Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:29

Саясат

Шамил Мурат: Аким шайлоодо акча ойноду

Таластын үч районунда жаңы шайланган акимдерге нааразылыктар чыгууда.

Текст көлөмү - +
Шайлоого байкоо салган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Таластагы өкүлү Шамил Муратты кепке тарттык.

“Азаттык”:
Таласта эл шайланган акимдерге нааразы болуп жатышкан экен. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган. Алардын нааразылыгы канчалык жөндүү болуп атат? 

Шамил Мурат: Элдин айтымына караганда, шайланган акимдерди алар билбей калган, аларга маалымдалбай калган. Андан тышкары Кара-Буура районунун азыркы шайланган акими мурда Бакиев убагында аким болуп иштеген. Ал экс-президент Роза Отунбаева келгенде жумуртка менен урдурткан экен. Ошондуктан эл нааразы болууда. Мындан сырткары Бакай-Ата районунун акими Осмоналиев деген мурунку бийликте акимдин орун басары болгон. Элдин айтуусуна караганда, ыңкылап учурунда эл тарабынан кубаланып чыгарылган экен. Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун акимдери үчөө тең “Республика” партиясына караштуу адамдар болуп атат. Элдин нааразылыгынын жараткан дагы бир нерсе ушул болууда. Алар “Бабанов эл жактырбаган, мурдагы бийликте иштеген адамдарды сунуштап, Бакиевдин адамдарын кайра алып келеби” деп айтышууда.

“Азаттык”: Сиз бүгүнкү шайланган акимдерди эл билбей калган деп айттыңыз. Эгер билсе болтурбай коюшмак бекен?

Шамил Мурат: Жергиликтүү тургундар райондук кеңештин депутаттары шайлоодон алдың эл менен кеңешиш керек эле деп айтышууда. Анткени “ар бир райондон үчтөн талапкер сунушталган экен, алардын ичинен эл менен иштешкен, таза талапкер сунушталмак деп” нааразы болуп жатышат. 

“Азаттык”: Сиздер шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жатасыздар. Коомчулукта добуш сатып алуу болуп атат, 3-4 миң долларга чыкты деген сөздөр бар. Ушундай жагдайларды байкай алдыңыздарбы?

Шамил Мурат: Элдин көбү эле айтышууда. Бирок колдон кармап алган жерибиз жок. Керек болсо депутаттар менен чогуу иштешкен адамдар деле “сатып алуулар болуп атат, акчалуулар шайланып атат” деп эле айтып жатышат. УКМКнын кызматкерлери ушуну эмне карабайт, элдин бардыгы билип, алар эмнеге билбейт деген дагы нааразылыктар бар.

“Азаттык: Негизи нааразы болгондор арасында аким ишине карап дайыдалсын деген пикирлер арбынбы, же дагы эле тууган, жердеш, тааныш маселеси жогору болуп жатабы? 

Шамил Мурат: Бул жерде таанышчылык, тууганчылык дагы бар. Бирок элдин айтымында, акчанын, паранын ролу көбүрөөк болуп кетип атат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Замирбек
08.02.2012 20:39
Мен Шамил Мураттын пикирин абдан колдойм, Чындап эле эл менен тегиз жургон жана элге таанымал адамдар комускодо калып негеждир окмот тарабынан отпой калгандуу. Мындай маселе туур эмес деп ойлойм мумкун болсо депутаттарга жан элге алдын ала кандидатураларды кабыл алуу жагын элег маалымдап андан кийин кайсы критериянын негизинде райондук депутаттарга сунушталганын билдирсе болмок. Мындай процедура эч кандай болгона жок, мумкун ошондуктан Бабанов оз кишилерин акимдин ордуна туртууго аракет кылган чыгаар. Калган учурда Талас районунда баардыгы ачык айкын отту десек жанылышпайбыз

кимден: Нази каяктан: Бишкек
07.02.2012 12:45
Бизге бир Кудайдан башка эч ким жардам бербестигине эми көзум жетти. Окуп отуруп жүрөгүм ооруп, ким көрүнгөндү айыптагандан толк чыкпайт экен. Кудай бизди кечирсин, Кыргыз элимди!!!

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
06.02.2012 21:39
Текебаев бугункү Азаттыктын түз байланышында:"Элдер коррупция 7-этаждан айылга түшүп кетти" деп сүйүнчүлөйт.Мына, Бабанов Талас областынын 4 райондун үчөөсүнө өз партиялаштарын аким кылып коюптур, муну кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп коёт.Өмүрбек Чиркешович, мурун аким болчулар 20-30 миң долларын президентке берип, дайындоону алып кетсе, эми пара берүүнүн жолу татаалдашып калды, 15 депутатка пара берип, анан премьердин "добросун" алып, 3 талапкердин арасына катталуу процедурасы үчүн Акүйдүн батасын алыш үчүн да раскошеливать этиш керек болуп калды.Пара алдым деп бир дагы депутат айтпайт, премьердин партиясындагы талапкерди чукуп аны өткөрбөө үчүн ГКНБнын жетекчиси кызматтан президент аркылуу түшкүсү да келбейт. Райдепутаттын бир добушу 5 миң доллар экени, просто шумдук.Мындай шайлоо Текебаев өзүңүзгө эле буйрусун, кыскасы Топчуке айтмакчы, шылуун, шүмшүк, шумпайлардын шайлоосу болуптур.

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
06.02.2012 21:37
Шамил мырза кайда кордунуз эле акчасы жок мамлекеттик жумушка киргенин. Азыркы бийлик деле мурунку бийликтен калса калбайт ашса ашат турган бийлик. Биздин бийлик башындагылар соодагерден айырмасы жок болуп баратат.

кимден: чал
06.02.2012 17:35
Кыргызстанда акчасыз эч ким шайланбайт,керек болсо тээ жогорку кенештин депутатары 100% акча менен келишти.Калган бийликтегилерди айтпай эле коюн,базардан айрымасы жок,бардык кызматтын баасы бар,алар кадимкидей сатылат.
Пикирге жооп

кимден: Ажы каяктан: Акжарий
11.02.2012 20:57
Отунбаева келгенде Эшалиев Сарпбек аким болчу. Осмоналиев иштеген эмес. Акыйкаттык эл ичинде.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине