Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:12

Атайын баракчалар / Ош күндөлүгү

Коогалаңда жабыркагандар: Милиция опузалап жатат

Ошто июнь коогалаңында жабыркап, компенсация алгандар күч органдарынын опузасына кабылып, акчасын тарттырып жибергенин ырасташууда.

Текст көлөмү - +
Бирок алар коркуткан кишилердин үстүнөн арыз жазуудан кооптонушууда.

Укук коргоочулар бул көрүнүштү тезирээк токтотпосо, кырдаалга терс таасирин тийгизе турганын эскертүүдө.

Ал эми орган жетекчилиги мындай фактылар дээрлик жок экенин ачыктоодо.

Оштогу адам укуктары боюнча "Эдвокаси" борборунун өкүлү Сахира Назарова күч органдарынан опуза көрүп, акчасын тарттырып жибергендер тууралуу буларды айтып берди:

​​- Соңку күндөрү милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан ар кандай опузага кабылып, акчасын тарттырып жиберген тургундар бизге аябай көп кайрылып жатат. Эң өкүнүчтүүсү алардын дээрлик баары 2010-жылкы июнь окуясында жабыркап, анан мамлекет тарабынан компенсация алгандар. Алар дирекциядан акча алаары менен күтүп тургансып "күч органдарынанбыз" деп өзүн тааныштырган, формачан адамдар кирип, белгилүү бир өлчөмүн алып кетишет экен.

Назарованын белгилешинче, опузага кабылгандардын арыздары каралбай келет:

- Бул маселени көтөрүп чыгып, иликтөөгө алуу кыйын. Анткени кайрылгандар аларды коркуткан кызматкердин атын, өздөрүнүн атын ачык айта алышпайт. Ишеним жоктугунан кайра эле ошол прокуратура, же милицияга да арыз менен кайрылбайт. Менимче бул көйгөйдү чечүү үчүн күч органдары менен карапайым калкты ачык диалогго алып келиш керек. Антпесе бул кырдаалды татаалдаштыргандан башка пайда алып келбейт.

​​Ошол эле кезде укук коргоочулар тартип сактоо кызматкерлери жарандардын канча акчасын тартып алып жатканын ачыктаган жок. Тургундар журналисттерге же башка бирөөлөргө да айтуудан кооптонушат. Оштогу журналист Салтанат Файзуллаева буларды айтты:

- Кадимкидей форма кийген, автомат кармаган кишилер үйгө түз эле кирип келишет. Анан ар кандай шылтоолорду айтып, үй ээсин коркута баштайт. Берки тургун эч ким жардам бербей турганын билгенден кийин дароо эле акча берип кутулууну туура көрөт. Мамлекеттин жардам бергени эмнеси да, кайра башка жолдор менен жабыр тарткандарды тоноп алганы эмнеси? Тиешелүү органдар бул көрүнүшкө тезирээк чекит коюшу керек.

Өзүн Салижан деп тааныштырган Оштун Черемушка кичирайонунун тургуну формачандар жабыр тарткандарды көчөдө да опузалап жатканына токтолду:

- Ушул жердеги аскердик бөлүктөн 4 жоокер чыгып, балдарды кармап алышып, жанындагы тыйындарын, телефондорун тартып алышкан. Колдорунда тапанча бар дейт. Кичинекей немелер коркуп калышыптыр. Акыры качып атып, араң кутулушуптур.

Коогалаңда жабыркаган ишкер айым
​​Ал эми күч органдары мындай фактылар дээрлик жок деп кабарлоодо. "Анча-мынча болгондордун үстүнөн арыз жазып кайрылбаса, биз аларды кантип териштиребиз" дейт шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

- Беш кол тең эмес. Мен бардыгынын телегейи тегиз деп айткандан алысмын. Биздин кээ бир кызматкерлер кээде ушундай жолдорго барып, жалпы милициянын бетине көө жаап койгон учурлар бар. Бирок жабыр тарткандар жетекчиликке, же прокуратурага арыз менен кайрылсын. Анан далили жок эле ушинтип айтып чыга берген туура эмес. Укук коргоочулар кыйкырып, айтып чыккан фактыларды деле текшере келсең көбүнчө туура эмес болуп чыгат.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы маалымдагандай, ушул кезге чейин этностор аралык кагылыштан жабыр тарткан 2 миңден ашык ишкер 50 миң сомдон кайтарымсыз акчалай жардам алса, дагы 681 ишкер 150 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда алган эле. Мындан сырткары жакындары набыт болгон жана жоготуп алган 400дөн ашык адам 1 миллион сомдон компенсация алган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.01.2012 15:41
Ушундай далили жок фактыларды жарыялап чыккан укук коргоочуларга да катуу чараларды коруу аябай керек. Себеби, бул укук коргоочуларыбыз батыштын тапшырмаларын аткаруу максатында акыркы убактарда болбогон эле жалаалар менен ММКларга коп материалдарды жарыялоочу болушту. Жогоруда айтылган окуяларга эч кандай ишенбейм, андай болушу мумкун эмес. Ар бир ссуда алган адамды укук коргоо органдары андышып, эмне алардын башка иши жокпу?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.01.2012 02:52
ооба, ар бир ссуда алганды аңдышат, бул үчүн бүтүндөй Мэрия иштеп жатпайбы. Жашасын кыргыздар!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.01.2012 09:56
Негизи куч органдарына катуу тартип керек. Укук коргоо орган эмес эле укугундуу бузуу орган болоп калышты алар. Ата бабалар айтып келгендей. Ээ эрменсинген эр жигиттер аш болбойт алдыгы арам акча, эмне кыласынар каргышка калып. Айта берсе соз коп силерге, напсинерди тыйгыла, ээ ыйман берсинчи силерге кудайым.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.01.2012 06:30
бул тууралуу көп айтышат, мында да озум билемдик улана берет. акыры жакшы болбой калат гоо, кыке..

кимден: Nasir каяктан: Denver, Colorado
18.01.2012 01:59
оз ишин аткарып жаткан милицияга тийишпегилечи. Алар деген биздин коопсуздугубуз учун сакалчандарды кармпа журушот. ал эми сакалчандар махаляларга жашынып алышса эмне кылыш керек?
Пикирге жооп

кимден: Akil каяктан: Bsh
18.01.2012 15:32
Ey sen voobshe suylobochu! Kep emne jonundo ketip atkanin bilesinbi iya? Ozu saga okshogondordon oshol milissyadagilar akcha undurushu kerekda.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине