ишемби, сентябрь 20, 2014 Бишкек убакыты: 19:56

Саясат

Мелис Мырзакматов: Жарага туз сеппеш керек

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

Мелис Мырзакматов Мелис Мырзакматов
x
Мелис Мырзакматов
Мелис Мырзакматов
“Азаттык”: Оштон адамдар тындырбай телефон чалып, 25-декабрда кайра тополоң чыгат экен деп кабатыр болуп жатышканын айтууда. Бул имиштер, сөздөр кайдан чыгып жатат деп ойлосуз?

Мелис Мырзакматов: Телефон аркылуу, Интернет кабарларда элди дүрбөлөңгө чакырган, тынчын ала турган имиштер күнүнө 5-6 жолудан болуп турат. Бирок анчалык кооптонууга негиз жок.

“Азаттык”: Жакында сиздин чечимиңиз менен массалык иш чараларды чектөө, же тыюу салуу жөнүндө, керек болсо мектептерде балатыны токтотуу тууралу сөздөр болгон экен. Эмне себептен ушундай чечим кабыл алынды?

Мелис Мырзакматов: Бул чечимди кабыл алууга эң негизгиси Бишкек менен Ошто болгон жардыруулар себеп болду. Бул да болсо коопсуздукту сактоонун бир түрү деп ойлойм.

“Азаттык”: Тактоо иретинде сурайынчы, жардыруулар болот дегендей сиздерде маалыматтар барбы. Себеби дал ошондой чечимдердин өзү адамдардын чочулоосуна негиз берип жатса керек?

Мелис Мырзакматов: Жаап-жашырып, анан кокустан бир жерден жарылуу болсо, эл дүрбөлөңгө түшүп, качып отурбашы үчүн биз жаңы идеологиябызды сунуштап жатабыз. Ошол эле терроризмге, сепаратизмге каршы, эл кабылдай турган идеологияны, элдик дипломатияны жана коомчулуктун өзүн карама-каршы коёлу деп чечип, ошондуктан баарын сак болууга, этият мамиле жасоого үндөп, чакырып жатабыз.

“Азаттык”: Кийинки кезде бир топ кыз-келиндер уурдалды, алар негизинен өзбек улутунда экен. Аларды белгисиз бирөөлөр уурдашкан экен, кээ бири айтат үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн, кээ бири айтат кыргыздар деп. Ош милициясы болсо, кээ бири өзү эле үйүнөн кетип калган, кээ бири сүйгөнү менен басып кеткен деп билдирди. Ошол эле кезде маалымат сайттарында муну атайын эле уюштуруп жатат, анын ичинде жергиликтүү бийлик болушу мүмкүн деп айтылууда. Ушул имиштердин кайсынысына ишенсек болот?

Мелис Мырзакматов: Биздин мамлекет ачык эшиктердин мамлекети болуп калгандай болуп кээде сезилип кетет. Ошондой ушактарды таркаткан, бийликти аралаштырып күнөөлөгүсү келген, чыныгы күнөлүүлөрдү актагысы келген кээ бир бейөкмөт уюмдар, кээ бир эл аралык уюмдар ушундай каңшаарларды чыгарып жатат. Маселен, базарга кеткен кыз-келинди деле уурдап кетти деп атышат. Күч колдонуу, зордук-зомбулук боюнча факты жок. Кошунасына, же досунукуна чыгып кеткен кыз-келиндердин артынан ушундай ушактарды чыгарып атышат. "Самаркандда саман учту десе, Самаркандды өрт каптады" дегендей эле кеп. Ушулардын бардыгы провокация, кандайдыр бир кызыкдар тараптар, жергебизде чыңалуу, карама-каршылык болушун көздөгөн кара ниет күчтөр тарабынан ушундай ушактар чыгып атат.

“Азаттык”: Араван ооруканасында жаткан Ирода аттуу 16 жаштагы өзбек келиндин интервьюсу бизде турат. Ал мен чыга калсам, уурдап кетишти, урушту, ийне сайышты, анын ичинде өзбекче, кыргызча, казакча сүйлөп атты, ким уурдаганын так айта албайм деп айтыптыр. Ош милициясы кичине калп айтты окшойт, мен өзүм кетип калган эмесмин, уурдап эле кетти деп жазылып турат. Мүмкүн, эки эл кагышсын деген башка бир адамдар деген күмөн оюн да айткан экен. Сиз кайсы версиясына кошулат элеңиз?

Мелис Мырзакматов: Бул иштен кабарым жок экен. Мен Ош шаарынын мэри болгонума байланыштуу Араванда болгон окуяны билбейт экемин. Бирок өткөн окуяларга, мындай маселелерге абдан ойлонуп мамиле жасоого, билдирүү жасоого аргасыз кылат. Мүмкүн, чын эле жогоруда айтып кеткендей, биздин аймакта, биздин жергебизде тынччылыкты каалабаган, от жагыштын аракетин жасаган күчтөр бардыр. Бирок кыз-келиндер уурдалган фактыга, ал келин ушундай интервью берген убакта дагы мен ага ишене албайм.

“Азаттык”: Жакында Оштогу өзбек диаспорасынын лидерлери сиздин катышууңуздагы жыйында сепаратисттик маанайга жана ураандарга каршы билдирүү кабыл алышты эле. Ошондо бир топ лидерлердин даректерине да сындар айтылган эки элди кагыштырганга аябай чоң кыянатчылык кылышты деп. Азыр ошондой сепараттык кыймылдар, же ошондой ишти жасап аткан адамдар барбы?

Мелис Мырзакматов: Бул суроону атайын кызматтарга, же укук коргоо органдарына бериш керек. Ошондой болсо дагы мен андай күчтөр такыр жок деп айта албайм, андайлар болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Ошол билдирүү таратылгандан көп өтпөй эле айрым сайттар бул билдирүүнү Ош мэринин кысымы астында жазылган деп жарыялашкан эле...

Мелис Мырзакматов: Ушундай билдирүүлөрдү, жалган ушактарды таркаткан Интернет сайттар, же басылмалдар өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейм. Ушулардын бардыгы катышып отурбагандан кийин, аны көзү менен көрбөгөндөн кийин бөлөк региондун, же бөлөк мамлекеттин жарандарын тескери түшүнүккө багыттап жатышпайбы. Эми эмнелерди гана айтып мени каралап жатышат дейсиңер.

“Азаттык”: Жанаша, иргелеш жашаган эки элдин жарашуу жараяны, жара кайсы мезгилде айыгып, Ош кайрадан өзүнүн мурдагыдай касиеттүү турумушуна кайтып келет деп айта аласыз?

Мелис Мырзакматов: Мен бул окуялардын карасын да, агын да өз көзүм менен көргөм. Жараат абдан терең кеткен. Эки эл тең окуялардын чыныгы күнөөлүүлөрүн таап, акты ак, караны кара демейин, ал жаап-жашыруу саясаты, кандайдыр бир будамайлоо саясаты дагы кийинки жаңжалдарга урук себет. Ошондуктан, Ош окуясына өзгөчө маани берилиш керек, жаңылап тергөө иштерин жүргүзүш керек, парламенттик комиссия сөзүн айтыш керек. Күнөөлүүнү жоопко тартып, атын атамайын, бул маселе эч качан жөн калбайт. Себеби кайталап кетейин: жарака абдан терең.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Талас
01.01.2011 11:44
Патриот укмуш Мелис ушу алакандай Араванда Оштун так колтугунда болуп аткан кылмышты билбейм деп????? Тим эле тери куюлуп иштеген кишинин айтканы???? Корунуп турат " ото катуу" иштегени!!!!

кимден: куйдум чок каяктан: Нарын
01.01.2011 11:41
Дааааа, Мелистин тууган достору эле Азаттыктан тушпой эле аканарды аябай пиарит этесинер да. Андан башка адамдар иштебей эле ойноп аткансып !! Андпй укмуш эмгекчил болсо, элге ото кыйын учурда эмгекчил мелис эмне 2 ай Эс алып журду??? Кудай баарын коруп турат!!!!!

кимден: Калбек каяктан: Ош
27.12.2010 11:00
Адилет.
Сен баарын карап, изилдеп коруп анан жазчы кайра.

кимден: Калбек каяктан: Ош
27.12.2010 10:55
Мирана.
Жаны жылды кандай тоссон, келе жаткан жыл ошондой болот деген бул туура эмес, баары кудайдан, анан калса бул жаны жыл бизге тиешеси жок. Адам эч качан бироону кунолобой, озун ондоого аракет кылыш керек.

кимден: Зуля каяктан: Кыргызстан
25.12.2010 20:49
Мелис Мырзакматов озунун ишин билген чыныгы адам

кимден: Marat каяктан: Osh
25.12.2010 20:00
Tiyuu salingani en tuura ish boldu.Azir bir jerge toptolup alip oyun kulku kilgan ech bir adamdin konuluno siybasa kerek .Kudayim janirgan jilda Kirgiz elime tinchilik,beykuttuk bersin!!!Baarinizdarga uy buloluk bakit kaalaym!!!

кимден: жанибек ташиев каяктан: екатеринбург
25.12.2010 19:07
мелис молодец алла сени колдосун ишине ийгилик уй-булоон менен тынч бол биз сана ишенебиз оштун келечеги кен. елиме тынчтык каалайм келе жаткан жаны-жылынар менен

кимден: Адилет каяктан: кыргыз
24.12.2010 11:38
. Оюн-тамаша,кечелерге тыю салып,озунуз Оштогу кафелердин биринде (аталышын жазбай эле койоюн) дангыратып майрам откоргонунузго жол болсун. Ош абдан кичинекей шаар сизге окшогон аттуу-баштуу адам эмес жонокой чиновниктер кайсыл жерде кантип, ким менен чай ичкени баарына билинип турат.Айткан созунуз менен ишиниз дал келсе жакшы болмок эле. Тилекке каршы коп нерселер андай болбой жатат.
Пикирге жооп

кимден: дан
25.12.2010 08:50
ушундайсынар силер, кыргыздарым. кокуй тиги баланчанын эки машинасы бар экен, тукунчонун чоон магазини бар экен, кафе барып тамак ичип коюптур деп эле басып журосунор. ошону учун биз онуго албайбызбы деген ой келет. бироо тынып баратса артка тартасынар. аны колдош керек. ошондо гана онугуу, маданият которулот
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.12.2010 16:47
Адилет, ал кечелерге тыю салганы озун сактоо учун эмес, биздин кичинекей бобокторубуздун сактыгын ойлоп кылдыго дейм, кафеде чай ичсе деле суйлой берсек анда ...

кимден: KG каяктан: Koreya
23.12.2010 18:53
мен мерди 200% колдойм керек болсо Мелис Мирзакматов Президенттике татыктуу , акчага сатылбаган,потирёт,кыргыз Элинин , озунун кадыр баркын билген Кыргыздын Эр азаматтарынан, себеби мер болгондон кийин ошту тартипке келтирип койду эле. көрө албагандар бут тосуп ар-кандай ушук айындарды таркатып жатат . Мелис Мырзакматов алга, кудайым сизди клдосун

кимден: Жапаров Калыбек каяктан: Красноярск шаары
23.12.2010 18:17
Мелистей патриоттор коп болсо, Кыргызстан онуккон олко болот. Бар бол Мелис, Кудайым сени колдосун, элиң менен дайыма бирге болуп, элдин камын ойлоп, эмгектенип журо бер.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

"Азаттыктын" сынагына катышыңыз

Студенттер үчүн сынак 15-июнда жыйынтыкталат, баш байге - төрт Samsung Galaxy планшети.  

"Азаттыктан" угуңуз