Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Эшиктен кууса тешиктен жол тапкан дипломаттар


Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги

Бээжиндеги кыргыз элчилигинен ызы-чуу менен кеткен эки дипломаттын бири Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык сервис ишканасына кызматка орношкону белгилүү болду.

Бул тууралуу айткан мурдагы “Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов чет өлкөдө Кыргызстандын беделине шек келтирген дипломаттар жоопкерчиликтен четте калып, кайра кызматка орношконун жетекчиликтин одоно кемчилиги катары мүнөздөдү. Тышкы иштер министрлиги болсо бул маалыматты жарым-жартылай төгүнгө чыгарып, бирок бул боюнча иликтөө улантыларын жарыялады.

Элчиликтеги ызы-чуу

Кыргызстанда 2013-жылы өткөн Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун саммитин даярдоонун алдында Кытайдагы элчиликтен эки дилпомат кызматынан кеткен. Адил Турдукуловдун айтымында, Эрмек Кыштообаев менен Узак Кемеловдун кызматтан кетүүсүнүн себептери кийин белгилүү болгон. Турдукулов кошумчалагандай, Бээжиндеги элчиликтин бул эки кызматкери Кыргызстанга келип, өкмөт менен кайсы бир бизнес келишимин түзүүнү мерчемдеген кытайлык ишкерлерден акча алганы боюнча нота келип түшкөн:

- Биринчиден, биздин дипломаттар ал ишкерлерге виза даярдап беребиз деп, анан Кыргызстандагы кайсы бир келишимге көмөктөшүүгө убада беришкен экен. Бул үчүн Эрмек Кыштообаев менен Узак Кемеловдун атайын ачылган эсебине 800 миң кытай юанын которуу жагы сүйлөшүлүптүр. Мына ошол акчанын 200 миң юаны которулган экен. Бирок ал ишкерлерге виза дагы жок, мына ошол бизнес долбоорго келишим да жок болуп чыгат. Анда акчаны кайтаргыла дешсе, биздин ал дипломаттар кайтарбай коюшат. Ошондо кытайлык ишкерлер өздөрүнүн тиешелүү органдарына даттанышкан экен. Ал жактан бул тууралуу маалымат келгенде биздин атайын кызматтар муну иликтеп, бирок аягына чейин чыгарышкан эмес.

"Кайра кайтчу жолдор бар..."

Жакында мына ошол Бээжиндеги элчиликтен жумуштан кеткен эки дипломаттын бири Эрмек Кыштообаев Тышкы иштер министрлигинин алдындагы “Дипсервис” мамлекеттик ишканасына жумушка орношкон. Экинчиси - Узак Кемелов Кыргызстандагы ири компаниялардын бирине Кытай багытын тейлөө боюнча иштейт. Бул мурдагы эки дипломаттын жоопко тартылбастан, кайра кызматка калыбына келтирилип жаткан себебин Адил Турдугулов мындайча түшүндүрдү:

- Тышкы иштер министрлиги алар менен сүйлөшүп туруп, кызматтарынан бошотушкан. Мына ошол окуядан көп өтпөй эле алардын бири ТИМдин алдындагы “Кыргыздипсервис” ишканасына келиптир. Менин байкашымча, аны мына ошол жакка кайра алып келип, анан андан ТИМге алып келип, ошондон ары кайра элчиликтердин бирине даярдап жаткандай. Анткени, бул эки дипломат министр Эрлан Абдылдаевдин жакын адамдары экен. Бул бизде коррупция менен күрөштүн жок экенин көргөзөт. Кытай тарап мына ошону көрүп туруп, анан ошого жараша мамиле кылат да. Бул деген мамлекеттин беделин түшүрүүгө барабар да.

Бул жагдай боюнча Бээжиндеги элчиликтин мурдагы эки кызматкеринен комментарий алууга мүмкүн болбоду.Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы болсо мына ошол эки дипломаттын бири Эрмек Кыштообаевдин “Дипсервисте” иштеп жатканын тастыктады. Бирок ал дипломатиялык кызматта эмес экени белгиленип, айрым маалымат агенттиктериндеги алар кайрадан элчиликтердин бирине жөнөтүлгөнү жатат деген маалымат төгүнгө чыгарылды.

Кайрадан текшерүү

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурлан Сүйөркулов Бээжиндеги элчиликтин мурдагы кызматкерлеринин парага шектелгени боюнча маалымат учурда атайын текшерүүгө бериле турганын айтты:

- Эң негизгиси, бул эки киши бизде дипломатиялык кызматта иштешпейт. Анан эми “Дипсервис” бул мамлекеттик ишкана. Ал жерде Кыштообаев келишимдик негизде төрт айга эле жалданма жумушка алынган экен. Ал Кытай тилин билген адис катары жумушка тартылган. Мына ошол дипломаттар пара алууга шектелгени боюнча маалыматты текшерип жатабыз. Ошондой окуя болгонбу же болгон эмеспи, аны аныкташ керек. Бул изилдөөнү мен өзүм жүргүзүп жатам. Анын жыйынтыгы менен кошумча тааныштырабыз.

Айрым маалымат агенттиктери жарыялаган маалымат боюнча, Бээжиндеги эки дипломаттын иш-аракети боюнча Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга нота жөнөткөн. Анткени элчиликтин кызматкерлери дипломатиялык кол тийбестикке ээ болгондуктан, аларга жеринде чара көрүүгө мүмкүн эмес. Мына ошол жагдайда министрлик аталган эки дипломатты берген арызынын негизинде кызматынан бошотуп, алар 2013-жылы Кыргызстанга кайтып келгени белгиленди.

XS
SM
MD
LG