Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:27

Саясат

Бабанов-Ташиев эрегиши

Оппозиция лидери менен өкмөт башчы тирешип калды. Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановду радиациялуу көмүрдүн алып келиниши боюнча айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылды. Өкмөт башчы аны жүйөөсүз деп, фактыларды бурмалаганы үчүн Ташиев өзү депутаттык мандатын ташташ керектигин билдирди.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов парламентте, 2011-жылдын 19-декабры.
x
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов парламентте, 2011-жылдын 19-декабры.
Текст көлөмү - +
Радиациялуу көмүрдү Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берүү, анын радиациялуу экени байкалар замат мектеп жана башка социалдык объекттерден чыгарып кетилбегени Өмүрбек Бабановго коюлган негизги айып болуп жатат.

Мына ушуга байланыштуу оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кызматынан кетүүсүн талап кылып, анын ишинин натыйжасыздыгын атады:

Камчыбек Ташиев
x
Камчыбек Ташиев
​​- Октябрдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунда 14 мектеп, бир нече социалдык мекемелер радиация алып жатат. Мына Бишкек жылуулук борборунда ошол көмүр жатат. Өкмөт тарабынан сиз канча тапшырма бербеңиз, канча кеңешме өткөрбөңүз натыйжасы жок, Өмүрбек Токтогулович.

Өз кезегинде өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов көмүрдүн радиациялуу экендиги тууралуу биринчи маалыматтар түшө баштаганда эле аны токтотууга аракет жасаганын билдирген эле:

- 24-октябрда мен тармактар аралык комиссияны түзгөнмүн. 27-октябрда комиссия чечимин чыгара электе эле энергетика министрлигине, Бишкек жылуулук борборуна буйрук бердим. Анда бул көмүрдү тез арада токтотуп, артка кайтаруу тапшырылган. Мына ошонун негизинде 230 миң тонна “Кыргызжилкоммунсоюзга” келген көмүр Казакстанга кайтарылат.

Бирок радиациялуу көмүр негедир мектептерде кала берген. Ал эмес 180 тоннасы жагылып кеткен. Мына ушул мүчүлүштүктү пайдаланып, оппозиция өкмөткө чабуул койду.

Бул жаңжалда Камчыбек Ташиевдин активдүүлүгү анын өкмөт башчылык амбициясынан жана саясий салмак алуу аракетинен кабар берет. Бул күрөш элдин маанайына жараша жаз айларында күч алышы күтүлөт.

Адистердин айтымында, “Кулан ТБнын” радиациялуу көмүрү өкмөттүн көрсөтмөсү жана тапшырмасына ылайык, Бишкек жылуулук борборуна жана Чүйдөгү мектептерге алынган. Эми депутаттык комиссия тарабынан күнөөлүүлөрдү атап чыгышына жараша кырдаал өнүгөт.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов биринчи чабуулдан аман чыкканы менен, депутаттык комиссиянын отчетуна жараша дагы бир сыноого түшөт.

Саясат таануучу Аалыбек Акуновдун айтымында, радиациялуу көмүр жаңжалы саясий кырдаалдын курчушуна себепкер боло алат:

- Бул саясий маселе болуп жатат. Баары эле билип турушат ким алып келгенин, ким кол койгонун, ким төлөгөнүн. Аны прокуратура деле изилдеп жатат. Анан депутаттык комиссия түзүлгөнү - бул саясий жагына оогонунан кабар берип жатат. Албетте, бул саясий маселе болгондон кийин чоң саясий окуяга детонатор болушу мүмкүн. Ал өлкөнүн ичиндеги кырдаалды түзгөнгө, же болбосо эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды түзгөнгө да себепкер болушу мүмкүн. Анткени буга чоң кызматтагы адамдардын кийлигишүүсү бар деп, ысымдар аталып жатпайбы.

Бул жаңжалдан сырткары өкмөттө жаз алдында татаал сыноолору арбын. Анткени парламентке биринчи отчету менен келиш керек. Коалициялык макулдашууга ылайык Бабановдун өкмөтү ар үч айда жасаган иши боюнча маалымат берип турат. Биринчи  үч айда өкмөт 100 күн деп аталган программаны аткарууну алдына койгон. Анда мамлекеттик кызматкерлерди 20% кыскартуу, жолдорго видеокамераларды орнотуу, Өнүктүрүү банкын түзүү, лицензияларды кыскартуу, текшерүүлөрдү иретке келтирүү, жаңы ГЭСтерди, Датка-Кемин электр линиясын тартуу боюнча келишимдерге жетишүү жана башка максаттар коюлган.

Бул милдеттердин аткарылбай калышы коалиция тарабынан да суроолорду күчөтөт.

Ал эми коомчулукта Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө кышка даярдыктын начардыгы, радиациялуу көмүр, акимдерди шайлоодогу коррупция боюнча суроолор жаралып калды.

Реформаларда алдыга жылуу байкалбаса, элдин турмушу андан ары начарласа парламентти таратууну көздөгөн күчтөр да активдеше баштайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ибрагим каяктан: екатеринбург
16.02.2012 01:19
ассалому алейкум мекендештерим баарынардын ой пикиринер жакшы. бирок унутпагыла2010_ 2011жыл кандай оор жыл болду. бабановдагы ташиевдагы адам алардын жумушу ошол алар оздору чечет келише албаса эл татаза. анан азыркы кундо кыргызстан мамлекети деген ысым эле бар мамлекетибиз оор абалда. ар дайым эле тундук туштук дей бербей ынтымактуу болуп жашаган жерибизди коргосок жакшы болот эле. ата бабабыз болунгон эмес байлыкта бийликта калат жаныбыз аманат. кайсыл депутат болбосун тууганым деп бироон жердешим деп тарабын алып бөлунбөй ойлонуп талкууласак. депутатар не жумуш кылсада таразалап баа бергиле.

кимден: кыргыз баласы
15.02.2012 23:52
Бабанов да, Ташиев да ээлеген кызматтан кетишпесе абал начралап кетуучудой болуп калды окшойт. Себеби эки тараптын колдоочу жактары чуу которуп, жан-жал чыккпайт деп ким кепил берет. Элдин ынтымагын сактоо максатында иш аракет кылышса жакшы болмок деген пикирдемин. Бабановдун командасы баштан эле начар тузулуп калган, ошндуктан чабаал болуда.

кимден: Кыпчак каяктан: Баткен
15.02.2012 01:09
Ажону мекенден кууп элибиздин абалын андан бетер кылып алдык окшойт. Аскардын тушунда 1 кап ун базарда жок барыбыз тегирменде кезек кутуп калдык эле. Курманбек эптеп ал абалдан чыгарды, ар ким базардан ак ун жеп калышты. Эми кайра тапкан нерселер тогулуп чачылып арада карапайым калктан жигиттер олуп, ундун баасын Алмаз которуп, бензин 1 доллардан ашып Бабанга тушуп калдыго Эсинерде болсо Курманбектин тушунда бензин 22,20 сом гана болчу муну копчулук сезбейт бирок айылдык калк эсептеп отурат. Бул тоболдор биздин элдин озунун кара комуру чыгып турса Сулуктуну талашып. тажиктерге комурун сатып, Каракече Таш комурлор иштебей каяктагы казактын уулуу комурун окмоттун акчасына алып келди да. Неге биз дагы эле башкаларга коз карандыбыз. Кыргызым азыртадан козубузду ачпасак эртен чункурга тушкону калдык. Башка мамлекеттерден карыз акча алышып кемпир чалдын пенсиесин кобойтомун деген мырза бугун бар да эртен жок. Ал эми алган карызды биздин балдарыбыз кантип толоор экен. Сырткы карыз учун келечек кыйналатко. Дагы айтарым многу бийликтеги адамдар калкты ойлосо жакшы болмок. Баткенде болсо тигил губернаторду иштен бошотуп анын ордуна бир формачанды коюп журттун каргышына калдыго дейм Бабандын баласы. Кече чекисти бироо атып олтурсо, бугун чекистер бироону асып олтурушту тууган туушкандары жол тосмойду баштады Баткендеги абалды турукташтыруу учун Окмот эч кандай чара корбой келет. Губернаторду колдоп 7 кундоп суукта уну кудайына жеткен митингчилердин талаптарын КТРКнын жугурток жарнамасында гана корсотушуп коюшту.Бийликтин кулу болгон КТРК Баткендин кээ бир айылдарында тартпайт дагы. Баткендин эли каргаган тоболдор копко барбашына коз жетип калды. Ташиев мырза чындыгында картинаны туура жагынан караган инсан экен. Аны дагы этияттабасак бизде эми бору устунон анчылар чыгышат. Саясаттын шайтан оюндары качан гана тугонуп качан гана элдин бакубат жашоосу келээр экен. Ыйманда сабырдуулук деген жакшы тушунук бар андыктан кыргыз элим сабырдуу болгула бешенеге жазганын коз корот деген чындык соз.
Пикирге жооп

кимден: beibars каяктан: bishkek
19.02.2012 18:42
kupchak men bakievdi jaktabaim !!!,birok sen aitkanun chun!!!
eldin ymyty bularga chon ele,aktabai tebelep salushty!!!
keche "baba luda" orus aitat pri bakieve myaso stoilo 200 som
maslo 70 som, muka 800 som . biz emes,orustar da emi kozy achuluptyr. yshyndau biilikten koro bakievdiki aldu kancha jakshu ele!!!

кимден: Аким каяктан: Баткен
14.02.2012 19:34
Ким бул озу Бабанов мырза досьесин окуп коргуло олко башкарууга али жаш бул омурун ховолорго арнаган бизнесмен, кыргыз калкы айкол калк аны алдагандар кудайга жакпайт.Баса бабандын баласынын ховосунан Баткенде авариядан 5 адам коз жумду. Канал бою солярка агып Тажик туугандарга отуп жатат буга Лейлектик как кубо. Кыргыздар козунорду ачкылачы качанга чейин ушундай кесепеттер боло берет.

кимден: акыйкат каяктан: кыргызстан
13.02.2012 14:26
Ташиевтин айтканы туура, бирок этика, маданият, суйлогондун да жолу бар ЖКнын депутаты ушинтип суйлосо калгандар каяка барат, жакшы советник алып алыш керек
Пикирге жооп

кимден: ruslan каяктан: bishkek
14.02.2012 16:01
urmattuu mekendeshter mamleketibizdin kelechegin oilogon atuuldarybyz kyiyp byshyp,aityp jatkan bul maselelerdi erte jana tartip menen kabyl albasa eldin kelechegine ters taasirin tigizet. Tashiev tuura aitsa,anda baary chyn da,mektepterden bashtap baardyk jerge taratyp koiuptur,emi munun baaryn kim alyp chygarat,kim kol koiso,kim alyp kelse oshol adamdardyn baaryn zakon tyryndo joopko tartysh kerek!

кимден: Кочмон каяктан: Кылымдар
13.02.2012 10:42
Табышмактуу: Бабанов Айдардын досу, Бабанов Максимдин досу. "Сен мага досундун ким экенин айтсан, мен сенин ким экенинди айтам"- дейт, анда Бабанов ким? Мейли алар бизнес достор болсун дейли, чыныгы досу ким? Эмнеси болсо да элдин умутуно суу себе корбонуз, Бабанов мырза!

кимден: Timosha каяктан: Bishkek
13.02.2012 09:41
Менин оюмча Ташиевдин айткан создорун мен колдон. Бул жерде Бабанов озунун Бийликте тургандыгынан ото катуу колдонуп жатат, Бабанов озунун алдындагы КТРК, ЭлТР, НТС, 5-Каналдарды колдонуп, жатканы да белгилуу, менин оюмча телевизор коруп турсак, Бабанов Президент болгондой эле да, ар бир жанылыкта чыгат, анда чыкканда да кылган иштери эмес, кыла турган иштери чыгат. Бабанов Ташиевке тен эмес, Ташиев патриот киши. Биз муну билебиз танбай кое албайбыз, ал эми Бабанов ким? мен анын патриот экенине ишенбейм, тем более анын патриоттуулугу жонундо эч жерде айтылган эмес...

кимден: МАНАС каяктан: ТАЛАС
12.02.2012 17:50
Бабанов мынча коркок болбосоңуз казакка уулуу көмүрдү качан кайтарасыз!!!!!!!!!!!!! менин жердешим болгонуңузга да уяалам.
Пикирге жооп

кимден: Адахан каяктан: Ош
14.02.2012 15:53
Кайтарат корпо Таластык эмес. Кайтарпаганда сенин уйуно алпарат дейсинби.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.02.2012 02:33
ей сен не деп жатырсың кашан кайда?

кимден: Чал
12.02.2012 16:18
Бабанов тойбос неме корунот,анча дуйнонун сага эмне кереги бар.Айлана чойрон,элин журттун эптеп кор тирилигин откоруп жатса,сен бийликтин так чокусуна чыгып алып,озундун коммерциялык кызыкчылыгынды кылып,ар турдуу элге финсылык,ден-соолукка зыян иштерди кылып жатканың,элге эмес кудайга жакпайт.Эртен эл которулсо,тапканын талаада,озун кайсы жерге баш калкалаштын айласын таппай каласын.Тапканын балдарындын балдарына жете турган болуп калды,ач коздуктун арты кандай болуп жатканын коруп турасын,эсин барда напсинди тыйып ,эл учун кызмат кылсан,керек болсо кыргыз эли президент кылып алат.

кимден: Эксперт каяктан: Кыргызстан
11.02.2012 20:53
Радиация эмне экендигин билбегендер билип алсын. Төмөндогу ссылкадан Херосима менен Нагасаки шаарларына ташталган атом бомбасынан жана анын радиациясынан жабыркагандарды окуп, суротторун корсонуздор болот. http://rocketpolk44.narod.ru/yas/a-bomb.htm
Радиация-бул рак оорусунун атасы, боордун, тукумдун, бөйрөк, өпкө, өт, сөөк чучуктарынын рак ооруларына айланышы. Радиациянын адамга нормадан көп отуп кетишинен улуу саара кан менен чыгат, кан кусат. Акырындап адамдын үмү менен коштолот.
Бул ссылкада американын мыкаачылыгын көрөсүз
http://daypic.ru/war/39277
Пикирге жооп

кимден: Гулмира
13.02.2012 23:10
Радиация эмне экендигин Бабанов билгенде ушул ишке бармак эмес.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине