Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ош аэропортунда коррупция гүлдөп жатабы?


Ош эл аралык аба майданы жылына кеминде бир миллинго жакын жүргүнчүнү кабыл алат.
Ош эл аралык аба майданы жылына кеминде бир миллинго жакын жүргүнчүнү кабыл алат.

Ош эл аралык аба майданынын бир нече кызматкери аэропорттун жетекчиси Абдунаби Алиевди кызматтан алуу талабы менен чыкты.

Алар муну мекемеде коррупция, тааныш-билиштик күчөп, тейлөө начарлаганы менен байланыштырууда. Нааразы болгондордун айтымында, Алиев иштеген эки жыл ичинде аэропорттон 300дөй кызматкер негизсиз жумуштан бошотулуп, алардын ордуна эки миң доллар берген кишилер гана жумушка алынып жатат экен. Ош аэропортунун жетекчилиги болсо окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.

Аэропорттогу коррупция Абдунаби Алиев жетекчи болуп келген эки жыл убакыттан бери орун алып келгенин нааразы болгон кызматкерлер ачыкка чыгарышты. Бул аралыкта жумушчулар себепсиз эле иштен алынып, алардын ордуна директордун тааныш-билиштери жумушка коюлуп келген. Мындай көрүнүш соңку мезгилде көбөйүп кетти дешет жетекчиликке капа болгондор.

Аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик бөлүмүнүн жетекчиси Мураталы Акимов акыркы фактыларды ортого салды:

- 3-март күнү самолет учуу тилкесинен чыгып кеткенине байланыштуу менин үч кызматкеримди жумуштан айдап жиберди. Койгон айыбы - силер коомчулукка жайып жибергенсиңер деген сөз. Биринчиден, аны диспетчердегилер башка жактагыларга айта бергидей жинди эмес да. Алар деген кеминде 15-20 жыл иштеген адамдар. Аны болсо самолеттогу жүргүнчүлөр өздөрү учактан түшөөрү менен уюлдук телефондоруна тартып жарыя кылып жиберишкен да. Ал үчүн кызматкерлерди айыптоо таптакыр негизсиз. Кыскасы, ушуга окшогон эле болбогон бир айыптарды коюп, башка кызматкерлерди да жумуштан айдап жатышат.

Нааразы болгондордун айтымында, мындай көрүнүштөр аэропорттун ичинде ондоп саналат. Алиев жетекчиликке келген эки жыл аралыгында 300дөй кызматкер себепсиз жумуштан алыныптыр.

Нааразылардын дагы бири - аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчиси Данил Токтогонов буларга токтолду:

- Алиев жетектеген эки жыл аралыгында 300дөй кызматкер эч кандай себепсиз эле жумуштан айдалып кетти. Ушу күндө алардын ордуна 288 адамды, жалаң өзүнүн тааныштарын жумушка алды. Булардын дээрлик 80% атайын билими жок. Квалификациянын жоктугу эмитен эле билине баштады. Алиев менен Жолдошев жумушка алган кызматкерлер жүргүнчүлөр менен мушташ чыгарып, коркутуп, уруп койгон же акча талап кылган учурлар бар. Булар бир эле өздөрүн эмес, аэропорттун эл аралык деңгээлине да шек келтирип жатышат. Чет элден келгендерге уят болуп жатабыз.

Эки миң долларсыз иш бүтпөйбү?

Кызмат орундары бошогон менен, алардын ордуна келгендер да коррупциясыз келген эмес. Токтогоновдун билдиришинче, аэропортко жумушка алуунун өз баалары качан эле чечилип калган:

- Учурда Ош эл аралык аэропортуна жумушка орношуу толук коррупция болуп калды. Жетекчилер бир кызматкерди жумушка алууда кеминде эки миң, болбосо беш миң долларга чейин пара алышат. Атайын квалификациясы жок, адистиги туура келбесе дагы ишке ала беришет. Мекемеге ишке кирем десең, директор Абдунаби Алиевдин таанышы болушуң керек, же анын орун басары Каныбек Жолдошевдин тууганы болушуң керек. Бардык кызматтарда жумушка алууну азыр ушул эки киши гана чечет. Ошол себептүү биз директор Абдинаби Алиевди кызматтан кетирүү талабын өкмөткө жолдоп атабыз.

Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчиси Данил Токтогонов мекеменин башка тармактарында коррупциялык аракеттер гүлдөп атканын белгилейт:

- Аэропорттогу финансылык махинацияларды түшүнүү үчүн бухгалтер болуштун кереги жок. Мен башка жактарын айтпай, бир эле VIP-залды мисал кылайын. Бул кызмат үчүн эл аралык каттамдагылар 1000 сом төлөйт, ички каттамдагылар 800 сом төлөйт. Бир сутканын ичинде майдандан 17 каттам учуп кетет. Алардын ар биринде кеминде 150 жүргүнчү болсо, 10 чактысы сөзсүз VIP-залдан колдонот. Эми учуп келип-кетип жаткан рейстерди эсепке алып көргүлө. Демек, бир айда VIP-залдын өзүнөн эле аэропортко 3-4 млн. сом түшүшү керек. Бирок булар айына болгону 300-400 миң сом мамлекетке төгүп жатышат. Калган каражаттын баары директордун чөнтөгүнө кетип жатат.

"Карматпаган" аэропорт жетекчилиги

Маалымат жыйынын өткөргөндөр билдиришкендей, нааразы болгон жумушчулар 200гө жетет. Алар Алиевди кетирүүнү талап кылып, "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигине, Унаа жана байланыш министрлигине, Жогорку Кеңеш депутаттарына да кат жөнөтүшкөн. Бирок азырынча алардан жооп келе элек.

Бул иштер боюнча Ош эл аралык аэропортунун директору Абдунаби Алиев жана анын орун басарлары маек берүүдөн баш тартышты. Эртеден кечке кабинетинде күтүүдөн жана телефон чалуудан да майнап чыккан жок.

Ал эми “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчисинин жардамчысы Адылбек Садыков маселе жакын арада каралаарын билдирди:

- Азыр нааразы болгон 20дан ашык кызматкерлердин каты боюнча биз кызматтык териштирүү жүргүзүп баштадык. Эгер маселе чынында эле татаал болсо, чоң чогулуш кылып, ошол жерде карап чечебиз. Суроолордун баары каралып, чечим чыгат. Нааразы болгондор менен Бишкектен жетекчиликтен кишилер барып жолугуп, маселени чечип келишет.

Ош эл аралык аба майданы “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. Ал жылына кеминде бир миллинго жакын жүргүнчүнү кабыл алат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG