Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Савайга суу келбей, эл мукурады


Савай каналынан бир аптадан бери суу акпай турат.
Савай каналынан бир аптадан бери суу акпай турат.

Коңшу өлкө аркылуу агып келген Савай каналын Өзбекстан жаап салды. Мунун айынан Кара-Суу районундагы эки айыл округдун эгин талаасы кургап жатат.

40 миңден ашык калк жашаган аймакта учурда ичүүчү суу да тартыш. Жергиликтүү бийликтер болсо Өзбекстан Анжиян суу сактагычындагы суу көлөмү азайып кеткендиктен канал жабылганы тууралуу кабар алышканын айтышууда. Кантсе да суу качан келери белгисиз.

Савай каналын бир апта мурда Өзбекстан жапкандан кийин, эгиндин баары куурап, аз күндөн кийин такыр эле түшүм күйүп кетчүдөй абалга жетти. Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну Кайринса Ниязова сугат суу эмнеден улам келбей жатканын түшүнбөй башы маң:

- Талаанын баары эле кургап жатат. Шалы, пахта, жүгөрү, беде, дарбыз, сабиз, помидор, бадыраң бүт соолуп, куурай баштады. Кээ бирлеринен эми түшүм деле ала албай калдык го сыягы. Кармасаң кагырап атат. Азыр эгин-тегинибизди эмес эле, ичкен суубузду таба албай убарабыз. Айылда төрт-беш кран болсо, бирөөнөн кичине суу чыгат. Ага фляг тоссоң бир саатта араң толот. Ичүүчү суубуз да Өзбекстандан келчү, мотор чек аранын ары жагынан тартып алат. Сугат сууну го эптеп ар нерсеге шылтоолоп атышат, ичүүчү сууну неге кое бербей жатышат?

Савай каналынан Савай жана Сарай эки айыл округдун калкы пайдаланат. Мында азыр дээрлик 3 миң гектарга жакын эгин-талаасы канча күндөн бери суу иче элек. Сугат турмак, ичүүчү суу да эки-үч күндөн бери көйгөй болуп, бүгүн гана эптеп кээ бир жерлерде чыга баштаптыр. Ошол себептүү бул жерде азыр суу сатуу күчөп жаткан экен:

- Кыдырша, Савай, Ынтымак жана башка 10дон ашык айылда суу жок. Ичүүгө да, сугатка да суу жок. Крандан мына бүгүнтөн баштап илмийип чыга баштады. Адамдар азыр ар кайсы жактан ташып келип атышат. Кара-Суу шаарынан же, Отуз-Адыр каналдарынан ташып келип саткандар көбөйүп кетти. 40 литрлик сууну 40 сомдон сатып атышат. Машинеси барлар өздөрү алып келишүүдө. Бизге окшогон кары-картаңдарга кыйын болду. Бир фляг суу алып, бир апта жашайбызбы?,- дейт Кыдырша айылынын жашоочусу Апиза Исраилова.

Жергиликтүү бийликтер деле калкты эмне деп сооротуунун айласын таппай отурушат. Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мурадыл Тешебаев Өзбекстандан суу жапканын себебин минтип түшүндүрдү:

- Өзбекстандагы Анжиян же Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун көлөмү минималдуу көрсөткүчкө түшүп кеткен. Сууну топтоп, дагы көбөйтүү үчүн 22-августтан баштап каналды биз жактан жапты. Күздүк сугат үчүн, суу сактагычты толтуруп жатышкан экен. Биз эмес өздөрүнүн Анжиян жана Фергана облустарында дагы сууну токтотуп коюшкан. Негизи бул нерсе жылда эле болот. Кара-Сууда эгин толук эле суу ичип бүттү, эл эми жыйнап алышы эле калды. Кээ бирлери экинчи түшүмдөрүн эгип алышкан эле, ошолор кыйналып атышат. Бул боюнча биз дыйкандарга жыл башында эле эскертүү берген болчубуз.

Ошого карабай бийликтер Савай каналына башка жактардан кошумча суу тартуу аракеттерин көрүп жатканын айтышууда:

- Савай каналынан өзүндө азыр азыраак, 100 литр суу агып жатат. Пирсавайдан 300 литир суу коштурдук, Коңураттан 300 литр кошуп жатабыз. Ошого азырынча ушунча суу агып турат. Андан сырткары Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаменти Өзбекстан менен сүйлөшүү аракетин көрүп жатат. Анан кийинки маалыматтар ошондон кийин гана белгилүү болот, - деди район акиминин орун басары Мурадыл Тешебаев.

Канткен менен Өзбекстан сентябрь айынын ортолорунда гана сууну кайрадан ачаары бейрасмий маалыматтарда айтылууда. Болбосо андан деле узакка чейин Савай каналы какшып тура бериши мүмкүн. Бирок анда эле дыйкандар миңдеген гектар талаалардан кол жууйт. Савайлык дыйкандардын бири Ибрагим Усманов бийлик бир нерсе кылса деп үмүттөнөт:

- Бир жыл бою кылган мээнетибиз 10 күн ичинде талкаланганы калды. Бир нерсе эксең, эки нерсе алабыз деген дыйкандар күзгө барып эмне кылышат? Адамдар жумуш же акча сураган жок. Тынч дыйканчылыгын кылып жатышкан. Эми ошого да биздин өкмөт суу таап бербей кууратып атат. Өзбекстандын бийликтери менен барып сүйлөшүп, чечип келишпейби. Өкмөт, президенттен суранаарыбыз ушул...

Кара-Суу районундагы суу токтотууну айрымдар жыл сайын эле кайталанат дешсе, кээ бир жергиликтүүлөр Савай каналы быйыл гана узак убакытка буулуп жатканына токтолушат. Ошол себептүү, коңшу өлкөнүн бул аракетин соңку саясий тирешүүлөр менен да байланыштыргандар бар.

Өзбекстан апрель айынан баштап Ошко жана Кара-Сууга газ берүүнү токтоткон. Эми болсо суу токтоп жатат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы Анжиян суу сактагычы тарыхый документтерде Кемпир-Абад суу сактагычы деп аталат. Ага Кара-Кулжа, Тар дарыясынан бириккен Кара-Дарыя куят. Суу сактагыч негизи Кыргызстанга карайт. Кезинде эки тараптын макулдашуусу менен Өзбекстанга ижарага берилип кеткен. Бирок анын мөөнөтү бүткөнүнө карабай коңшу өлкө Кыргызстанга кайтарып бере элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG