөөгө берилген. Бул ага каршы иш алып барган борборлордо катталган гана маалымат. Адистер соңку кездери аймакта динди катуу карманган үй-бүлөлөрдө кыздарды эрте турмушка берүү күч алганын билдирип жатышат. Бул көрүнүштү аймактагы кабарчыбыз Руслан Калматов иликтеп көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк

Кызды жашы жете элек куракта мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн мыйзамда жоопко тартылары жазылган. Укук коргоочулар болсо эл ичинде мындай мыйзам бузуулар тыйылбаганын айтышып, ага коомчулук, тартип коргоо жана сот тармактары тарабынан маани берилбей жатканын айтышууда. Айгерим Жаныкулу кызы баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
Түз линк

Кыздарды эрте күйөөгө берүү акыркы кезде көп учурай баштадыбы? Андай болсо бул көрүнүшкө сиздин көз карашыңыз кандай? «Азаттыктын» стажеру Айнура Исмаилова ушул жана башка суроолор менен Бишкектин тургундарына кайрылып, пикирлерин укту.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG