Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:08

Саясат

Тил талаш

Мамлекеттик жана расмий тилдердин айланасындагы парламенттик талаш коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Текст көлөмү - +
Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева, эксперт Илим Карыпбеков.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Урмат айым, бир аптадан бери тилдин тегерегинде коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүүдө. Кыргызстанда өмүр бою жашап, окуп, анан тилди түшүнсө да сүйлөй албай жүргөндөр көп эле. Эмнеге үйрөнө албай жатышат, же үйрөтүү методикасы начарбы?

Урмат Аманбаева: Эгер биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатып, кыргыз элим, жерим деп, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп, салымыбызды кошобуз десек, кыргызча үйрөнүү оңой эле деп эсептейм. Биз расмий тилди кодулаган жокпуз. Бирок кыргыз тилин билүүгө ар бир адам өзү да аракет кылып, кызыгып үйрөнсө, кыргыз улутун, Кыргызстан мамлекетин сыйлагандык деп эсептейм. Мен 11-январда парламент жыйынында кыргыз тилдүү жаран, мамлекеттик чоң деңгээлдеги кызматкер деп эсептелген статс-катчыга суроо бергем.

​​“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесинде “Мамлекеттик ишке бара турган адам мамлекеттик тилди зарыл болгон деңгээлде билиш керек” деп турат. Мен ал жерде орус тилдүү, же башка улуттун өкүлүнө "кыргыз тилинде сүйлөңүз" деген жокмун. Ушуну да тактап коюш керек. Ар ким өзү аракет кылбаса, тилдин абалын 22 жылдан бери көрүп атабыз.

“Азаттык: Илим мырза, тил маселесине байланыштуу талаштардын арты эмнеге алып келиши мүмкүн? Буга чейин депутаттардын бул багытта айткандарын бир аз радикалдуу дедиңиз эле. 

Илим Карыпбеков: Негизи эле кыргыз тилинин азыркы абалы өтө орчундуу. Азыр бир да кыргыз "тилди өнүктүрбөш керек, кыргыз тилин таштап коюш керек" деп айтпайт. Ошондуктан мамлекеттик тилде сүйлөш керек, же сүйлөбөш керек дегенден алысмын.

Экинчиден, бизде эң көрүнүктүү, эл тыңшап уккан аянтча – Жогорку Кеңеш. Мен "кыргыз болгондон кийин кыргызча сүйлө, докладдарды кыргыз тилинде даярдабайсыңбы" деп тилге күйгөн депутаттарды да түшүнөм. Бирок биз көп улуттуу экенибизди да унутпашыбыз керек.

Ош окуясынын изи сууй элек, жакында эле Маевкада, Жаңы-Жерде болгон окуялар талкууга алынып жатат. Ушундай учурларда тил маселесин өтө этияттык менен көтөрүш керек, болгондо да эл көп уккан аянтчада.

​​Дагы бир маселе: калың элге туура түшүндүрүш керек. Эми азыр биз электрондук багытта, интернетке маалыматтарды кыргыз тилинде киргизип жатабыз. Кыргыз тилиндеги макалалар аз. Мен азыр кыргызча сүйлөп жатканым менен кээ бир котормолорду билбейм. Бирок аны интернеттен издеп таппайм. Анан тил комиссиясына кайрылууга туура келет. Ыңгайлаштыруу дегенде ушундай сыяктуу шарттарды түзүп бериш керек. 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: Жогорку Кеңеште бардык документтер кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деп сунушталып жатат. Кыргыз тилинде баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бирок толугу менен өздөштүрдүм деп айта албайм. Ошондуктан мындай сунуштар кыргыз тилин билбегендердин укугун тебелеп жатат.

"Московский комсомолец Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов: Биз орус тилдүүлөр деп орустарды гана эмес, Кыргызстанда жашаган украин, немис, өзбек, уйгурларды билебиз. Муну менен катар Советтер Союзу учурунда окуп, билим алгандардын көпчүлүгү үчүн да орус тили улуттар аралык тилге айланган. Анан ушундай кырдаалда айрым депутаттардын кадамдары орус тилдүүлөрдүн нааразылыгын гана жаратпастан, кемсинтүү катары кабыл алынып жатат. Мындай кадамдар өлкөдөн кетүүгө болгон каалоону жаратууда. Ал эми алардын арасында өз ишин мыкты билген, колунан бир нерсе келгендер көп.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жолдош каяктан: Бишкек
26.01.2012 12:57
Кыргыз эли баарын түшүнүп туруп эле киргиздерге же болбосо Карамушкина өңдөнгөн кыргыз элине дилин бербеген( Карамушкина кыргыз гимнин ырдабайм деп чыккан) чыккынчыларга алданып алсыздыгыбызды билдирип жатабыз. Азыр жогор жакта иштегендардин 85% орус тилдүүлөр отурат. Бул деген кыргыз тилдүүлөргө жол жок деген сөз. Орус тилин билбесең лохсуң деп кемсинтип,канчалаган келечеги кең жаш муундарыбызды сындырып жатышат. Бийликке келгендерди карап көргүлөчү жалаң орус мектебин бүткөндөр отурушат. Демек, жыйынтык чыгарсак болот бекен...? Мамлекеттик иш - кагаздарын түп орду менен кыргыз тилине өткөрмөйүнчөжана бийлик башына келгендердин кыргыз тилин жаза да, сүйлөй да билүүсүн талап кылмайынча кыргыз тили жөнүндө сөз кылуунун кажети деле жок. Акылман кыргыз элим ушундай сыйкырдуу касиеттүү тилди жаратып, эми куу тумшуктардын айынан өз тилибизде эркин сүйлөй албай кыйналып жатабыз, дагы кайсы жакка кылчактайбыз. Жалпы элдин эрки керек, келгиле тилибизди өз ордуна койолу! Ал эми Илимге окшогондор келип кетчү келгин куштарга окшогон нерсе, дээринде жок болсо (андайлар көп буларды кыргызча кайридин деп койушкан) үрө беришсин.

кимден: Кыргыз каяктан: ОШ
24.01.2012 15:38
ЭЭ ИЛИМ ТАНТЫРАБАЧЫ ЭЭ КОП! АДАМДЫН ЖИНИН КЕЛТИРБЕЙ! КАРАМУШКИНА бАБАКУЛОВДОРГО КОШУЛГАНЫНДЫ ТУШУНО АЛБАЙТАМ. ЭМИГО АЛАРДЫН ТИЛИ ДИНИ УЛУТУ БАШКА! ЖЕ ЭМНЕ СЕНДА КИРГИЗГЕ АЙЛАНЫП КЕТКЕНСИНБИ! УРМАТТУУ КЫРГЫЗДАР УЛУТЧУЛ БОЛОЛУ! БИЗ КУЙБОСОК КИМ КУЙОТ ТИЛГЕ? КАРАМУШКИНАБЫ? УЛУКБЕК БАБАКУЛОВБУ? АЛАР ЭЧ КАЧАН КУЙБОЙТ! МЕН ЖАЛПЫ КЫРГЫЗДАРДЫ УШУЛ ЖЫЛДЫН 24-МАРТЫНДА АР БИР ОБЛУСТУН БОБОРДУК АЯНТЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАЛАМЫН КОРГОГОН ТЫНЧТЫК МИТИНГИН ОТКОРУУНУ СУНУШТАЙМЫН! КОЛДООГО АЛСАНАР ПИКИР БИЛДИРГИЛЕ БАЙЛАНЫШАЛЫ!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Жаран каяктан: Кыргыз жери
24.01.2012 13:16
Кечиресиз Азаттык, Канымгул Эркееванын суроосу "Илим мырза, тил маселесине байланыштуу талаштардын арты эмнеге алып келиши мүмкүн?"дегени, тубунон эле туура эмес суроо берилген деп эсептейм, себеби бул суроо менен өзубуздун мамлекетибизде озубуздун кыргыз тилибизди өзубуз өгөйлөтуп атабыз. Бул суроону олкобуздогу орус тилдуу майда улуттур берип журушот, себеби аларга пайдалуу суроода. Бул сасык саясаттын суроосу деп атоого болот. Негизи эле кыргыз бийлиги тенирден тескери, абсурддук иштерди кылышат. Мисалы, негизги мыйзамыбызда орус тилине расмий статус берип койуп, анан кыргызча суйлогуло деп талап кылып атабыз, бул абсурд нерсе экени аттын кашкасындай эле корунуп турбайбы. Ушинтип кыргыз тилин кордобой эле, кыргыз бийлиги эргтуу иш кылышы керек деп ойлойм, б.а. акырын эле олкобуздогу мыйзамды ондоп, расмий тилди кыргызча кылып койуу керек жана иш кагаздарын кыргыз тилине откоруу керек, болду эн эле жонокой жана логикага жаткан, татынакай иш болот. Эч ким карама-каршы соз суйлобой калат, баары тен ("киргзидер" жана майда улуттар) татынакай кыргызча суйлоп, кунумдук жашоосунда колдонуп калышат. Окутуу методикасы начарбы деген суроо да туура эмес? Кеп методикада, же китептердин аздыгында эмес, себеби буга далил болгон мисалдар коп, АКШдан, Жапониядан ж.б. олкодон келген адамдар эч кыйналбай эле, жарым, бир жылда кыргызча эркин суйлоп атышат. Атугул Кыргызстанда кыргыз тилин сыйлаган кээ бир славян улуту жана башка майда улуттар кыргыз тилин кыргыздардан жакшы уйронуп, суйлошот жана жашоосунда колодонуп журушот. Алардын жумушундагы карьерасы дагы тез жана ийгиликтуу болуп журот.

кимден: zhan каяктан: USA
24.01.2012 12:38
Kairan bizdin kyrgyz tilibiz....kaisyl jerde bolsosun daiyma ekinchi orunga tushup kalganyn aidan achyk...bul nersege kim kunoolu...tuura ar bir kyzgyz atuulu kunooluu.......kyrgyz elim...! kaisy olkodo oz tilinen ekzamen alyp jatat eken ajo boluu uchun... ushul syiaktuu ele kaisyl olkodo oz tilin bilbegen attuu bashtuu jogorku keneshte ishteit eken..aiabai ele uiat ish..oshonu sezip jatasynarby...azattyk beruusunun alyp baruuchulary silerge aitarym "AKYIKAT"degen sozdu taldap korgulo....

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
23.01.2012 11:45
Азаттык эмнеге калыстык кылбай жатасыңар. 3 адамды кыргыз тилине каршы сүйлөтүп, бир адамды 3 салып бергенсиңер. Калыстык кылып экиден кылсаңар болмок. Анын үстүнө буладын 22 жылдан бери кыргыз тилине каршы ырдаган ырлары эскирди. Бабакулов, Карыпбеков, Карамушкиналар өздөрүнө пайдалуу иштерде мыйзамды беттерине кармап мыйзам аткарылыш керек деп акылдуу болуп сүйлөшөт. Кыргыз тил мыйзамына келгенде мыйзам жоктой өлүмүш болушат. Биз ишенген саясатчылар, активдүү жаштар ушинтип өзүбүздүн тилге каршы болуп, ар-намысы жок болуп жаткандыктан ушундай сөз болуп жатат. Башка проблема жок болуп калгансып Кыргыз мамалекети болуп туруп мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды талашып тартышып отургандын өзү уят.

кимден: Kenje каяктан: Bishkek
22.01.2012 17:57
Ulukbek Babakulov, emne ychyn oruscha bilbegen kyrgyzdar jonyndo kep kylbaisyz? Alarda oz ishin mykty bilgen ishtermandar, birok alardy oruscha bilbeising dep oz olkosyndo ish berbei jatyshat. Al jonyndo emne kep kylbaisyz, bir deme dese ele ukrainder, orustar dep ele basyp jyrosyz.

кимден: Maksat каяктан: Chicago
22.01.2012 10:10
Азыр биз Англис тилин 2-чи оффициалдык тил деп киргизсек эн маанилуу инвестиция болот эле.
Анткени Англис тили менен Кыргыз тилин экоону бирдей онуктуро баштамакпыз.
Про-Орусия жарандары буга катуу каршы болушат. Бирок аларга карабастан, мисалы Грузиядай эле, биз Англис тилине отуу зарыл.
Эгер биз бугун Англис тилин офицальный кылабыз десек, жакынкы аранын ичинде эле озгоруулор болот: миллиардаган инвестициялар келет экономикага, башка мамлекеттер менен мамилебиз озгорот, бизде кадрлардын денгеели жогорулайт, эн негизгиси кыргыз жаштары дуйно жузундо конкуренттуу болушат.

Азаттык, ушул боюнча суроо откозсонуз абдан жакшы болот эле! Бул реформага акча да абдан оной жана бат табылат, керек болсо бекер да болот. Бара бара Кыргыздар, орус тили эмес, Англис тили аркырлуу Батыштан, Азиядан инвестицияларды, технологияларды, идеяларды алып келе баштайт эле. Бул ото маанилу инвестиция.
Пикирге жооп

кимден: Жон турчу эй тууган
23.01.2012 16:21
Капкайдагыны айтпай. Кыргыз тили ансыз деле орус тилинин тепсендисинде калып атса эми англис тили экоолоп тоо басты кылсын дегени турасынбы? Бир эле тил мамлекеттик болушу керек Кыргызстанда - кыргыз тили. Эч кандай расмий тилдердин кереги жок.

кимден: Barsbek каяктан: Avganistan
22.01.2012 00:34
Tilibizdi onukturbosok bolboy kaldi. Kirgizdin potensiali chegine jetti dep ayta alam. Azir orus tilinde suyloy albagan 4.000.000don ashik adam bar. Al adamdar mamleketibizdin kunumduk sayasiy, ekonomikalik jana sotsialdik jashoosuna katisha albay jatishat. Bul demek, 4.000.000don ashik adamdin potensialin koldono albaytabiz degen soz. Alardin ichinde Einsteinder, Bill Gatester, Cherchillder, Rockfellerler jurot. Alar bolso, tili jok bolgonduktan, basirilip, kotorulo albay kalip jatishat. Bul adamdardin barchu jeri AZSter, bazarlar, kochoolor bolup kaldi. En jakshi jerde ishtegeni satuuchu... Katuu soz, birok bular 'Koomduk musor' dep koysok bolot. Ech kimge paydasi jok adamdar....
Al emi bular bolso, Kirgizstandin 80%in tuzot... Emi ozunor jiyintik chigargila.
Urmat eje, siz natsist emessiz, sizdi orustardin SMIleri, oz kizikchiligi uchun natsist dep jatishat. Biz sizdi koldoybuz. Siz, ushul topurakka kanin togup kelgen bizdin ata-babalaribizdin kizisiz.
Tilibizdi onukturolu, bolboso tupikke kelip kaldik. Mindan ari onugushubuz oor. Koomubuzda stres koboyup, mindan jaman da ahbaldardi jaratip koyushu mumkun.
Al emi akili jok Ilimge aytip keteerim, orus tili asmandan tushkon emes, fransuzdar teatrda jurgondo, orustar sakaldarin osturup, abarigen bolchu, teatr degen sozdu osholordon algan. Evropaliktar universitetterde okup jurgondo, orustardin tamgasi da jok bolchu. Student degen sozdu oshol evropaliktardan algan. Tilimdin kolunan echteke kelbeyt debe, orustar da ubaginda aytkandir, BIROK TILIBIZDI, BASHKA TILDERDEN SOZ ALIP BAYITIP, TATIKTUU DENGEELGE CHIGARA ALABIZ. Biz dagi kreativduubuz, innovatsyani koldonup, aldinki tehnologyalardi ozdoshtugongo toluk potensialibiz bar (tilim dese ele, mekenchildik sezimderi menen oynop, tupikti korsotup, taza kirgizcha suyloy albaysin debe).

кимден: Кыргызбай каяктан: Бишкек
21.01.2012 23:20
Орус тилдүү деген сөздү орус шовинисттери орустан башка улуттардын айрым адамдарын СССР ден бөлүнүп эгемендик алган негизги улутка каршы коюш үчүн ойлоп тапкан жаңы куралы . эгер кайсы бир улуттун өкүлү өз эне тилин билбей орус тилин гана билип калган болсо ага мурдакы доор , орустун башка улуттарды орука сиңиштирүү саясаты жана өз эне тилин үйрөнүү аракетин жасабаган ошол адамдын өзү жоопкер , дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө биздекидегидей орус тилдүү деп башка улут өкүлдөрүн кошуп алмай жок ! Уйгурлар , өзбектер , украиндер , немистер кереметтүү эне тили бар улуу элдерден болп табылат , алар эч качан орус тилдүү эмес жана эч качан орус тилдүү болууга акылуу эмес ! Ооба , орус тили улуу тил , ошондой эле орус тилдүү эл деген сөзгө орустар гана татыктуу , ал эми бизге окшогон орус тилин жакшы өздөштүргөн башка улуттун өкүлдөрү орус тилин керемет билген адам катары эсептелебиз . Кыргызстан көп улуттуу , бардык улуттун өз эне тилин өнүктүрүүсүнө мыйзамдык жактан тоскоолдук жасабаган демократиялуу өлкө , азаттыктын 20 жылынан бери бир дагы башка улуттун тили басмырланып тебеленген жок , тек кана кыргыз тили гана эң оболу Акаев тарабынан ( ал жарыктык оруссияга качуугу алдын ала көздөп , орус тилин расмий тил кылып , кантка орус аскердик майданын киргизген ) айабай шылдыңдалып тепселген , ошондон бери тепселгенден тепселип келе жатат ! Ирина Карамушкинага окшош адамдар өзбекстанда болгондо неубак о дүйнөдө жатмак , эгер казакстанда болгондо мажилис залынан ошондой сөзү үчүн айдалып чыкмак ( эсиңиздерге сала кетчү кеп :Казак мажилисинде 3-4 жыл мурун казак тилин билбеген журналисттерди мажилис жыйынына киргизбөө М. Шаханов тарабынан көтөрүлгөн ) . Ирина Карамушкинага окшогон кыргыздын нанын жеп суусун ичип жүрүп кыргыз тилин толук деңгелде үйрөнө албайм деген адамдардын кыргыз жогорку кеңешинде олтуруусунун өзү кыргыздын намыссыздыгын , өз мамлекетибизде өз ар-намысыбызды өзүбүз коргой албаганыбызды түшүндүрөт . Ал эми Улугбек Бабакуловко айтарым , атыңа караганда өзбек же уйгурдун кулуну окшойсуң , уйгур менен өзбектин улуу эне тили бар , уйгур менен өзбек эч качан орус тилдүү эмес жана болбойт , эгер алардын арасында эне тилин унутуп орусчаны гана билип калгандар болсо ал киши эне тилин кандайдыр себептер менен билбей калган киши болуп эсептелет , кыргызстанда андай адамдардын өз эне тилин үйрөнүүсүнө мыйзам жагынан эч кандай тоскоолдук жок . Сиз немис ,украйин , уйгурлар орус тилдүүлөр деп улуу улуттарды каралоого эч акылуу эмессиз , орус тилдүүлөрдүн укугу тепселенет деп кыргыза деген душмандык ой түпкүрүңүздү да айгинелеп турасыз ! Анан Илим Карыпбекке окшогондорго кыргызда бир макал бар (сөгнүү эмес): Эне тилин саткан энесин саткага барабар ! Кыргыз тили мамлекетиик тил болгондон кийин эч талкууга салбай эле ар бир мам кызматта иштеген жетекчи мыйзамды аткаруу менен өзү өнөгө болуусу зарыл.

кимден: Адилет каяктан: Бишкек
21.01.2012 12:42
Илим, сен кыргыз тилин толук билбесен, биз барыбыз сага тенелип, сага ынгайлуу болсун деп орусча суйлоого милдетуу болуп калабызбы? Суйлогон созундун маанисине озундун акылын жетип жатабы? Сенин эгоисттик каалоолорундун кимге кереги бар? Кыргызчаны уйротуу деген эмне? Сага бироо, же окмот чайнап туруп оозуна салып коюш керекпи? Какап кетпейсинби?
Пикирге жооп

кимден: Куйдумкан каяктан: ош
26.01.2012 10:25
Мен айтат элем ЭНЕ-ТИЛИН билбеген Элин сүйүп жарытпайт.
Эмнеге Карамушкинанын сөзүн угушубуз керек.Сен Кыргыз мен Кыргыз жана Кыргыз болуп кыргыз тилин сүйлөп кылымдан кылымга кете бериш керек. Жетекчилерде ар намыс бар бекен деген ойдобуз!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине