Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:23

Экономика

Турсунбеков: Жогорку Кеңеште "жөн эле" жүргөндөр көп

Жогорку Кеңештеги кыскартуулардын демилгечиси, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков кыскартуулар тууралуу ой бөлүштү.

x
Текст көлөмү - +
- Жогорку Кеңеште комитеттердин саны кыскарып, парламенттин иш башкармалыгы менен аппаратын да кыскартуу аракети жүрүүдө. Бул демилгелердин натыйжасында канча кызматкер кыскартылып, канча каражат үнөмдөлгөнү жатат?

- Бул маселеде көбүрөөк ыксыз чыгымдарды, сарптоолорду кыскартуу жөнүндө кеп болуп жатат. 200-300 миллион сомдун тегерегинде сөз болууда. Адам саны жөнүндө маселе жок. Анткен себеби, азыр көбүрөөк ыксыз чыгымдарды кыскартууну көздөп жатабыз.
 Эртеден кечке кылган иши жок, жөн эле коридордо бутка чалынып жүргөн адамдар да көп. Биз анын баарын көрүп турабыз...

Бир эле мисалды айтып кетейин, мына айрым депутаттар бири-бирин көрүп жатып ушул деңгээлге чейин жетиптир. Бир депутат Ошко, Баткенге жумушчу сапары менен барса, өздөрү учакка барып келишине билет алып, машинасына болсо толтура бензин куюп, айдоочусун бир күн мурда бара турган жерине жөнөтүп, өзү учак менен учуп барып жатыптыр.

Ушунун өзү эле мамлекеттин акчасына болгон мамилени, ыксыз чыгымды көрсөтүп турат. Мына ушул сыяктуу чыгымдоолордун барын кыскартып, негизи 300 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөө маселесин коюп жатабыз.

- Кыскартуулар боюнча сиздин фракция сунуштаган долбоорду “Ата-Журт” фракциясы кабыл алган жок. Кыскартууларды популизм дегендер да болуп жатат го?

- Биздин максат кыскартуу жөнүндө. Популизм кылып, кимдир бирөөгө же өзүбүздүн шайлоочуларга жагуу өңдүү нерселер деги эле оюбузда жок. Биз мамлекеттин ар бир тыйынына өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыккан тыйындай мамиле кылуу маселесин коюп жатабыз.

Мамлекеттики деп эле баса калып, өзүбүз каалагандай ыңгайлуулук түзүү жөнүндө эмес, тескерисинче элди ойлоо, эртеңки күнүбүздү ойлоо жөнүндө маселе туруп жатат.

Канчалык чыгымды азайтсак, ошончолук ишибиздин алга жылышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзгөчө ишканаларды иштетип, бизнес жасагандар түшүнөт. Ар бир тыйынды сарамжалдуу колдонгон жерде гана иш жүрөт. Ал эми акчаны чачкан жерде иш жүрбөйт.

- Бирок чыгымдарды азайтуу демилгелери аркылуу Жогорку Кеңештин аппаратындагы бир катар кызматтар да жоюлуп кетсе, парламенттин иши үзгүлтүккө учурабайбы?

- Биз эми көрүп турабыз го, кайсы жерде иш үзгүлтүккө учурайт, кайсы жерде учурабайт деп. Көп жерлерде үзгүлтүккө учурабай эле, басып жүргөн адамдар көп. Эртеден кечке кылган иши жок, жөн эле коридордо бутка чалынып жүргөн адамдар да көп. Биз анын баарын көрүп турабыз.

Колдон келсе ар бир депутатка иштегенге шарт түзүп берүү маселесин ойлонуп жатабыз. Ошону үчүн депутаттардын иштеши, алардын ишинин үзгүлтүккө учурабашы биздин мойнубуздагы эң негизги милдет. Аны эске алып, анан иш жасап жатабыз да.

- Азыр парламенттеги кеминде эле үч фракция кыскартуулар боюнча өз долбоорун сунуштап жатат? Алардын ортосунда орток пикир, мунаса табууга мүмкүнбү?

- Негизи мүмкүн. Үч фракция деген Жогорку Кеңештеги көпчүлүк деген сөз. Эгерде үч фракциянын депутаттарынын жалпы баардыгы бир пикирге келе турган болсок, калгандардын баары эле буга кошулат. Кошулбаса, Жогорку Кеңештин отурумунда кол көтөрүү менен чечилет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Олжобой каяктан: Бишкек
18.01.2012 13:04
Чыныбай өтө акылдуу болуп алганына таңгалам, кошоматтан бөлөктү билбесе эле акылдуу болуп калышабы? Акаевдин учурунда амалын таап, Бакиевдин учурунда бакстын артынан чуркап, эми АШАнын алдына чыгып жуунуп турганын эл билбейт дейби? Билет... еще как билет.

кимден: жон эле жургон бироо
17.01.2012 10:45
Ордок жокто чулдук бий болуп чыгып кеттинер, 120 эмес 55-70 ке чейин депутаттарды кыскартпайлыбы? Ата-бала, таеке-жээн, дос-жоро болуп ээрчишип барып алып, закон кабыл аласынар, же алар иштебейт, бироонор атам Баатыр болот деп убарасынар, тажаттынар го...

кимден: Ажыбек каяктан: Ат-Башы
16.01.2012 15:51
Туура, дармоеддер коп, элдин акчасын ары-бери чачып жургондор...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)