Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:12

Атайын баракчалар / Ош күндөлүгү

Чагым салган жазуулар кыжаалат кылууда

Ош шаарынын айрым жерлеринде улуттук кастыкты козуткан жазуулар пайда болушу шаар калкын кыжаалат кылууда.

Чагымчыл жазуулар шаардын чок ортосундагы Навои паркына коюлган учактын бооруна да жазылган.
Текст көлөмү - +
Мындай жазууларды Черёмушки кичирайонундагы дубалдарга, өзбек улуттук Бабур драма театрына жана Навои паркындагы учакка калтырышкан. Күч органдары муну бейбаштар уюштурушу мүмкүн деп болжоп, иликтөөгө алгандыгын кабарлашты.


Бейбаштардын кылганыбы?


Оштогу «Адам укуктары боюнча эдвокаси борборунун» юристи Нурбек Исмаилов улуттар аралык кастыкты козуткан жазууларды шаар калкы менен жолугуп жатып кезиктиргенин ортого салды:

- Бул боюнча бизге Черёмушки кичирайонундагы эл менен жолугуп жатканыбызды айтышты. Алар шаар боюнча үч жерде жазылып турат дешти. Ошол эле кичирайондогу аскер бөлүкчөсүнүн дубалдарына, анан Бабур өзбек драма театрынын дубалдарына жана СМУТТда бир жарандын эле үйүнүн дубалдарына жазып кетишкен. Ал жерден түздөн-түз эле улуттук маселени козгогон, башкача айтканда, «Сарттарга өлүм!» деп турат.

Исмаиловдун айтымында, бул окуя кандуу окуяларды эстен чыгарып бараткан элди кайрадан чочулоого алып келүүдө:

- Негизи элдин кооптонуусу күчөп кетти. Анын үстүнө Черёмушки кичирайонунда бир кылка улуттун өкүлдөрү, башкача айтканда жалаң өзбектер жашайт. Алар үчүн бул нерсе 2010-жылкы окуяны эске салгандай болуп жатат. Эми муну ким жазганы белгисиз го, бирок менимче, көчөдөгү эле бир жаш балдар же, ичип алган бирөөлөр жазышы мүмкүн.

Тургундардын белгилешинче, жазуулар борбордук базарда жана Навои паркындагы учактын бетинде да пайда болгон.

Черёмушки кичирайонунун жашоочусу Салижан бул ишти кайсы бир күчтөр тарабынан атайылап уюштурулуп жаткан чагым деп эсептейт:

- Сарттарга, же мындайча айтканда өзбектерге өлүм деп жазылган жазууну жөнөкөй эле бир жаш балдар жазып койду дегенге кошулбайм. Муну бирөөлөр атайын чагым кылгысы келип жасап жатат. Бул эми араң жашап жаткан элди кайра дүрбөлөңгө, кыжаалатка салууда. Алдын ала минтип коркутуп жаткандан кийин эми бир күн бирөө жарым үйгө кирип келбейт деп ким кепилдик бере алат? Ансыз да эшик-эликтин баары ачык турат. Кечкисин ээн-эркин сыртка чыгыштан кооптонобуз, балдарды күндүзү ойнотуштан коркобуз. Кыскасы элге кыйын эле болду.


Милиция иликтеп баштады


Ал эми күч органдары элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. Шаардык ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Замир Сыдыков улут аралык кастыкты козгогон жазуулар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Дубалдарга ар кандай сөздөрдү жазып, улуттар аралык кастыкты козгоо боюнча эки факты катталган. Азыр факт боюнча кылмыш иши козголуп, улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Муну эми бир бейбаш немелер эле уюштурушу мүмкүн деп болжоп жатабыз. Ошол себептүү мындан саясат кылып, кооптонууга негиз жок. Учурда абал тынч, баардык кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө.

Ошол эле кезде чагымчыл жазуулар пайда болушун Ош шаардык кеңешине болчу шайлоо менен да байланыштыргандар бар. Болбосо аймактагы кырдаалдын туруктуулугун каалабаган топтордун кайрадан баш көтөрө баштагандыгынын белгиси дешет серепчилер.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Роза каяктан: 12
17.01.2012 15:52
Бул баардык улуттук кастыктар, революция төңкөөрүштөр бул улуттук идеологиянын жоктугунан болуп жатат! Эгерде идеология түзүлбөсө кыргызды ар улуттар келип өлтүрө берет! Кыргыздар жерин таштап чет өлкөлөргө кете берет!

кимден: Barsbek каяктан: Istanbul
17.01.2012 12:27
Cheremushkada kobuncho Ozbekter jashayt desek tuuraraak bolot, jalan ozbek jashayt degen tuura emes. Jer uylordo kobuncho ozbekter, al emi kabat uylordo kyrgyzdar kop jashayt.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)