Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Чалгын кызматы ишкердин ишин тушады


Чалгын кызматынын назарына илинген Шахабидин Балтабаев Кара-Суу базарында маасы сатат
Чалгын кызматынын назарына илинген Шахабидин Балтабаев Кара-Суу базарында маасы сатат

Кара-Суу шаарынын тургуну KICB банкына үч күнгө убактылуу салган ири суммадагы акчасын төрт айдан бери кайтарып алалбай жатат.

Көрсө ал Каржылык чалгын кызматынын назарына илинип, диний-экстремисттик уюмдар менен байланышы болушу мүмкүн деген жүйө менен акчанын эсеби белгисиз мөөнөткө жабылган экен.

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Шахабидин Базарбаев Кореяга бизнес виза алуу үчүн өзүнүн банктагы эсебине 17,5 миң долларды KICB банкына убактылуу салган. Бирок Шахабидинге Түштүк Кореяга кирүүгө виза берилген эмес. Ал өзүнүн банктагы эсебине убактылуу койгон акчасын төрт айдан бери кайтарып алалбай жатат.

- Банкка акчаны ушул жылдын 27-январында салгам. Үч күндөн соң акчаны кайра алуу үчүн барганымда бир аптадан кийин беришерин билдиришти. Келишимде андай жок экенин айтып кала бердим. Бербей коюшту. Өздөрү айткандай бир аптадан кийин акчаны алууга кайра барганымда алар акчанын эсеби жабылганын, эми качан кайтарып берери белгисиз экенин айтышты. Мен мындай чечимдин себебин түшүндүрүүнү катуу талап кылганда гана Каржылык чалгын кызматы ушундай буйрук беришкенин билдиришти.

Каржылык чалгын кызматынын буйругунан улам KICB банкынын Оштогу башкармалыгынан Шахабидин Балтабаевдин акчасы эсеби жабылганын ырасташты:

- Кылмыштуу иштерди легалдаштырууга жана террористтик, экстремисттик иштерди каржылоого каршы өкмөттүн мыйзамы бар. Ал мыйзамдын аткарылышын Каржылык чалгын кызматы көзөмөлдөйт. Базарбаевдин акчасынын эсебин жаап туруу боюнча ошол Каржылык чалгын кызматынын токтому бар. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бул арада ал акчаны насыяга берген башка банк Шахабидиндин күрөөгө коюлган үйүн сатыкка чыгарды. Шахабидин базарда соода кылганы үчүн салык да төлөй албай калган. Анткени анын бардык каржылык аракеттерине тыюу салынган. Жергиликтүү бийлик болсо ага көмөктөшүүдөн баш тарткан. Кара-Суу шаардык мэриясы нааразылык митингин өткөрүүгө да уруксат беришкен эмес. Айласы кетип, президентке чейин жазган каттарынан али майнап чыга элек.

- Менин акчамдын эсеби кандай себептен улам жабылганы тууралуу атайын билдирүү келген жок. Өзүм ар кайсы эшикти каккылап жүрүп, Каржылык чалгын кызматы менен байланыштым. Анын Мелис Камышаков деген кызматкери чыгып, бизге милициядан, же УКМКдан, же Жогорку Соттон акчасын ала берсе болот деген аныктама керек. Үчөөнөн бирөө ушундай аныктаманы берсе, акчаңды кайтарып алсаң болот деген. Жогорку Сот андай аныктама стандартта болбогонун айтып, мен сураган аныктаманы берген жок. ИИМ берди. УКМК болсо эл көп чогулган жерде же мечитте "Хизб-ут Тахрир" уюмунан чыкканыңды жарыя кыл деген шарт коюшту, мен ага макул болдум. Бирок ошентсем эле акчам кайтарылабы десем, аны көрөбүз деп коюшту. Президентке, ушул ишке таасир тийгизе ала турган бардык кызматтарга кат жаздым. Майнап чыккан жок.

Мамлекеттик каржылык чалгын кызматынан бул ишке жооптуу адиси менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок бул мекеменин өзүн тааныштырбаган кызматкери Базарбаевдин акчасынын эсебинин жабылышы мыйзам чегинде экенин айтып, ага негиз болгон себептерди атап берген жок.

Шахабидин Базарбаев мындан үч жыл мурун "Хизб-ут Тахрир" уюмуна тиешеси бар деп, бир жылга шарттуу кесилген. Бирок ал алты айдан кийин эле акталган. Азыр ал Кара-Суу базарында маасы сатып тирилик кылып жатат. Насыя алуу үчүн күрөөгө коюлган үйү сатылганы жатат. ИИМ болсо Шахабидинге карата эч кандай доосу жоктугу тууралуу аныктама беришкен.

XS
SM
MD
LG