Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:13

Эл үнү / Коом

6 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Ош шаарында кичинекей кызды зордуктап, өлтүрдү деп шектелген жигит кармалды. Ал мурда да ушундай кылмыш үчүн абакта отуруп чыкканы аныкталды.

x
Текст көлөмү - +
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Марат Орозбаев татар улутундагы 27 жаштагы жигит камакка алынганын маалымдады:

- 27-июнда түнкү саат экиден өткөн маалда Ош шаарына караштуу Завод көчөсүнүн 36-үйүнүн жертөлөсүнөн алты жаштагы кыздын сөөгү табылды. Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, ал адегенде зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Марат Орозбаев ырасташынча, кылмышка шектүү жигит алгачкы тергөө учурунда эле мурда да ушундай кылмышка барып жүргөнүн моюндады. Алты жаштагы кыздын тууган-уруктары кылмышка шектүү жигиттин улутун сүрүштүрүп, кимдигин жарыялоо талаптарын койгон:

- Равшан аттуу жигитти ушундай эле кылмышы үчүн 2004-жылы соттошкон экен. Бирок 2010-жылдын ноябрь айында ал абактан бошотулган. Өзүнүн айтымында, бул иш ал үчүн өнөкөткө айланган. Кармалбаганда дагы далай кылмыштарды жасамак экен. Өлтүрүлгөн кыздын тууган-уруктары жана ата-энеси ошол эле күнү ички иштер башкармалыгынын алдына топтолуп, “кылмышкердин улуту ким? Көрсөткүлө!” деген талаптарын коюшту. Биз кармалган жигитти көрсөткөндөн кийин гана алар тарап кетишти.

Марат Орозбаев ар кандай мыйзамсыз аракеттерди алдын алууга жана чагымчылардын жолун убагында тороп калганга милициянын кудурети жетишээрлик экендигин ачыктады:

- Өзүнүн көрсөтмөсү боюнча кармалган жигит ушундай ооруга чалдыгыптыр. Эгерде ал азыр кармалбаганда, дагы далай кылмыштарды жасамак экен. Сепаратист болобу, чагымчы болобу, алар кокус элге катылса, убагында айосуз сокку урганга жана алардын мизин кайтарганга кудуретибиз жетет. Андыктан шаардыктар жана анын коноктору мындан ары коомдук тартиптен кам санашпаса деле болот. 

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн өзүн шарттуу Равшан деп тааныштырган жигит буларды айтты:

- Биз ага чейин теңтуштар болуп үч-төрт күн катары менен катуу ичкенбиз. Кичине кызды шаардын дал ортосунан ээрчитип барып үйдүн жертөлөсүнө түшкөнүм анык. Адегенде муунттум. Анан жанталашканда башына ташпы, иши кылып катуу бир нерсе менен ургуладым. Мен зордуктап жатканда кыз тирүү эле. Бул кыз биринчиси эмес.  Буга чейин деле ушундай кылмыш үчүн 16 жыл түрмөгө кесишкен. Жети жыл абакта жаттым. Анан жатак абакка чыгарышты. Мен кызды өлтүрүүнү каалаган эмесмин. Болгону анын кыйкырганын уккум келген жок.

Зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси жана тууган-уруктары иш калыс тергелип, кылмышкер адилет жазаланбаса, мыйзамсыз аракеттерге барышаарын эскертишти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.07.2011 17:17
буга окшогон адам эмес айбандарды козун жалдыратып туруп атыш керек . кичинекей кызга боорун ооруйт окуп отуруп .сага окшогондого олум олум олум .

кимден: Асхат каяктан: Москва
30.06.2011 15:46
Кыргыз элимдин мусулмандарына кайрылуу!!!
Бул турлуу ачуу кылмыштын алдын алуу учун эмне кылуу керек? Бул суроо менде эмес, ар бир пенденин кокурогундо болсо керек. Жараткан Алла аракты арам кылды. Арак кылмыштын бет ачары экени баарыбызга маалым.
Кыргыз элимен отунорум арактан ыраак бололучу, анан биз кылмышка каттабайбыз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.06.2011 12:00
Олум оной жаза болуп калат. Андан коро турмодо омурунун аягына чейин отурса жаза деген мына ошондо. Бир комнатта камалып жатсан онойбу?? Ошондо тушунот..

кимден: Meerim каяктан: Germanya
29.06.2011 22:43
Mindaí mikaa4ilardi jon gana kamap koigon je jon ele olum jazaasina tartkan dagi azdik kilat!!! Bul aibandi zorduktalgan kizdin tuugandarina berip,ar kandai kiynoo menen olturuw kerek!!! Mindai aibandardi birin4i kilmiwinan ele kiynap eldin kozun4o plowyadda sabap katuu olgu4oktu!! Emne keregi bar mindailardi abakta karmap,dagi alarga mamleket 4igim tartip???? Oluturup ele saliw kerek mindailardi,bulr kaira normalniy adam boluwpait,kaira ele kilmiwka bariwat!!! OLSUN;OLSUN Kiynoo menen bul mal!!!

кимден: Erkek
29.06.2011 21:52
Atak kechiresiner bir sozdu aytam andan bashka jaza jok aga tolka ushul ishti ozuno jasash kerek andan kiyin tash-boron kiluu kerek.

кимден: Кыргыз каяктан: Казакыстан
29.06.2011 19:51
Мындай мыкачыны Асып же ату жазасын алу керек.
Алты жашар бала ЭМНЕНИ КӨРДУ?
ӨЗУНУН БАЛАСЫ БАРБИКЕН?
МЫНДАЙ КИШИГЕ ЖАШОО ЖОК, ЖОК!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.06.2011 19:08
Мындайларды ким экенине карабай атыш керек.
16 жылга кесилген кишини жети жылда чыгаргандарды жоопко тартыш керек.

кимден: ТИМУР каяктан: РОССИЯ
29.06.2011 18:36
КЫРГЫЗСТАНДА ,ОЙЛОНУП КИШИ ОЛТУРГОНДОРГО ОЛУМ ЖАЗАСЫН КИРГИЗИШ КЕРЕК!!!АЙРЫКЧА ПЕДОФИЛДЕРДИ АЯБАШ КЕРЕК!!! "КАРА КИЙИЗ АК БОЛБОЙТ,ИЙРИ ЖЫГАЧ ТУЗ БОЛБОЙТ" АЛАРДЫ БАГЫП КАРАЖАТ КОРОТУП КЕРЕГИ ЖОК!!! УЙРОНГОН АДАТ КАЛАБЫ УЙГА ЖУГОН САЛАБЫ ДЕГЕН СОЗ БАР!!! НЕГИЗИ ЗАКОН КАТУУ БОЛБОСО ТАРТИП БОЛБОЙТ... КАТУУ (ЖЕСТКИЙ)ЗАКОН БАР УЧУН КЫТАЙ, БИР МИЛЛИАРД СЕГЗИЗ ЖУЗ МИЛЛИОН ЭЛДИ БЫЛК ЭТИРИРБЕЙ БАГЫП КЕЛЕТ ... БИЗ 5-МИЛЛИОН ЭЛДИ КАНТИП БАГЫШТЫ БИЛБЕЙ ЫЗЫ-ЧУУБУЗ.. МУНУН СЫРЫ ТАРТИПТЕ-ЗАКОНДО!!! АРБИР УЙ-БУЛОО КИЧИНЕКЕЙ МАМАЛЕКЕТ- ДЕМОКРАТИЯ ДЕП ТИМ КОЙЧУ ??? АР КИМИСИ АР БАШ БОЛУП ЭМНЕ БОЛОТ ЭКЕН.... БАЛДАРЫН БАНГИ,КЫЗДАРЫН СОЙКУ,АЯАЛЫН ШЕРМЕНДЕ ОЗУН САЙДА САНЫН ЖОК БОЛОСУН!!!! ДЕМЕК ТАРТИП,ТАРТИП ЖАНА ТЕМИРДЕЙ ТАРТИП БОЛУШ КЕРЕК!!! АНСЫЗ БИЗ-КЫРГЫЗСТАН ОНОЛБОЙБУЗ!!!

кимден: гордый кыргыз каяктан: Кыргызстан
29.06.2011 18:25
Атууга өкүм, андан башка жазаны он не заслуживает! Ушундай маняктарга атууга өкүм жазасын чыгарып коюу керек, булар бул жашоодо кимге кереги бар?!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу