Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 09:52

Саясат

Жаңы Конституция долбоору жана жаш саясатчылар

Бүгүн Бишкекте жаштар форуму ишин аяктады. Анда учурда сунушталып аткан Баш мыйзамдын жаңы долбоору эксперттер, жаштар тарабынан талкууланды. Жаштар Убактылуу өкмөттүн парламенттик башкаруу системасына өтүү идеясына өз сунуш-пикирлерин айтышты.

Жаштар форумунун катышуучулары
Текст көлөмү - +
Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаган форумга жүзгө жакын жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, лидерлери катышты. Иш-чарада Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева болду. Ал өз сөзүндө учурдагы өкмөт жаштар үчүн ачык экенин, алардын сунуштары көңүл жаздымда калбай турганын айтты:

-Бизде акылдуу, прогрессивдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору жаштар көп. Бирок алар өз иштери менен эле алек болуп жүргөндөй туюлат. Аларды биз жакшы көрө албай жатабыз. Силер саясатка аралашкыла, партияларга мүчө болуп киргиле, өз идеяларыңарды сунуштагыла. Биз жаштар менен иштешүүгө даярбыз.

Жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоору кызуу талкууга алынды. Жаштар долбоорду иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрүнө суроолор менен сунуштарды беришти. Көптөр бул долбоор парламенттик делгени менен анда президенттин укуктарынын бир даары ошол эле бойдон калганын айтышты. Ошондой эле парламент чоң укук, чоң мүмкүнчүлүк алганы менен, анын жоопкерчилиги долбоордо жазылбаганын белгилешти.

Мисалы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев буларга токтолду:

- Эгерде парламенттик кризис болсо, же Жогорку Кеңеште коалиция түзүлбөй калса, мындай кризистен кандай механизмдер аркылуу чыкса болоорун Баш мыйзамда так көрсөтүү керек. Болбосо депутаттар жоопкерчиликти сезбейт.

Жыйын учурда парламенттик шайлоого жаңы түзүлгөн саясий партияларга катышууга укук берүү маселеси кызуу талкууланды. Жаштардын көбү эгерде бийликке ири 2-3 партия келсе, ал партиялар үстөмдүк орнотушу мүмкүн деген чочулоолорду билдирди. Андыктан жаңы түзүлгөн партияларга дагы шайлоого катышуу укугун берүү сунуштары жасалды.

Жаш саясатчы Азамат Аттокуров мындай дейт:

-Мурдатан иштеп жаткан партияларга дагы, жаңы эле түзүлгөн партияларга дагы шайлоого катышуу укугун берүү зарыл. Калк өзү тандасын. Биз бийлик үч бөлүктөн турсун деп сунуштап атабыз. Биринчи, көпчүлүк добушка ээ болгон партия, экинчиси жеңилген бирок парламентке өткөн партиялар. Ал эми үчүнчүсү аймактардан бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар. Мына ушундай системада баланс болот.

Жаңы Баш мыйзам долбоорун иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү Гүлнара Искакова буга төмөнкүчө жооп кайтарды:

-Парламентте көп сандагы партиялар болсо, анда парламент ыкчам, сапаттуу чечимдерди кабыл ала албай калат. Анткени жамааттык жоопкерчиликсиздик деген түшүнүк бар. Парламентте аз бирок ири саясий партиялар болсо, калк ким кандай чечимдерди кабыл алып, ким кандай иштеп атканын көрөт. Көп, майда-барат партиялар болгондо кайсынысы кандай иштеп атканын көрүп, аларга баа берүү кыйын  болот.

Жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Конституциянын жаңы долбоорунда адам укуктары боюнча бөлүмгө өзгөчө көңүл бурганын айтат. Ал ар бир сүйлөмдү дыкаттык менен карап чыгып, жакшы жакка өзгөрүүлөрдү көрө албаганына кейиди:

-Биз беш жылдан бери жарандардын тынч чогулуу укугун чектеген мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу айтып келе жатабыз. Баш мыйзамдын долбоорунда "тиешелүү органдарга алдын ала билдирүү жиберген соң гана тынч жыйын өткөрүүгө болот" деген шарт  дале бар экен. Мындан тышкары адам укуктары боюнча эл аралык нормалар тууралуу дагы долбоордо кеп жок. Конституция, эл аралык нормалар жана ички мыйзамдарды колдонууга жарандардын укуктары бар деп кошуп коюу керек.

Баш мыйзамдын долбооруна ылайык, парламенттик шайлоого жаш курагы 25тен өткөндөр катыша алат. Форум катышуучулары жаштардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн 21 жаштан жогору болгондорго шайлоого катышуу укугун берүүнү сунуштады. Конституциялык кеңешме мүчөлөрү жаштардын ушул жана башка сунуштары эске алынып, талкууланаарын айтышты.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Салам
15.05.2010 16:25
ай экстрасенс, сен ушундай эле кыргыз элине куйгон болсон, эмне учун Акаев Узонгу КУУШ Кытайларга бергенде, ушул эки аял бийликтгилерге барып, пикет жана ачкачылык жарялап чыкканда, чыккан эмесин, ушун дай эле 2007 жылы праламентик шайлоо болуп откондо анын артынан Акжолчулар келгенде ушул укук коргочулар пикете чыгып анын артынан камалганда барып кошулган эмесин, Каркыраны казактарга берилип жатканда, ушул эки аял баррып чырылдашып бербоого аракет кылганда эмне учун уйундо олтургансын. Ушун дай эле кыйын экенсин, эмне учун 2005 жылы ошол эле Роза Отунбаеваны шайлоо откорбой жатканда, ушул эки аял баррып бийлике корккой айытышып, Отунбаеваны коргошуп жургондо, сен эмне учун кошулуп чыккан эмесин. Уйдо олтуруп баарыбыз кыйын боло беребиз. Кыргыздардын ушунусу жаман эч кимди жана эч качан бироонун салымын барктабайбыз. Кыргыздар короалбастыктык артынан бири бирин чогуп, бир тууганын керек болсо сатып жибершет. Ушун дай эле кыйын экенсин, биздин улуу энелерибизди сотко бергенге даяр экенсин, менин сага созум, сен коп коркутпай, кыйын экенсин сотко бер, анан бут Кыргызстан эли, ушул эжелер жардам берген эль, ушул эжелер камактан чыгарган эль сага каршы чыкпаса мага кел. Аягында айтар созум, сен аябай жаман, ичин куйгон адам экенсин.

кимден: Салам каяктан: Аты жону жазылбаганга
11.05.2010 21:34
Сен биринчи билип алып жазсан болот эле. Бул укук коргоочуулар жон эле эч качан суйлой бербейт. Ушул 20 жылдын бери кайсыл жерде адам укуктырын бузушу болбосун, эч нерсесине карабай, саясий карандысын, жерин, улутун жана башкасын, бардыгын укугун коргоп келишкен. Балким бугун биздин оюбуз башкачадыр, бирок бул эки аял жагы Бакстын тарабын таалашкан жок, алар СНБ нын колунда жургон курал кантип элдин колуна отуп кеткен деген маселени коюп жатышат, анын устуно, таяк жеген, ок жеген милициянын кызматкерлерин дагын айтып жатышат. Эмне учун биз олгон балдарды же ок тийгендерди айтышыбз керке дагын, анан милицияны унутуп койшубуз керек. Ошондой эле болуп калды. Баардыгы милицияны жаман корушуп, аларды адам отлургуч деп, бирок ошол эле жерде алар дагын оз милдетин аткарып тургандыгы баарыбыз унутуп койдук. Алар дагын окко учураганын жана таяк жегенине конул бурбай койдук. Биз эгерде ошондой кыла берсек, эртенки кундо бизге башка улуттар же мамлекеттер кол салса, биздин милиция биздин мамелебизди карап, бизди, биздин мекенибизди коргобой коет. Андай дегенде алар деле адам, алардын деле балдары бар, ата=энеси жб. Анан айтат го биз эмне кылсак деле биздин элге жакпайт экен. Молодец ушул эки аял коркпой, бардыгын алдына чыгып ушул маселени которуп жатышат. Ар бир милиция менен жолугушуп, алардын абалын элге жеткирип олтурушат. Ал эми Бакиев мене жолугушса, керек болсо, ошол туштукт\о дагын кан тогулуп кетпесин деп барышкан. Эгерде туштукто дагын кан тогулгон болсо, адна эмесе азыр эки тарапка болунуп баарыбыз, бири ибрибиз менен атышып олтурмакбыз. Ошондуктан жердештер, азыркы кыйын, аябай оор абалда бири юбрибизди жамандабай, бири бирибизди кодоп, эл аралык уюмдарга уят болбой, казактарга-орустарга шилдын болбой, баатырак укутуу айланага келсек.

кимден: Мен да улутчул каяктан: Ош
02.05.2010 20:40
Мен Акаевдин адамдары курал таратты дегенге толук кошулам. Бул кишиден бар жокту кутсо болот. Мен убактылуу окмоттон Бакиевди да Акаевди да алып келип соттошун талап кылам. Анткени бул эки киши КР сына ото чон зыян алып келишти. Элдин байлыгын тоногону аз келгенсип, биринчиси улут аралык абалды курчутса, экинчиси уруучулукту кучотту.
Ушул эки эл душманы учун КР жок болуп калуу коркунучунда турат.
Мен кыргыздарды биригууго, улутчул болууга чакырмакмын. Эмне себептен биздин саясатчылар улутчул болуудан(демек патриот болуудан) коркушат? Мына Путин президенттик шайлоонун астында мен дагы, Медведев дагы ОРУС улутчулу (националист) деп коркпой эле айтпадыбы. Бул анын Медведевди реклама кылганы болду. Кошуналарыбыз Рахмон да, Каримов да, Назарбаев да оздорун националист деп коркпой эле иш жргущуп жатышпайбы

кимден: Alt каяктан: Ош
02.05.2010 20:31
Мен Бишкектен Айжанды толук колдойм. Бизде орус ФСБ нен ото коп агенттер иштеп жатат. Ошол эле Токтайым Уметалиева менин билишимче Орус бийликтеринин буйругу менен иш жүргүзүп келет.
Менин конституцияга сунушум: анда өтө кооптуу болгон (КР нын шартында) нормалар бар, ошондон арылтуу боюнча төмөнкудөй сунуш бермекчимин:
- жанагы төмөнкү порог деп коет го, Текебаев сунуштаган 5% дан бийик добуш алган партиялар парламентке кирет дегенин. Ошону мен 2% деп, жана ошол 2 % ды сөзсуз түштүктөн жана түндүктөн жок дегенде 2 облус, же адм-дик бирдиктен (мүмкүн келечекте облустар жоюлуп калып же аты өзгөрсө) 2%дан жогору добуш алган гана партиялар парлмаментке жолдомо ала алышат деген норманы сунуштамакмын. Анткени эгер жон эле 5 же 3% деп сөзсүз төмөнкудөй парламент түзүлөт- 5% ала албаган партиялардын добушун өткөн партиялар болуп алат да, ошондо- менин оюмча биринчи орунду өзбектер партиясы алат- 20 %дан 30%чейин, түшүнүктүү болуп жатпайбы кыргыздар 20-30 партия болуп киришет шайлоого жана алардын добуштары чачылып кетет. Анан мүмкүн Атамекен- 15-20%алат, СДПК 15-20% алат, ичкиликтер партиясы 15-20% алат. Калганын Ош Ж-Абаддан бир -эки партия, Түндүктөн мисалы гөлдүктөр партиясы, Нарындыктар ж.б. у.с. партиялар болуп 5-6%дан болуп алышат, албетте бул партиялар мынтип аталбайт, бирок негизинен ошол облустун аткаминерлери биригип алышат, мисалы Ташиевдер тузгөн Атажурт партиясы негизинен Ош Ж-Абаддан алат.
Ушундай уруучулук, улутчулук парламенти түзүлүп калбас үчүн мен түндүктөн да түштүктөн да каалаган эки облусунан 2% дан кем эмес добуш алган партиялар гана парламенттен орун алууга мумкунчулук алат деп коюш керек. Ошондо арга жок партиялар буткул республикалык болууга умтулушмак!
Андан башка дагы сунушум- орус тилин расмий тил деген норманы алып таштоо, же болбосо аны өзүнчө суроо кылып- макулсузбу орус тилин расмий кылууга дегенди кошуусун сунуштайт элем.
Дагы бир сунуш- Ош жана Бишкек шаарларын эл эмес президент дайындашын туура көрмөкмүн.

кимден: Кожожаштын бойдок кези каяктан: Ош
02.05.2010 12:16
Биз жаштар озубуз аракет кылбасак аткаминерлерге ишенич жок.Мисалы Толон Дыйканбаев деген эл бузар Ошто мамлекетти болууго аракет кылып журушот.Куч органдары асманды карап олтурушат.Ким элди болуп, мамлекетти ыдыратууга аракет кылса биз жаштар озубуз чара корушубуз керек.

кимден: bakulya каяктан: Talac
30.04.2010 14:47
2005-ж. баштап 3 жылдын ичинде мектептерди куруу 10 эсе кобойгон, олкобуздо 242 мектеп , 1700 мектеп мамлекеттин эсебинен ремонттолгон. Мектепти компьютерлештируу 4 эсе жакшырган. М. 25-майда Токмок шаарынын 12-мектебине экс-президентибиз К.С.Бакиев атайын келип окуучуларга компьтердик класс белеке тапшырган. Азыркы жаны мынданда кыйратып жиберебиз деп келди, эми билим беруу багытында кандай план бар болду экен,

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.04.2010 14:22
Убактылуу Oкмотко сураныч, томондоку озгоруулорду Конституцияга киргизуунорду отуном:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы
1. Болум
8- берене
Контитуциялык тузулушко, (мамлекеттин болунбос бутундугуно) жана жалпы улуттук коопсуздукка коркунуч келтируучу саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, диний жана башка уюмдардын тузулушуно жана иштешине тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын бутундугуно коркунуч келтирген, Кыргыз Республисын болуп-жарууга ундогон, угуттогон созодорду колдонгон кишилер, мыйзам алдында жоопко тартылат.)

кимден: АСАБАЛА каяктан: МОСКВА
30.04.2010 13:47
урматтуу мекендештер парламенттик башкарууда кетирилген мыйзам бузууларга баардык депутаттар кандай жооп берет экен Кедейхан да ушул суроолорго жооп таба алдыбы

кимден: УЛУТЧУЛ каяктан: Ош.
30.04.2010 09:44
Жаштарга го конул болуп жатканы жакшы, бирок ошол чон аренада канаттары сынып калбай бекен деген ойдомун. Себеби жаштар биринчи тепкичтен баштап саясатка бут коюшса кийин чон саясатчы болуп чыгышат эле...Мейли чыга беришсинчи, бирок кыргызда жакшы соз бар да- Мурдуна карап бышкыр,- деген...Бирок мен кыргыздын жигиттерине ишенем. Биз дуйнолук политика сферасын куда кааласа багынтабыз. Чамдай бергилечи алынар жетсе-жетпесе деле. Кыбырай берсенер эле кыр ашасынар. Ким эле улуу бойдон тушуп калыптыр. Баары эмгек кылып натыйжасынан бал таткан.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.04.2010 08:52
Эгерде 7 синде элге куралды СНБ тараткан болсо,бул К.Бакиевтин куносун кобойтот.Анын буйругу,макулдугу болбосо М.Суталинов андай кадама бара алмак эмес,себеби негизги бийлик Ж.Бакиевдин колунда болгон.Демек элге бир аз курал тарату менен куч колдонуга озулоруно жол ачкан.Арам ойлору оппозиция эркиндикте жургондо ишке ашмак эмес,ал лидерлер ошол куралдарды алууга элге мумкунчулук бермек эмес.Ошол жерден алынган куралдар толук бойдон ак уйго каршы колдонулганын кудай билет.Бул ишти уюштургандар оппозицияны толук жок кылуну коздогон болуп чыгат.Бул жерде М.Суталиновду куноло менен К.Бакиевди актап чыгуу аракеттери корулуп жаткандай.Мындай арам программаны К.Бакиев менен жолугушуга барган Т.Исмаилова,А.Абдрасулова аркалап келген болуш керек,бекер эмес алибетте.Эгерде ошондой болсо анда М.Суталинов тируу эмес,анын тируу колго тушуп тушунук берусуно бул кылмыштуу клан жол бербейт.Ал эми А.Акаев курал тараткан деген жоромол элдин кыжырын кана кайнатып жатат,калп айтунун да чеги болуш керек го.Айтор эмнеси болсо да шейит кеткен балдардын арбагы эки жуздулорду ондурбайт,КАРГЫШты оюн корбогуло,ансыз да кара туман каптап турат планетабызды,муну мен ЭКСТРАСЕНС катары айтып жатам
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)