Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Улутунуп калды "Улуу Тоо"...


"Аппак сүйүүң тартуула", Либушэ менен дуэт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

"Аппак сүйүүң тартуула", Либушэ менен дуэт, Острава, Чехия, 2000-жылы жаздырылган. (Аманат сүрөт: Ага Хан кору)

Кыргыз эл артисти, белгилүү комузчу-күүчү, ырчы-дастанчы Нурак Абдырахманов күтүүсүз дүйнө салды.

Кечээ 26-майда улуттук филармонияда Эл артисти, маркум - Нурак Абдырахмановдун концерти өттү. Комузчу аны мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурган экен. Бирок устат баштаган ишти шакирттери, кесиптештери улантышты.

- Улуу комузчу, улуу күүчү, улуу элдик музыкант, салттык музыканын эң көрүнүктүү ишмери болгон демилгечи адам болчу. Окутуу методикасын ойлоп таап, элдик этномузыка боюнча мектеп ачып, таланттуу балдарды тандап алып, аларды окутуп-үйрөтүп, чоң иштерди жасап аткан, - деди салттык музыканы изилдөөчү профессор Камчыбек Дүйшалиев.

Комузчу ооруп жүргөндө да чыгармачылык менен иштеп, тыным алган эмес экен. Бул тууралуу Нурак Абдырахмановдун шакирти жана комуз күүлөрүн изилдөөчү Мастура Бердибекова минтип эскерди:

- Кылымдап келаткан комуз сырларынын деңгээлин ачып бере алды да. Мобу эгемендүүлүк жылдарынан баштап, комуздун жүзү ошо кишиден өтө бийик деңгээлде толукталып бийиктикке чыкты. Өкүнүчтүүсү, бу кишинин ырларын комузунун коштоосу менен нотага түшүрүп калсак болот беле, бирок шарт түзүлгөн жок да. Бул киши менен үч-төрт китеп чыгарса болмок эле.

Мастура Бердибекова 2009-жылы комузчу менен биргеликте “Нурактын күүлөрү” китебин даярдаган. Китепке Нурак Абдрахмановдун 17 автордук залкар күүсү нотасы менен киргизилгенин айтты:

- Алгач дискке жаздырганда "Оо, комуздун кудурети ушундай программа менен берилген турбайбы" деп, аябай таасирленип сүйүнүп, бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. “Өнүгүүчү”, “Адаттык Камбаркан” баштаган бир топ күүлөрү, “Тактекеси”, кыл кыяк күүсү бар экен аны, “Жибек жолу” деген ооз комуз күүлөрү - баарын өзү кошулуп жазышкан.

Эски күүлөргө жан киргизген

1947-жылы Ак-Талаанын Куртка айылында жарык дүйнөгө келген Нурак Абдырахманов алты жашынан “бала комузчу” аталып, алгач өз айылына, анан Ак-Талаа өрөөнүнө таанылган.

Эрезеге жеткени, он беш жашынан өз өнөрү менен республикалык кароо-сынактарда көзгө көрүнүп, байгелүү орундарды ала баштайт. Шекербек Шеркулов, Абдыкерим Мокоев, Асанаалы Кыштообаев, Абдракман Кыдырбаев өңдүү чоң устаттарга шакирт болот. Комузчулук өнөрдүн эң бир татаал сырларын үйрөнөт.
Нурактын "Алымканы" Прагада, 2000-жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

1967-жылы Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктап, маданий жайларда иштейт. 1970-жылдардан баштап Ак-Талаа райондук маданият үйүн жетектеп жүргөндө “Шаттык” өздүк көркөм чыгармачылык ансамблин түзүп, “Тогуз кайрык”, “Сайра комуз”, “Эл чыгармачылыгы” телесынактарында башкы орундарды алат.

1974-жылдан баштап Ак-Талаадагы музыкалык мектепти жетектеп, бир топ таланттуу балдарды өстүрүп чыгарат. 1982-жылдан баштап Чүйдүн Аламүдүн райондук музыкалык мектебин жетектеген жана ал жерде “Мурас” атуу алгачкы музыкалык-этнографиялык ансамблди түзгөн.

Кырктын кырына чыгып, чыгармачылыгы гүлдөп-өсүп турган жылдары, тактап айтканда, 1986-жылдан бери Улуттук филармониянын “Камбаркан” этнографиялык эл аспаптар ансамблинин солисти болуп иштеп келаткан.

Элге белгисиз эски күүлөрдү, элдик ырларды, обондорду кайра жаңыртып, калкка тартуулаган. Боогачы, Сыртпай, Сооронбек, Кашкаары, Атай, Муса, Калмураттардын ырлары элге жаңы дем менен тартууланып таң калтырып суктанткан.

Ошентип айылдан чыккан жөнөкөй, бирок таланты өзгөчө комузчу Нурак Абдырахманов “Камбаркан” элдик этнографиялык ансамбли менен бирге жана өз алдынча да дүйнөнүн төрт тарабын кыдырып кыргыз комузун таңшытты, уккандын баарын тамшантты. Кыргыздын салтуу музыкасын дүйнө элдерине таанытып даңазалады. Жапонияда (1995), Францияда (1997), Чехияда (2000), АКШда (2001) альбомдору чыгып, дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөргө тартууланган.

2009-жылы чыккан “Нурактын күүлөрү” китебине кыргыздын 17 залкар күүсү нотасы менен киргизилген. Обондору ырдалып, эл арасына кеңири сиңген. 2004-жылы Ага Хан корунун колдоосу менен “Устат-Шакирт” мектебин ачып, өз өнөрүнүн сырын жаш шакирттерине үйрөтүп келаткан. Комуз чаап, анын түрлөрүн таанытып келаткан. Устаттын элге таанылган шакирттери: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бакыт Шатенов баштаган Рахат Көчөрбаев, Гүлжан Карабаева, Токтобек уулу Канат, Кудабай кызы Адинай, Асыкбек уулу Кылымдар, Ишенбек уулу Эмил сындуу өнөрлүү уул-кыздар.

Алты жашынан комуз дүйнөсүнө сүңгүп кирген, өзгөчө бир өнөрлүү инсан Нурак Абдырахманов менен эл-журту түбөлүк коштошоор алдында турат. Алтымыш жети жаштагы устаттын зыйнаты шейшембиде Улуттук филармонияда өтөт.

Эстрада ырчысы Юлия Руцкая Нурак Абдрахмановдун "Аппак сүйүү" аттуу ырын аткаруу менен элге дагы кеңири таанылды.
Кыргызча обон созгон Юлия Руцкая
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

XS
SM
MD
LG