Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:25

Саясат

Атамбаев чуулган иштерди ачууга аттанды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү коомдук коопсуздукту бекемдөө боюнча жардыкка кол койду. Анда мамлекеттик имараттарды бекем кайтаруудан тартып, өткөн жылдардагы трагедиялуу окуяларды, банктардын уячаларын ачууга чейинки чуулгандуу иштерди аягына чыгаруу тапшырылган.

Текст көлөмү - +
30-январдагы Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тийиштүү органдарга тапшырган. Бул жыйынга утурлай Улуттук коопсуздук комитетинин антикоррупциялык кызматы Улуттук электр станциялар акционердик коомунун төрага орун басары Кеңешбек Мурзакматовду, андан кийин айтылуу “Мегакомдун” жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абековду камакка алды. “Мегакомдун” жетекчилиги көз боёмочулук менен мамлекетке 142 млн. сом зыян келтирди деп айыпталууда.


"Жаалы катуу" жардык


Мына ушул чуулгандуу иштерге улай 1-февралда президент коомдук коопсуздукту бекемдөө боюнча жардык чыгарды.

Ал жардык бир жагынан ар кандай толкундоолордун алдын алууну көздөсө, экинчи жагынан коомчулукта күдүк ойлорду жаратып келген иштерди акыр аягына чыгарууну көздөйт.

Жардыктын мына ошол экинчи бөлүгү бир топ таасирлүү адамдарды
​​камтып, ал өлкөдөгү кырдаалды курчутушу ыктымал. Мына ошол себептен жардыктын биринчи бөлүгүндө коомдук коопсуздукту, чек араны бекемдөө, административдик имараттарды жана стратегиялык мааниси бар объекттерди кайтарууну күчөтүү, коомдук тартипти сактоого ыктыярлуу элдик кошуундарды тартуу, менчик күзөт мекемелерин көзөмөлгө алуу каралгандай.

Президенттин жардыгында башкы прокуратура, улуттук коопсуздук комитети жана ички иштер министрлигине 2010-жылдагы Токмок, Маевка, Ош, Жалал-Абаддагы окуяларды иликтөөнү акыр аягына чыгаруу, банк уячаларынан акчаларды алууну, андан кийин кырдаалды жөнгөрүү үчүн бөлүнгөн накталай акчаларды пайдаланууну иликтеп чыгуу тапшырылган. Бул үч багыттагы иликтөө Убактылуу өкмөттүн таасирлүү мүчөлөрүнө тийбей койбойт.

Маселен, элде ар кандай күдүк ойлорду жараткан банк уячаларынан акча, алтындардын алынышы Алмазбек Атамбаевдин азыркы пикирлеши, ал кездеги Убактылуу өкмөттүн каржы министри Темир Сариевге жана вице-премьер-министри Азимбек Бекназаровго барып такалат. Анткени алардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 19 млн. доллардын 1 млн. долларынын ордун кантип толтуруунун жолдору талкууланган. Бул сүйлөшүүгө негизденип Алмазбек Атамбаев 2010-жылы май айында Темир Сариев жана Азимбек Бекназаровду айыптаган:


​​- Бекназаров айтып жатат, минус менен жазып койгула, минуска өкмөттүн токтомун чыгарып, башка адамдан алынды деп коёбуз деп жатат. Биз мурунку жолу ушундай кылганбыз дешет. Демек, бул биринчи жолу эмес экен да. Мүмкүн онунчу жолудур. Анткени каржы министрлиги  Сариевдин жеке менчиги болуп калган.

Алмазбек Атамбаевдин бул айыптоосу Бекназаров жана Сариевдин кескин нааразылыгын жаратып, алар бул ишти аягына чыгарууну талап кылып келишкен.

Мына ушундай араздашуунун айынан ыңкылапчыл күчтөр парламенттик шайлоодо бириндеп кетип, шайлоонун жыйынтыгы алар күткөндөй болбой калган. Бирок президенттик шайлоонун алдында алар Атамбаевдин айланасына баш кошууга аргасыз болушкан. Анткени башка президент бул иштерди сөзсүз козгомок. Бирок Алмазбек Атамбаев да коомчулукту кеселге айлантып, мамлекеттик бийликке ишенимди кетирип жаткан бул иштерди иликтөөгө киришүүнү чечип олтурат.


"Жабылуу аяк" ачылабы?


Бирок азыркы кезде коомчулукту удургуткан маселе 19 миллион доллар эмес, ал банктардан 100 миллион доллардын тегерегинде акча алынганы жөнүндөгү сөздөр болуп жатат. Аны тастыктаган видеотасма кимдир-бирөөлөрдүн колунда экени айтылып келет.

Башкы прокурор Аида Салянова уячалар боюнча иш бүгүнкү күнү да иликтенип жатканын билдирди:

- Уячалар боюнча депутат Акматбек Келдибеков бир нече ай мурун
​​билдирүү жасап, андан ашык акча болгон эле деген эле. Мен ошол эле күнү тергөөчүлөрдү жиберип, Акмат Келдибекович бизге диск болсо, маалымат болсо  берсин дегенмин. Анткени бизде андай маалымат жок. Ал киши жооп берүүдөн баш тартты. Мен ойлоймун, эртең ошондой эле кишилер чыгып, алардын колунда диск болушу же дагы бир башка нерсе болушу мүмкүн. Эгерде андай маалыматтар, далилдер болсо алардын үстүнөн иштей беребиз. Ошон үчүн бул иштер толук бүттү деп айта албаймын.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов президент Алмазбек Атамбаевдин бул иштерди башташы колдоого аларлык дейт:


​​- Мен маселен Атамбаевдин чечимин кош колдоп колдоого алам. Иликтөөдө кимиси чыкса дагы. Бирок ал жакта көп сырлар бар. Башкы прокуратура азыркы абалында бул ишти иликтөөгө кудурети жетпейт. Бул биринчиден. Экинчиден, ошол иштин жабылуу аяк жабылуу бойдон калышына кызыкдар жетекчилер бар. Керек болсо алар атайын ошол жерге акыркы учурда алып барылган. Мен Атамбаевди түшүнүп жатам, анын өзүнүн уячалар боюнча ишке эч катыштыгы жок. Эми бул ишти акыры иликтеп, аныгына чыкпаса коомчулуктун талабы канааттанбайт. Бул бүтпөс окуя. Эмнеси болсо да бир жаңсыл жыйынтыкка келип, иликтөө жүргүзүлсүн дегенди колдоймун. Мурда мен койгон талаптардын бири ушул болчу.

Ал эми банктардан алынган накталай акчаларды бөлүштүрүү жана пайдалануу Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрүн камтып кетет. Алардын арасында Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев жана башка инсандардын ысмы чыгат.

Андан сырткары коомчулукта “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин 7-апрелде Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноого катышканы боюнча маалыматтар чыгып жатат. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов аларды төгүндөп, андай айыптоолорду таккандарды сотко берерин билдирүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев президент бул чуулгандуу иштерди аягына чыгара алабы деген суроого мындай жооп берди:

-Мен ойлоймун, Атамбаев мыйзам жолу менен барат. Анда башка арга
​​ жок. Анткени эл жазында жарылып кеткенге даяр турат. Анын үстүнө баалар дагы көтөрүлүп, жашоо кыйын болуп кетти. Эл коррупцияны көрүп турат. Ошон үчүн Атамбаевде мыйзам жолу менен барыштан башка айла жок. Туура, пикирлештерине тийет. Алар дагы “ыйык уй” болбош керек. Ошон үчүн азыр абдан татаал мезгил. Мыйзам жолу менен жүрүш керек же башкача болуш керек. Аны тандап, чечиш керек. Ошон үчүн кантип, эмне болуп кетерин айтыш кыйын. Бирок кырдаал ушуга түртүп жатат. Өкмөттө башка жол жок.

Ал эми дагы бир саясат таануучу Марат Казакпаев бул ишти аягына чыгарууга президенттин эрки жетет деп эсептейт:

- Менин оюмча, аягына чыгара алат. Эмнеге чыгара албасын. Бул боюнча бир эле жол бар. Сөзсүз иликтөөлөрдү жүргүзүш керек. Мына апрель окуясында АУБдун уячалары боюнча окуяны таза кылмыш десек болот. Буларды иликтөө керек. Туура, бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө тийет. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, иликтениш керек.

Жогорку Кеңеште 2-февралда түштөн кийин июнь окуясы, банк уячаларынан алынган акчалар жана башка чуулгандуу иштерге байланыштуу кабыл алынган токтомдордун аткарылышы талкуулана баштады. Ага өкмөт башчы баш болгон жетекчилер катышты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бакжайна каяктан: Москва
24.02.2012 22:00
Элитаны бутүндөй алмаштырыш керек.Атамбаев коркпой эле
дароо бир нечесин кызматтан алып ордун россияда иштеп
жүргөн азаматтардан коюш керек.Россия,Казахстандан тартып Америка жана башка чет өлкөлөрдө билими күчтүү
жаштар толуп жүрөт.Алар Мекендин баркын билишет.Азыркы бийликтегилерге окшоп уурдабайт дагы.Жүрөгү таза жаш кадрлар Атамбаевге канат,бутак болуп берет.Күчтүү жаш кадрлар мекенге кайта турган убак келди.Элүү жылда эл жаңы дейт.Жаңыра турган мезгил келди ошондо гана коррупция токтойт.

кимден: толик каяктан: россия
18.02.2012 04:48
мен бир нерсеге түшүнбөймүн карупцияга каршы күрөшөбүз деге жалган сөздөрменен бийликте олтурган чиновниктерге силер кыргызтанды 20- жыл алдап келдиңер кыргыздардын жашобу жакшы жагына өзгөргөн жок силер карупцияга каршы күрөшпөйсңөр бийлик үчүн күрөшөсүңөр кыргыздарды түндүк түштүк кылып бөлөсүңөр

кимден: insan каяктан: Россия
10.02.2012 23:49
Мени бир нерсе таң калдырат. Эмне үчүн ушуга окшогон чуулгандуу иштер эмдигиче чечилбейт, эмнеге ушул убакка чейин бирөөлөрдүн колундагы дисктер ачыкка чыкпайт. Бул ким үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Эгерде күнөөлүүлөр аныкталса, Атамбаевдын пикирлешиби же досубу баары бир жоопко тартылышы керек да. Эгерде ушинтип бир жыл болгон окуяны чечпей жүрө беришсе, качан чечилет, кийинки революция болгондобу???

кимден: узбек каяктан: ош шаары.
08.02.2012 05:42
Мени бир болгон иш тан калдырат..ошол Бакиевды дармоедский сасык саясаты и азыркече дишат этиб жургон не путёвий саясатчылар ойлонтурат... Кыргызстанды дуйнога аз болсода танытам деген мыкту балдары..Баяман Эркинбаев,Ырысбек Акматбаевды,Санжар Кыдыралиевды,Айбек Алимжановтарды...дагы айтсам былесынар жакшы ошол инсандарды не зачто убират эткен, Бакиевский шакалдар..кейин секин эл тушуна баштаб бызге Бакиев кан корды кереги жок деп эл чыгыб наразычилык кылганда дагы.элди дагы око тутды 100га жакын балдар олду...андан кейин ошол Темир Сариев,Азимбек Бекназаров,сиякту саясатчылар Атта бейит мазаринда ант ичтинар ант бердинер кейин Темир Сариев,Менен Азимбек Бекназаров,бир биринер менен элдин акчасын крисиний жол менен урдаватасынар сиздер элди шунчалык лох деп ойлойсынарбы жолдош саясатчилар эркекче ишташ колунардан келеби жок келбейт.. Текебаев сенге дагы тегишту бу создор...Урмату президент Алмазбек Атамбаев..мен терпила эмесмин мени сунушум бар..баякы айткан Бакиев дорунда атылыб кетген балдарды депутатарды жонунда кейин ант ичиб элдин алдыда крисалыкыны токтотпой жургон саясатчыларды наказат кылгыла..карапаим эл учун айтватам озум учун эмес...колумдан келгенича Кыргыз тилинде жаздым айпка санабагиле ката болсо...Бардык Кыргызстан жарандарына тынчтыкды калайм Аллахдан коркойлук урмату элим...

кимден: Ташчайнар каяктан: Тоолор
07.02.2012 10:34
Алмазбек Шаршенович чындап коррупцияга каршы курошсо элге кайрылып: "Айланайын эл-журт, менин да комускодо катып жургон бизнесим бар, Аттоммаштан калганы мына, ушунун баары эми элдики болот, Турциядагы бизнесим да элдики, менин жолума тушкуло, келгиле Кудайдан корколу, олкобузду чоголотпойлу мырзалар, келгиле балакайлар!"- дейт болуш керек...

кимден: marat каяктан: Bishkek
04.02.2012 17:13
Азамат Мурзалиев, Абеков сыяктуу иштерман, эл учун иштеймин деген жигиттерди куру жалаа менен түрмөгө отургузуп коррупция менен күрөштү ушундан баштаса Атамбаев чон жаңылыштык кылып жатат!
Пикирге жооп

кимден: Шыбырт каяктан: Ак-Өргө
05.02.2012 11:35
Топ менеджерлерди абакка олтургузууменен Атамбаев Путинге окшошкусу келип жатат окшойт. Эсиңердеби Ходорковскийдин Чубактын кунундай чоюлган чуулгандуу иши.
Бул ишименен Президент инвестициялык климатты пайдубалдын астына катты. Ишкерлерге салам-дубай айтты. Шүк олтургула, өпкөңөрдү үзөм деди. Иштесеңер мени менен иштейсиңер, же жок болосуңар деди.
Эми Эр болсоңор ири инвестиция тартып көргүлө. Инваестициянын кулагын да көрбөйсүңөр эми.
Пикирге жооп

кимден: эрие
06.02.2012 17:04
эми Атамбаев тигинин куноосун иштерман деп кечирсе,кой муну камасам чет элдер акча бербейт деп корксо. анда эмне биз коррупция м-н курош деп атабыз бийликти кыйнап. Анда эмнеге президент кереги бар кыргыздын.Монархия мать порядка болуп жашайлы. Бийликти биз озубуз бузуп атабыз.Мындай кылса андай кылба тигиндей кылса антпе туура эмес. Ой эми алар кандай иштесин.

кимден: Сапар каяктан: Бишкек. ш. 03.02.12 ж.
03.02.2012 15:16
Жемкорлорду жазалоо деген жакшы жарлык чыкты. Бирок, жемкорлордун чордону болгон Ак үй, көк үйдөгүлөр жазаланабы же, ошолорду багам деген бери жактагы майда чабактардын шорубу азырынча белгисиз?. Себеи биздин коомдо бир чооң аткаминер пара албай өз эмгеги менен иштеп, маңдай тери менен кан сарайларды курган деген табышмак талыкпай элдин арасында күбүр шыбыр. Анткени ал байкуштардын эчтекеси жок. Башка бир жакын туугандарынын үйүндө эптеп- септеп, жашап келишет. Ал эми жемкорлук кылгандар Ат Башы менен Алайдын тоосундагы карапайым калк болуп чыга калчу эле. Ай ким билет?, Ай ким билет? деген саптар эске түшөт.

кимден: Мыты каяктан: Ростов на дону
03.02.2012 14:16
Бул жон гана упай топтоо,карга -карганын козун чукубайт,чукусада чабактарын тазалашы мумкун,ал да кумон.

кимден: Arhai каяктан: Ош
03.02.2012 12:28
Ай ким билет, ким билет,
Алла өзү бир билет.
Атамбаев куйругун кессе,
Аркасын жаап ким жүрөт?
Пикирге жооп

кимден: ормон
03.02.2012 19:07
Ай мен билем тууган мен билем.
Атамбаев куйругун кессе
Аркасын жаап эл,мен келем.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 02:02
Жалилге Кыргызстандан. Россиянда жата бео журо бер. Бизге тийишпе
Пикирге жооп

кимден: ормон
06.02.2012 15:55
Элди эмнеге айтпайбыз.Менин ойумдай ойду коптогон адамдар колдойт. Ооба мен эч ким эмесмин анын абдан туура талашпайм. Бирок сага караганда Кыргызстан учун куйгон кыргыз элинин кулуну жана баласымын. Эл учун мекен учун тынчтык учун жаап жалап жургонго да макулмун. Ал эми адамды корбой туруп,элинди сыйлабай дооругон сенден пайда да жок.Эч ким эмесин деп сендейди айтат.
Пикирге жооп

кимден: жалил каяктан: РФ
05.02.2012 20:54
Ормон элди кошпочу сага окшогондор жаап жалап журот.Эл учун суйлогондой сен эч ким эмессин

кимден: Адилет каяктан: Лондон
03.02.2012 11:47
Акаевдин, Бакиевдин учурунда да бийликтин он колу болуп журушкондор азыр Атамбаевдин ишеничтуу адамдары, бийликке келем дегендер жок эле дегенде мыкты 7 губернатор дярдап келишпейби? Атамбаевге ишенгим келет, бирок баягы эле жегичтерди коруп ирээнжип кетем...
Пикирге жооп

кимден: билимкан каяктан: ош
04.02.2012 12:44
Акаевчи жана Бакиевчи дегени менен Атамбаевчи дале болуп жатат өз көмөчүнө кул тартып Алмаз байкем дале кем калбай жатат өз билген туугандарына кичине чоңу калбай жумуштарына жардам берип билеби билбейби жумуштарга орноштуруп жатат гоо!!!! ЧөЖөНү КүЗДө санайбыз бы дейм ияя!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине