Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:12

Коопсуздук

Айдаркенде араздашуу от алып кете жаздады

Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында өткөн аптанын аягында улут аралык жаңжал чыгып кете жаздады.

Айдаркен шаарчасы, 30-январь, 2012.
Текст көлөмү - +
Ага шаарчадагы бир банкта кассир болуп иштеген келиндин банкты тономокчу болуп кирген адамдын колунан ажал табышы себеп болгон. Натыйжада бул кылмышка шектүү деп кармалган тажик тектүү жарандын жакындары шаарчадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.


Эки элдин ортосуна бүлүк салган кылмыш


26-январда РСК банктын Айдаркендеги бөлүмүнө кол салынып, анда кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгон. Анын эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү делген адам кармалганы кабарланып, ал жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов экени белгилүү болот. Ошентип өлтүрүлгөн келиндин кыргыз, кылмышка шектүү деп кармалган адамдын улуту тажик болушу бу шаарчадагы эки элдин ортосуна жарака салгандай болду.

Маркум Камиланы жерге берүү зыйнаты бүткөн соң анын жакындарынан турган 200 чакты адам топтолуп, шаарчадагы тажик тектүү жарандар жашаган конушка бет алат. Алар Камиланын өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдын туугандарын - төрт үй-бүлөнү шаарчадан чыгып кетсин деген талап коюшат. Бактыга жараша убагында жетип барган милиция абалды курчутпай жөнгөрүп калганга жетишет.

Бирок ага карабай жанагы төрт үй-бүлө Айдаркенден чыгып кетет. Кай жакка орун которгону, биротолобу, же убактынча кеттиби, азырынча белгисиз.

Канткен менен чогулган кыргыз жаштары тажик тектүү жердештерин улут аралык касчылыкты курчутууда, мыкаачылык менен киши өмүрүн кыйды деп айыпташат. Жергиликтүү тургундардын бири Толгонай болсо бул окуя үчүн тажик  жердештеринин  баарын күнөөлөө туура эмес дегени менен жаштардын койгон талабында жөн бар деп эсептейт:

- Эми баарын чыгып кетсин дегени туура эмес. Антип айткан деле эч ким жок. Бирок мыйзамга баш ийбей, милицияны көзгө илбей, жанагындай мыкаачылыкка барып атса тартипке чакырып коёлу деп жатышат да...


Кооптонуу дале сакталууда


Кыргыз жердештеринин минтип чогулуусунан соң мурда чыгып кеткен төрт үй-бүлөдөн сырткары дагы чочулаган бирин-экин тажик тектүү жарандар да Айдаркенден чыгып кеткени айтылууда. Бирок азырынча канча киши экенин так айтуу кыйын.

Азыр аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, кошумча күчтөр да тартылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Раззаков учурда абал көзөмөлдө экенин, эки тарапка тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтат.

Аймакта кырдаал тынч делгени менен абал мурдагыдай эместей. Калк арасында дагы чоң жанжал чыгып кетпесе экен деп кооптонгондор да жок эмес.

Жергиликтүү тажик улутунун өкүлү Мирзобек Сайитжанов да азыркы абалга бир аз кооптонуп турганын жашырган жок:

- Кылмышка шектүү киши кармалды. Ага эч ким тоскоол болгон жок. Эми ал айыбы далилденсе мыйзам негизинде жоопко тартылат да. Ага эч ким каршылык көрсөткөн жок. Биз баарыбыз ушул жерде жашайбыз. Баарыбызга бирдей жоопкерчилик бар. Минтип бир улутту күнөөлөгөн туура эмес деп ойлойм. Мыйзам менен тартип орнобосо абал кооптуу боло берет.

Айдаркен шаарчасында 10 миңдей калк жашайт. Анын 45 пайызын тажик тектүү жарандар түзөт. Шаарчада эки элдин ортосунда буга чейин деле майда-барат чырлашуулар, жаштар арасында мушташтар боло келген. Бирок бул жолу абал кыйла оорлошуп кеткендей...
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: tixbar каяктан: Москва
03.02.2012 21:43
Жеңиш, эгерде Айдаркен шаарчасында 6476 кыргыз, 4800 тажик болсо, тажиктер 45% эмес, 42,5% гана түзөт.
Мен башка статистика берейин. 2007/08 окуу жылында Айдеркендин Фирдоуси атындагы тажик орто мектебинде 510, №19-кыргыз орто мектебинде 826, №20-орус орто мектебинде 1316 окуучу окуган. Орус мектептин окуучуларынын 80% кыргыздар болушкан. Адатта улуттардын % үлүшү, окуучулардын % үлүшүнө түз пропорциялуу.
Айтайын дегеним статистика жакшы бирок, Айдаркендеги окуяга келгенде статистика абалды бурмалап коюшу мүмкүн. Себеби базары бир, өзүлөрүн Айдеркенчилербиз деп эсептешкен жанаша жайгашкан "Бирлик" айыл өкмөтүн (мурдакы "Айдаркен" совхозу) айтпай эле коёюн, мазары бир, шаарчага чектеш Кычык-айдаркен, Шак-шак айылдары, мурдагы аэропорттун ордуна түшкөн жаңы чек тургундары, шаарчанын батыш жагындагы шаарчага туташ Жал айлына караштуу жаңы конуштун тургундары, катталуу дареги шаарчада болбогону менен шаарчанын тургундары менен ысык, суукта чогуу болушуп, жакшылык жамандыгы чогуу. А статистикада булар көрсөтүлбөйт.
Негизинен Толкунбай туура айтып жатат. Жаны күйгөн, өлгөн кишинин туугандары тажиктерди эмес, киши өлтүргөндүн тууган уругун шаарчадан чыгып кетишин талап кылышкан. Бул жерде улуттар аралык маселени козгоштун деле кереги жок.
Аягында айтарым Жеңиш:
"Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт". Салижан Жигитов.
"Когда ты прав не замечают, когда ты не прав не забывают". Мохамед Али.
"Платон ты мне друг, но истина дороже".
Пикирге жооп

кимден: БИР МИР каяктан: КР
05.02.2012 11:13
tixbar мен жакшы тушунбой калдым сенин пикирине. автор болгон окуяны гана суроттоп бериптир. анан статистика бул жерде негизги маселе эмес. Бул жерде мыйзамдардын жана милициянын жакшы иштебегени, бийликтин бул маселеде алдын албагыны негизги маселе. Мен деле колдойм мыкачыны эл тартипке чакырып тарбиясы жокторду кетсин деп жатканын.

кимден: Жер Эне каяктан: Баткен
03.02.2012 17:59
Ал тажик Кыргыздын аялын олтургонго кандай акысы бар эле?Кредит алып толой албай калган,анан кредит жонундогу бутун документтерди коркутуп алам деген ойдо даярданып алып барган.Ал ойлогондой Кыргыз келин онойлук менен ишин саткан эмес тазалыгы учун ,Козун отвертка мн ойсо да моюн сунбай олуп кеткен Кыргыздын Эр азаматтары да мындай эрдикке бара албайт азыр.Негизи Баа бердим арбагына башымды ийип таазим кылам.Кесибине болгон суйуусу тазалыгы деп ушуну айт.Таалим алгыла атка минер чиновниктер!!! (себеби мындай нерсеге биринчи жолу кубо болуп олтурам)

кимден: Эсен каяктан: Жалал-Абад
02.02.2012 07:13
Баткендик Карим фамилияң Түкташев эмеспи? Эгер сен болсоң кабарла?

кимден: Толкунбай каяктан: Москва
31.01.2012 18:07
Бир жамандын артынан,баардык бир улутту жаман көргөн болбойт деп ойлойм. Бирок кылмышкерди сөссүз жазалоо керек.Мен билгенден мындайнерселер болуп эле келген.Мага жанаша жашаган айылда да бир аялды бир бала өлтүрүп коюп,элдер анын үй бүлөөсүн көчүп кеткенге мажбурлашкан.Өлгөн да өлтүргөн да бул учурда Кыргыз болгондугуна карабай.Мен ойлойм бул деген,мындайларга биздин арабыздан орун жок деген белги го деп. Орустарда изгой деп койот беле????

кимден: Mairambek каяктан: Istanbul
31.01.2012 15:47
Uluttun jamani Bolboyt Eldin Jamani bolot...
El'n siylasa Jeri aman bolot................

кимден: патриот каяктан: баткен
31.01.2012 11:47
Жаманды коногу бийлейт-деген ушуда.

кимден: айдаркен
31.01.2012 09:07
урматтуу Азаттык, маалыматты туура берсенер боло. Айдаркенде тажиктер 45 пайыз эмес 20 эле пайызды тузот ашып кетсе. Мен озум Айдаркендик болом. 3-4 пайызын озбектер, дагы 3-4 пайызын орустар тузот, а калганы кыргыздар.
Пикирге жооп

кимден: Карим каяктан: Айдаркен
31.01.2012 19:32
Кайсы 3-4 пайыз озбек бар? Кайсы 3-4 пайыз орус бар? Эсептесенер кичине. 3-4 озбек, анан малчы болуп жалданып иштеп жургон 5-6 орус бар. Башкаларын мен билбейт экенмин ушул жерде журуп эле. 1 чечен бар. Жанагы 80 улуттун окулу бар деп дооругондорго окшобосонорчу. Тажиктер деле 10 пайыздын айланасында болушу мумкун, коп эмес.
Пикирге жооп

кимден: Жениш каяктан: Баткен
01.02.2012 18:07
Айдаркен шаарчасында 6476 Кыргыз улутундагылар болсо, 4800 дой Тажик улутундагылар бар деген расмий маалымат бар. Атайын статситика кызматы билдирген

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине