Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:11

Эл үнү / Коом

Маевкадагы мектепте мушташ болду

Бишкектин четиндеги Маевка айылында окуучулар ортосунда чатак чыкты. Айрым укук коргоочулар бул мушташ кыргыздар менен башка этностор ортосунда болгон деп бышыкташууда. Жергиликтүү бийлик менен мектеп жетекчилиги мындай маалыматты четке кагып, мектеп окуучуларынын катардагы тентектиги катары баалашууда.

Текст көлөмү - +
Мушташ 26-декабрда Маевка орто мектебиндеги жаңы жылдык кече учурунда чыккан. Маевка айылынын тургуну, “Өнүгүү жана тынчтык” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Яхмада Висаеванын айтымында, чатак  кыргыз жана кавказ улуттарындагы окуучулар ортосунда чыккан:
 
Окуучулар эч нерсе болбогонун айтышып, биздин көзүбүзчө элдешти. Андан соң мугалимдерден атайын топ түзүп, айылды кыдырып чыктык.

- Бул чатак 26-декабрда мектептеги балаты учурунда болду. Кече учурунда лезгинка бийине ылайык музыка коюлган экен. Мектептеги кыргыз окуучулар "лезгинканы койбогула" деп нараазычылык билдирип, “биздин айыл өкмөтүнүн башчысы ингуш улутунан болсо эле лезгинка бийлешибиз керекпи” дегенден чыккан экен. Дал ушундай мүнөздө, улуттук өзгөчүлүктөн улам мушташ башталган экен. Мушташтан кийин бул балдарды мектептин имаратынан айдап чыгыштыр. Андан кийин алар түн ичинде башка жаңы конуштардан да балдарды чакырып алышып, жапырт мушташ чыгарышыптыр.
 
Висаева окуядан бери эки күн өтсө да бир нече ирет мушташ болгонун, муну кимдир-бирөө атайлап уюштуруп жатышы мүмкүн экенин билдирүүдө.
 
Мектеп жамаатынын маалыматы башка
 
Мушташ чыккан Маевка орто мектебинин жамааты Висаева тараткан маалыматты төгүнгө чыгарууда. Мектептин директору Клара Жээнбаеванын айтымында, жаңы жылдык кече учурунда кыргыз жана орус улутундагы эки окуучу кайым айтыша кеткен. Бирок мектептин мугалимдеринин кийлигишүүсү менен экөө дароо элдешип, үйлөрүнө жеткирилген.
 
Архивден: Маевкадагы жаңжалдан кийин, 20-апрель, 2010-жыл
​​- Окуя болоор замат мугалимдер менен участкалык милиционер жетип бардык. Ал жерде кыргыз жана орус улутундагы эки окуучу уруша кеткен экен. Дароо эле участкалык милиционер уруштун эмнеден чыкканын териштирип кирди. Окуучулар эч нерсе болбогонун айтышып, биздин көзүбүзчө элдешти. Андан соң аларды үйлөрүнө жөнөтүп, мугалимдерден атайын топ түзүп, мушташ уланган жокпу деп айылды кыдырып чыктык. Биз кыдырган жерлер тынч болчу.
 
Аталган орто мектептин мугалимдери мушташты этникалык мүнөздө болду дегенге макул эмес. Ямада Висаеванын тараткан маалыматты чагымчылдык катары баалап жатышат. Алар жаңы жылдык кече учурунда кавказдыктардын лезгинка музыкасы коюлбаганын ырасташууда. Бул боюнча “Азаттыкка” мектептин мугалими Алиман Байгазиева төмөнкүлөрдү айтып берди:
 
- Кече учурунда лезгинка коюлган эмес. Орус жана Батыш тилдериндеги музыкалар коюлган. Тартип бузуу деле болгон эмес. Биз ар бир окуучунун үйүнө жетип-жетпегенин ата-энесине чалып билгенбиз.
 
Ким кимди сабады?
 
Биз барган учурда мектепте балдарды жолуктуруу дээрлик мүмкүн болгон жок. Муну кышкы каникул менен байланыштырышты.

Архивден: Маевкадагы жаңжалдан кийин, 20-апрель, 2010-жыл
​​Биз жолуктурган жогорку класстын окуучу кыздардан “билбейбиз” деген гана жооп уктук. Айрым ата-энелер 26-декабрда балдары үйлөрүнө таяк жеп келгенин айтып жатышат. Алардын бири Белек Жаңыбаев уулу Бек Жаңыбаевдин кийимдер тытылып, орус улутундагы балдардан токмок жеп келгенин белгилейт:
 
- 26-декабрда уулум аксап келди. Эмне болгонун сурасам, "билбейм, эки машине менен тороп алышып, балдар сабашты" деп айтып берди. Улутун сурасам "орус балдар" деп айтып жатат.
 
26-декабрда болгон окуя боюнча райондун бийлик өкүлдөрү кабар алып, азыр айыл калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жактаны белгилүү болду. Маалыматка караганда, мушташка катышкан балдар өз алдынча элдешип алышкан деген негиз менен арыздын жоктугуна байланыштуу деп, кылмыш иши козголгон эмес.
 
Маевка айылында кыргыз, өзбек, орус, азербайжан, уйгур, татар, түрк, грузин, ингуш сыяктуу көп улуттар жашайт. 2010-жылы апрель айында айылдын тургундары менен үлүш жерлерди басып алгандардын ортосунда чатак чыгып, бир адам мерт болуп, бир нече үй өрттөлгөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ediko каяктан: kg
09.01.2012 19:56
surottordun bul temaga emne tiewesi bar??? jakwylap baykap, karap koro turgan bolsok, kandaydyr bir ku4tor, dagy bir jolu ulut aralyk janjaldy uyuwturup jatkanday.....bul kungo 4eyin kan4alagan baldar arasynda uruw bolgon...misaly biz dele uruwup 4onoygonbuz.....erkek kiwi uruwup 4onoyot.....je emne ke4eee ele 26-dekabrda payda bolupturbu?....kumurskaday nerseni pildey kylyp elge ayta bersener akyry jaman nerse menen ayaktayt....adam oz oyun bildireerde owol bildire turgan oyun jakwylap oylop anan bildiriwi kerek....anyn kata oyu menen kutulbogon jaman nerseler bolup ketiwi mumkun......bul nerse ar bir adamga tieweluuuu....azattykka da.....soz oz eesin tabat....kop provokatsyaga aldyrbayly baarybyzga tyn4tyk kerek....!!! dayim bir bololu...

кимден: Elbek каяктан: KNR
30.12.2011 18:01
eeeh kyrgyzdar kachangycha ozubuzdun jeribizde bashka uluttan korkup jashaibyz?Bizge Oshtun meri Melis myrzadai chynygy kyrgyz dep kuigon adam kerek!!!Myna oshol adamdyn kuchu menen azyr Osh kandai bolup kaldy,demek bizge myna ushundai adam kerek!!!

кимден: Кыргыз жигит каяктан: Бишкек
29.12.2011 10:09
Ар дайым эле кыргыздар өз жерибизде келгиндерден кор болуп жүрөбүз, балдарыбыз сабалып, кыздарыбыз тепселип. Деги качан биз көпчүлүк болгон кыргыз улутунун кызыкчылыгын коргогон өз мамлекетибизди түптөйбүз. Качанкыга дейре бөлөк улуттарга (өзбек, орус, кавказ, татар) кор болуп жүрөбүз.
Пикирге жооп

кимден: kokon
29.12.2011 17:19
Татар,месхет ж-а озбек озубуздун эле биртууагандарыбыз,алар башка улут эмес. Маселе орус шовинизминде жатат. Кыргызстандагы орус шовинизмин кантип токтотсо болот?
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу