Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ош: мэрдин отчетуна ичи чыкпагандар арбын


Ош шаары
Ош шаары

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев шайлоо алдында элге сегиз айлык отчетун берип жатат. Бирок анын бул иши коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев акыркы эки аптадан бери калаадагы бардык аймактык кеңештерде эл менен жолугуп, мэриянын ийгиликтери тууралуу отчет берүүдө. Кечээ, 2-октябрда ал Ош гуманитардык педагогикалык институтунун студенттери менен жолукту. Жыйындан чыккандан кийин шаар башчысы өз кадамын мындайча түшүндүрдү:

- Инвестиция, салык чогултуу, курулуш тармагында бир топ ийгиликтерге жетиштик. Былтыркы жылы биздин көрсөткүчтөр өлкө боюнча эң жогору болгон. Бүгүнкү күндө сегиз айдын жыйынтыгын канааттандырарлык деп эсептейм. Эл менен отчеттук жолугушуумдун шайлоого тиешеси жок. Бул мурдатан эле менин иш планымда бар нерсе. Мен калаа башчылыгына шайланып жаткан учурда элге тез-тез отчет берип турарымды айткам.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев
Ош мэри Айтмамат Кадырбаев

Буга карабай айрым бейөкмөт уюм өкүлдөрү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо алдында калаа мэринин отчет берүүсүн бийликчил партияны көмүскө үгүт катары баалашты.

- Шайлоо астында аймактык комитеттерде эл менен жолугушуу өткөрүү туура эмес. Анткени мэрдин бул кадамын КСДПга элди үгүттөө аракети катары баалоого болот. Анткени анын отчету бийликте турган КСДПнын арты менен жетишилген ийгиликтер катары көрүнөт. Негизи мэр отчетун жыл башында же ортосунда бериши керек, - деди Оштогу “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева.

Жарандык коом өкүлү Гүлгакы Мамасалиева Ош шаарынын азыркы башчысы Айтмамат Кадырбаев шаарды таза кармоо жагынан мурунку мэр Мелис Мырзакматовдон да ашып түштү деп баа берди. Бирок ошол эле учурда орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдө эч кандай өзгөрүү байкалбай жатканын кошумчалады.

- Негизи шаар башчылар өздөрү тууралуу коомдук пикирди оңдоо үчүн көбүнчө көзгө дароо көрүнө турган инфраструктуралык иштерди аткарышат. Мисалы, шаарда каттоосу жок ички мигранттар бар алардын укуктарын коргоп, шарт түзүү колго алынган жок. Турак жай маселеси чечиле элек. Мамдирекция курган үйлөрдүн бош турганына алты жыл болсо да аны ары же бери кылууга аракет байкалбайт. Ал эми Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушун жазында, андан кийин октябрда бүтөт дешти. Эми октябрда да бүтпөйт окшойт.

Айтмамат Кадырбаев менен жолугушууга келгендер
Айтмамат Кадырбаев менен жолугушууга келгендер

Ал эми серепчи Эркин Абдразаков мэрдин эл менен жолугуусун отчет берди деп айтууга болбойт деген пикирде:

- Мэр бардык кызматтардын башчыларын алып, эл менен пландуу иш катары жолугуп турганы жакшы. Муну шайлоо алдында болуп жатат деп жумурткадан кыр издебей эле койсок болот. Бирок анын өз ишин өзү жакшы деп баалаганы аша чапкандык. Ал маалыматы жок эле элге барып аны кылып атам, муну кылып атам деп кете бергенин отчет деп эсептегенге болбойт. Отчет адистер менен, коммерциялык эмес уюмдар менен бирге ар бир тармак боюнча коюлган план кандай эле ошол өз мөөнөтүндө канчалык деңгээлде аткарылды деген суроолорго жооп бергендиги боюнча бааланышы керек.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэрлигине 2014-жылдын 15-январында шайланган. Ал шаар мэрлигине жаңы келген учурда шаар башчылык кызматка эч жөндөмсүз адам келди деген сындар айтылган.

XS
SM
MD
LG