Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:11

Коопсуздук

Транзиттик борбор: кетсин! кетпесин!

“Манас” аба майданынан АКШ транзиттик борборун чыгаруу талабы кайрадан коюла баштады.

Текст көлөмү - +
Маселе парламентте көтөрүлүп, айрым адамдар нааразылык акцияcына чыгышты. Транзиттик борбордун Кыргызстанда турушунун оң, терc жагдайлары “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Талкууга Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана экологиялык “Асыр” уюмунун жетекчиси Карыпбек Серенов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Карыпбек мырза, пикирлештериңиздер менен биргеликте Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыгып, базанын чыгарылышын талап кылдыңыздар. Негизги себеп эмнеде?

Карыпбек Серенов: Биздин максат - Америка базасын кетирүү. Биз бул маселени 2007-жылдан бери көтөрүп келатабыз. Бизде бир топ себептер бар. 

2007-2008-жылдары америкалык учактар көп зыян келтирди. Дыйкандардын 579 гектар эгини зыянга учурады, 1100 бак-дарак куурап калды, 20-30 бээ кулун салды. Адамдардын ооруганын айтпай эле койолу.
Америкалыктар 2001-жылы кирген. Андан бери баңгизат жүз эсе өстү.

“Азаттык”: Экологиялык зыянды Канттагы орус аскердик базасы да келтирип жатабы, же америкалыктар элеби?

Карыпбек Серенов: Америкалыктар гана. Алардын атайын учактары бар экен, алар Ооганстандан май куят экен. Орус армиясы антип май куйбайт.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбордун “Манаста” турушуна уруксат берген келишим 2014-жылы соңуна чыгат. Мына ошондон кийин база чыгарылат деп айткан эле. Андан кийин Түркияда АКШ, Орусия, Түркиянын катышуусу менен бул маселенин үстүнөн иштөөнү сунуштап жиберди. Аликбек мырза, 2014-жылдан кийин эмне болот?

Аликбек Жекшенкулов: Президент сөз бергенден кийин сөзсүз аткарыш керек. Эгер чыгарам деп сөз берсе, чыгарыш керек. Тышкы саясат эл аралык абалга жараша болот.
Бул база Ооганстандагы өтө оор кырдаалды кандайдыр бир өзүнүн жолдору менен оңдоп атат. 

Борбор Азияда абал абдан курчуп баратат. Орусия менен АКШнын ортосунда маселелер көп, ошол эле ракетага каршы коргонуу комплекстер боюнча, азыркы Орусияда болгон ички процесстер. Андан тышкары АКШ менен Кытайдын ортосунда да абал өтө оорлошуп бараткандай көрүнөт.

Барак Обама Азияга багытталган жаңы концепция кабыл алдык деп айтпадыбы. Менин оюмча, мындан ары 3 мамлекеттин ортосунда абал курчуйт. Биз "эки пил кармашса, ортодон чымын өлөт" деген абалга түшүп калбай, бир чечимге келишибиз керек. Муну бир президент, же премьер эмес, жалпы эл чечиш керек. Бул жөнөкөй маселе эмес. Ошондуктан муну аябай кылдат караш керек.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиз дайыма "Кыргызстан улуттук коопсуздугуна жараша чечим кабыл алыш керек" деп эскертип келесиз. Ооганстанды эске алсак, ал жакта абал турукташа элек. Ал эмес талибдердин таасири күчөп жатканы айтылууда. Мына эми Ооганстандан коркунучту жоготуу улуттук кызыкчылыкка жатат. Кандай чечим керек?

Мирослав Ниязов: Бүгүнкү суроону ар бир кыргыздын жаранына узатаар элем, бул база керекпи, же керек эмеспи? Ар бири өзү жооп берсин. Бул авиабазанын тагдыры өтө оор, татаал маселе. Тышкы саясатта түбөлүк жолдош да, түбөлүк душман да болбойт. Бирок түбөлүк улуттук кызыкчылык калат. Бул аба база кыргыздын кызыкчылыгына жарашабы, же жарашпайбы?
Барак Обама Азияга багытталган жаңы концепция кабыл алдык деп айтпадыбы. Менин оюмча, мындан ары 3 мамлекеттин ортосунда абал курчуйт. 

Бул база Ооганстандагы өтө оор кырдаалды кандайдыр бир өзүнүн жолдору менен оңдоп атат. Чечендин, уйгурдун серапатисттери, Өзбекстандын исламдык күчтөрү Ооганстанда даярдалды. Америка биринчи коркунучтуу күчтөрдү катуу жайлады. Бүгүн алардан бир күч жок. Бирок муну менен маселе чечилбейт.

Бүгүн Ооганстандан Кыргызстанга коркунуч барбы, же жокпу? Биринчи баңгизат агрессиясы бар. Экинчиси, дин жагынан проблемалар бар. Үчүнчүдөн, дин саясаты, биз светтик мамлекет болобузбу, же биротоло дин жакка бурулуп, араб мамлекетиндей болобузбу? Ошого ар бир кыргыздын жараны жооп бериш керек.

Аликбек Жекшенкулов: Америкалыктар 2001-жылы кирген. Андан бери баңгизат жүз эсе өстү. Бүгүн Ооганстандын баңгиси бүт дүйнө жүзүн сугарат. Экинчиден, талиб, терроризм деп айтабыз. Азыр Аравияда исламчылар бийликке келип атат. Алар менен АКШнын чабуулчулары сүйлөшүп, бир келишимге келүүдө.

Ошондуктан биздин жетекчилер, дипломаттар америкалыктар менен түз сүйлөшүш керек, эмне себептен ушундай болуп атат түшүндүрсүн. Экстремизм деп атабыз, кээ бир мамлекеттер өзүнүн улуттук кызыкчылыгын дүйнөгө жайып, кайра ошого күрөшөбүз деген өзүнчө оюндар болуп атат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: smart каяктан: Bishkek
10.02.2012 22:06
<http://www.transitcenteratmanas.com/ru/news/46-homepage-news-showcase/192-warm-and-dry-changes-lives-on-four-day-trip.html>
<http://www.transitcenteratmanas.com/ru/photos.html>
Орустарга кошомат кылып малай болгонду жакшы көрөсүңөр. Алар үчүн кыргыздар баран деген боюнча кала берген. Силер жок дегенде ким эмне аткарып жатканын билесиңерби

кимден: Нази каяктан: Бишкек
08.02.2012 14:28
Кусуп салып кусундусун жеген иттен айырмасы жок. Башка эч нерсе айта албайм. Кеткен поездди кайтарып алууга аракет кылып жатышат. Эртен казинолор иштеп баштаса эч таң калбайм.

кимден: Кыргызбай каяктан: Бишкек
05.02.2012 20:21
Карыпбек Сереновко: Карыпбек мырза , сиз канттагы орус аба майданынын ошол жакта жашаган элге , табиатка , эгин-жайга , ж.б. жактарга эч pszys жоктугун илимий далилдеп берсеиз ? АКШ аскердик базасы кыргыз казнасына канча каржы берип жатканын жана орустар канттагы база үчүн канча акча төлөп жатканын бизге айтып берсеңиз ? Орустардын Ысык-Көлдөгү теңиз куралдарын сынак кылуу майданы көлдүн табигатын бузбай жаткан болсо , адам ишенерлик жооп берсеңиз ? Анан чет өлкөдөгү орус базасы бар өлкө менен АКШ аскер базасы бар өлкөнүн өнүгүү деңгелин салыштырып көрсөңүз . Акырында эсиңизге саларым 16-жылкы үркүндө кыргыз калкынын тең жарымын АКШ кырды беле же Оруспу ? 2005-жылы Акаевтик диктатураны оодаруу төңкөрүшү болуп жаткан учурда Оруссиянын : Эгер кыргызстандагы бир орустун бир тал чачы жулунса Кыргызстанга катуу сокку беребиз -деп эскерткенин билбейсизби ? Сиз үчүн орустар дагы эле ата боло береби ?
Пикирге жооп

кимден: сейит
07.02.2012 22:56
Кыргызбай канча жолу Үркүн темасын кайталабагыла бул кыргыздын чоң позору деп айтат көөп эле адамдар. Америкада индейцтер кырылып атканда акыркы адамы калганча согушкан жерин таштап качпай. Кайра алардын келечеги учун балта м-н согушкан. Аларда деле токой болгон эмес биздей эле туздук жана тоо болгон.Үркүндү эскертпе эч качан уят.Өз жерин тыштап качкансынар деп шылдын кылып атат башкалар.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.02.2012 23:51
Сеит туура пикирине толугу м-н кошулам.Үркүндү айта берсек, биздин ички сырыбызды,коркок деп ойлоп бизге кайталашы мумкун башкалар.
Пикирге жооп

кимден: тоолук
06.02.2012 18:01
туура айтасын. канттагы орус аскер базасынын учактары тоолорду аткылайт деп жергиликтуу адамдардан коп угам. бул дагы жаратылышка, андагы жан-жаныбарларга оз кедергисин тийгизбей койбойт. АКШ менен жакшы союздаш болгон мамлекеттердин жаман акыбалга кептелгенин коро элекмин, алыс барбай Грузияны эле алалы, Грузия Орусиянын орбитасынан чыгып ккеткенде Орусия жаман катынча таарынып, телеканалдарынан Грузияны боктоп эле жатып калышты эле, акыры мына, оздору кайрадан дипломатиялык катнашты жандандыруу аракетин коруп жатышат. биз Союз маалында Москванын айтканын кын дебей аткарганыбызга конуп калышкан, ошол амбицияларын (имперские амбиции деп койот) унута албай жатышат. биздин чондор бир АКШ, бир Орусияга жалтактап жатышып акыры ушул кунго туш келдик. Орусияда улутчулдардын колунан канчалаган мекендештерибиз каза таап, майып болуп жатканын айткан киши жок. болгону ушул тема кээ бир саясатчыларга упай топтоочу курал болуп калгадыгы кейиштуу. мен "Ганси" авиабазасы чыгарылыша каршымын.

кимден: kyrgyz каяктан: KYRGYZSTANDYK
05.02.2012 02:58
emne amerikanezter kirbegende bangi zat jogolup ketmek bele,kynoony biroogo koiboi ele koioluchu,chondorubuz ozdory bash b-p oshol nerse m-n biznes jasashat ,anan ele akcha berip atkan amerikanezterge asylganybyz Kudaiga da jakpait,anan dagy biz Islam dinnine kirip baratabyz dep aityshat,anyn emnesi jaman,musulman b-p jaralgandan kiin islam dinine kirish kerek da,egerde dindi tuura koz karash m-n karasan,any tyshynson any tuura jolgo bashtasanm, sen ozyndyn kim ekenindi sezesin i dushmanyna dagy jamandyk kaalabai kalasyn.

кимден: Altynai каяктан: Germany
05.02.2012 02:42
Adamdar olturup-olturup ele kylaarga ishi jok byljyrai berishet eken da,emne Amerikanezterdin akchasy azdyk kylyp ataby?chygaryp salgynar k-p kalyptyr,egerde alar dagy akcha berebiz azdyk k-p atkan b-o dep aitsa ,anda oilonboi turup amerikansy kalsyn dep mittinge chyksanar k-k.Ei emnele alarga asylyp kaldynar,alar samalettorun bekerge koiup jatkan jokko,alardyn turganyna okmot akcha alyp turup dagy dele naraazy,ei Kyrgyzdar yiat degen nerseni unutpagylachy suranych.Silerdin k-n ishinerdi k-p men bul jakta turup yialyp ketipjattam.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2012 02:27
Menin pikirim biz svettik mamleket boydon kalıshıbız kerek. Afganistan jaktan radikal din korkunuchu bolup jatkanda, Arap mamleketterine okshoboy munu oylonup chechuu kerek! İslam Sredniy Vostokto oto radikaldashıp bara jatat. Biz Evropa jana Amerika, konshubuz Rossiyaga ıktashıbız kerek go menimche...

кимден: искен
04.02.2012 00:59
Мен каршымын , орустун оозун карабай - башка элдер менен тузуш керек ошондо. Андан тышкары булар акча толоп жатышат 100 млн ким берет ?
А негизи сатылып кеткендерди , кыргыз кызыккчылыгын ойлобогон аткаминерлерди атып салыш керек ошондо.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
03.02.2012 14:42
Бул митингтин артында орустардын акчасы турат эмеспи,бул чоң секрет эмес.Акчага сатылып митинг өткөргөн көп акылдын кереги жок, акыл деген Кыргызстанга кантип акча киреше киргизгенде керек! Биздин саясатчылар Москвага барып ар бир эшикти какылап сагалашып акча кайырым сурап жүргөндөрү эсибизде.Саясий праститутцияны дал ошол саясатчылар баштаган аларды туурап мына мобу саясий шуркуялар митинг өткөрүмүш кылып сатылып атпайбы.Кыргызстанга киреше киргизебиз деп митинг өткөзсөңөр бир жөн эле Мисалы: Кантагы базаны акча бербесе жабыш керек деп чыксаңар анда Кыргыз элине жакшылык тилемексиңер. Ал эми азыркы кебетеңер өз чөнтөктөрүңөрдү акчага толтуруу бир дагы Кыргыздын кызыкчылыгы ЖОК! Абдан күлдүрдүңор Америкалыктардын учактары май куйат орустардыкы андай май куйбайт деп ой оңбойсуңар го калпыңар менен оңбогурлар ! Эмне америкалыктар силеге атчот берди беле кандай май куйат деп? Балким орустар айткандыр кандай май куйарын?Антпей эле чындыкты айтпайсыңарбы май сай дебей акчага жактап жалданып атабыз дебейт белеңер!!!! Силер жакшылык кылбайсыңар! Керек болсо акча таксасынан бери билебиз кимге канча акча берилгенин билебиз Бишкек кичинекей бардыгы билинип угулуп калат!
Уйаты жоктор силер акчага элинерди сатасыңАр!
Пикирге жооп

кимден: Абдимажит каяктан: москва
04.02.2012 16:47
туп туура айтасын сага толугу менен кошулам, точна так они.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине