Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:56

Мултимедиа / Интернет эрөөл

Түз байланышта министр Казакбаев болду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна жооп берди.

Текст көлөмү - +

Министр Руслан Казакбаев өлкөнүн тышкы саясаты, миграция маселелери, элчиликтердин иши жана жеке өзүнө байланышкан суроолорго жооп берди.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор жарыяланбайт.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссер Нурбек Эген, муфтий Чубак ажы Жалилов, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев келишкен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 10 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Тамара каяктан: Бишкек
08.02.2012 17:39
Атамбаев АКШ элчиси Спратленди кабыл алып, 2014-жылы эмне кыласыңар деп жарга такаганда сиз да катыштыңыз беле? Чын эле Иран атып жиберет деп чыгарыш керек болуп жатабы же Путин кыстап жатабы?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 18:41
Мен жолугушууга катышкан эмесмин.

Транзиттик борборго байланыштуу келишимди 2014-жылга чейин так аткарабыз. Бул борбор Ооганстандагы абалды калыбына келтирүүгө, аймактагы коопсуздукка оң таасирин тийгизип келатат. Кыргызстандын президенти борборго байланыштуу өз позициясын ачык жарыялады. 2014-жылдан кийин аскердик транзиттик борбор жарандарды ташуу борборуна айланат.

кимден: Билим каяктан: Бишкек
08.02.2012 17:26
Президент Атамбаевди АКШга чакырышабы? Чакырышпайт ко антиамерикачыл билдирүүлөрдү жасап жатканына караганда. Путинге болсо дүйнөдө көз караш өзгөрдү, прогресске бут тоскон лидер катары таанылды, бизде дагы эле бөйпөңдөп жаткансыйбыз. Европа өлкөлөрүнөн же ОБСЕден Атамбаевге чакыру барбы?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:33
Мен оюңузга кошулбайм. Президент Атамбаев демократиялык реформаларды улантаарын айтып атат. АКШдан, Европадан чакыруу өкмөт башчы кезинде да келген. Иштин көптүгүнөн бара албай калган. Чакыруулар азыр да болуп жатат. Анын үстүнөн иштеп жатабыз.

кимден: Mirlan Apsatarov каяктан: Стамбул
08.02.2012 17:26
TR menen KG arasynda viza joyuldu degen kabarlar chykty jakynda. Murun ele viza jok bolchu. Emne ozgoruptur?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:36
Мурун эки өлкө ортосунда бир айлык гана визасыз режим бар болчу. Азыр мөөнөтсүз болду. Иш уруксатын алып салуу боюнча да азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса жыл аягына чейин чечилип калат.

кимден: Аида каяктан: Бишкек
08.02.2012 17:22
Министр мырза, менин суроом министрлик алдындагы Дипломатиялык Академия тууралуу:
Эмне үчүн республикадагы эң бир алдыңкы, элиталык деп аталган, жогору профессионалдуу дипломаттарды даярдап чыгарчу жогорку окуу жайынын ички-тышкы ыр-чыры тугонбой койду? Ушул ЖОЖдун ачылышына кандай гана кыргыз элинин асыл адамдары салымдарын кошуп келишкен. А бугунчу? же балык башынан сасыйт болуп, жалаң гана интригалар менен алектенип калган жетекчилеринен кетип жатпасын? Азыркы ректор - Ж. Сааданбеков, убагында элге кызматы өтөгөнүн тана албайбыз, бирок бүгүнкү күндө чарбасын тыңдай албай калганы да айкын болуп калбадыбы...Сиз, министр катары, ушул куттуу билим ордосунун кутун кетирбей, аксакалдын эмгегин сыйлап, сый-урмат менен узатып койбойсузбу (жашы деле келип калды), ордуна кыргыз жаштарынан илим-билимдүү, татыктуусу деле табылат эле...
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:27
Туура суроо. Акыркы эки жылда 3 ректор алмашты. Сааданбеков ректор болгону колунан келген аракетин жасап атат. Бул кызмат саясий соодага айланган учурлар да болду. Азыр соттошуулар да болуп жатат. Ошол сот чечимине жараша да карап көрөбүз.

кимден: Салтанат каяктан: Нарын
08.02.2012 17:18
Кыргызстан топ-дипломаттарды каерде даярдайт? Мурда Москва эле, эми дүйнөгө кеңири жол ачылды. Мисалы, чекисттер Москвадан окуп келсе, орусчул болуп чыгышат. АКШдан стадировкадан өтүп келсе, америкачыл же наточул болуп калат. Сиздер кайсы дипломаттык мектепке ориентир аласыздар?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:22
Аябай жакшы суроо. Мурда кадрлар аз эле мамлекеттерде даярдалчу. Азыр дүйнөгө кеңири жол ачылды. Бир катар өлкөлөрдө биздин балдар-кыздар окуп атышат. Биз кайсы бир өлкөгө ориентир албайбыз. Көп тараптуу багытты карманабыз.

кимден: Айнура каяктан: Бишкек
08.02.2012 17:14
Мен Сеул Университетинде бакалавр, магистратураны бүтүргөм. Бишкекте башка өлкөнүн элчилигинде 3 жыл иштедим, Англис, корей, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйм. Кыргызстандын Сеулдагы элчилигине кызматка конкурска катышсам болобу?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:18
Элчиликке түз конкурс жарыяланбайт. Бизде ТИМде иштөөгө гана конкурс жарыяланат. Андан өтсөңүз 2 жыл иштеп, Кореядагы элчиликке барсаңыз болот. Эгер орун бошосо ага чейин деле жиберебиз. Сиздин билимиңиз, тажрыйбаңыз бар экен, жакында болчу конкурска катышууңузду суранам. Келип катышыңыз.

кимден: Артур каяктан: Бишкек
08.02.2012 17:13
Кому вы подчиняетесь - президенту или премьеру? Может ли премьер снять вас с работы без ведома президента?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 18:45
По предлжению премьер-министра президент может снять с должности.

кимден: Руслан каяктан: Москва
08.02.2012 17:06
Парламентте биздин Чиналиев посол кыргызча билбегени үчүн бул кызматка ылайыксыз деп чечти деп уктум. Аны эмне кыласыздар, уят ко башкалар укса
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:09
Чыналиев тажрыйбалуу элчилерибиздин бири. Бирок кыргыз тилин билбегени ага жакшы ат алып келбейт. Тил билбегенине эми анын күнөөсү жок, ал кишинин мууну советтик доордо өскөн. Ал мезгил ошондой болчу. Анын ишин биз жакшы деп баалап жатабыз. Сиз айткандай парламентте айрым депутаттар ошондой кине коюп жатат. Эгер анын кыргыз тилин билбегени элчилик кызматына жолтоо болсо анда кызматтан алынат.Бирок азыр ал кыргыз тилин үйрөнүп жатат.

кимден: Орусиянын кыргыз жараны
08.02.2012 17:06
Миграция тармагынын тышкы иштер министерствосуна берилиши карышкырга кой кайтарткандай эле болуп калды. Мурда эле министрликтин кызматкерлери ортомчулар менен келишип алып, карапайым мигранттардан каражат өндүргөнгө маш эле, консулдуктарда, элчиликтерде текебер мамиле, пайданы көздөө орун алып келгенин элдин баары билет. Эми соодагерчилик менен коррупция дагы күчөп кетпейби?. Бул пикирге жообуңуз кандай? Кантип көзөмөлдөйсунор?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:14
Бул саясий чечим. Бизге тышкы миграцияга байланыштуу бир бөлүмү гана өттү. Бул эми туура же туура эмес болгонун убакыт көрсөтөт. Албетте консулдардын ишин идеалдуу деп айта албайбыз. Бул боюнча далилдериңиз болсо мага түз кайрылыңыз. ТИМдин сайтына кирип, биздин даректи алсаңыз болот. Бишкекке келсеңиз ишемби, жекшемби күндөрү түз эле мага кирсеңиз болот.

кимден: АКШ каяктан: Барчын
08.02.2012 17:03
эми чет элдиктер Кыргызстандан балдарды асырап алууга уруксаат берилиптир. Аларды Кыргызстандын ошол жактагы элчиликтериндеги атайын кызматкерлер карап турат экен. Элчиликтер баардык андай балдарды кантип көзөмөлдөйт?
Пикирге жооп

кимден: Руслан Казакбаев
08.02.2012 17:07
Бул иште 7-апрелге чейин башаламандык болуп келген. Коррупциялык системалар иштеп келген. Азыр тиешелүү мыйзамдарга толуктоолор кирди. Элчиликтерге асыранды балдарды алып кеткен уюмдардын тизмеси берилет. Алар ошонун негизинде көзөмөлдөп турат.
Жалпы 10 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине