Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Парламент өкмөттү кетирип тынабы?


Парламент депутаттары бүгүн Өмүрбек Бабанов башында турган Кыргыз өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин ишке ашыруу аракетинде. Жай саратанда кызыган кыргыз саясатындагы акыркы жүрүштөр кандай болууда?

Эмне үчүн бийликте турган коалиция өзүнө-өзү каршы чыгып жатат: министрлер кабинетинин ишеним актабагандыгыбы же саясатчылардын жеке айыгышынын кесепетиби? Азыркы өкмөттүн ордуна андан күчтүү өкмөт келээрине ишенүүгө болобу?

"Арай көз чарай" талкуусуна "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев жана "Республика" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев катышты.

"Азаттык": «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов башында турган азыркы кыргыз өкмөтүн кызматтан кетирүү демилгеси бүгүн кайрадан күн тартибине чыкты. Акыркы күндөрү парламентте кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат, депутаттар күндө чогулуп атат деген кеп-сөз көп айтылып жатат. Негизи парламент сересинде эмне болуп жатат? Чын эле өкмөттү кетирүү олуттуу маселеге айландыбы же өкмөттү камчылоонун эле ыкмасы, ормон опузасы болуп жатабы? Мен адегенде кол топтоп жаткан тарапка кошулган, активдүү деп саналган “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү Жоомарт Сапарбаевге кайрылгым келип атат.

Жоомарт Сапарбаев: Бул абдан олуттуу маселе болуп калды. Бул өкмөттү камчылоо аракети эмес, өкмөттү кетирүү процесси башталды, кезексиз сессия өткөргөнгө кол топтоо жүрүп жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Эмне максат менен, кандай аргументтерди сап кармап атасыздар?

Жоомарт Сапарбаев: Максаты бир эле - өкмөттү кетирүү. Аргументтерди айта турган болсок, жаңы өкмөт келгенде экономикалык программасы менен келген. Бирок тилекке каршы анын бири да аткарылган жок. Тескерисинче бюджеттин дефицити 19 млрд. сомго жакындап калды, 18,5 болуп. Андан башка кредит, экономикалык өнүгүү маселелери, мамлекетте экономика өнүкпөстөн, кайра артка жылып жатат.

Экинчиден, тышкы саясатта биздин өкмөт жана өкмөт башчысы өзүн туруктуу саясатчы катары жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо саясаты эмес, тескерисинче жүгүнүп, чөгөлөп, башкаларга сурануу саясатын жүргүзүп, бизди бир четинен уят кылып жатат.

Экинчиден, Кыргызстандын аброюн өтө түшүрүп жатат. Бул - Түштүк Кореяга, Казакстанга сапары, жакында эле Орусияга барып келди. Дагы бир биздин дооматыбыз - азыр Кыргызстанда болуп жаткан коррупцияга каршы күрөшүүдө эмнегедир өкмөт четке чыгып калды. Бизге жардам бергендин ордуна, иштин баарын бизге илип койду. Ошондой эле реформаларда да эч бир кадамдарды көрбөй атабыз өкмөт тарабынан.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, Өмүрбек Бабанов баштаган “Республика” партиясынын парламенттеги фракциясынын өкүлү катары сиз дооматтарга кандай карайсыз?

Кенжебек Бокоев: Азыркы өкмөттү бир эле “Республика” фракциясы эмес, анын ичинде төрт фракция кирген коалиция, анын ичинде “Ата Мекенден” да жылдырылган. Эки ай мурун өкмөттүн отчетун алдык, 2011-жылга жана 100 күндүк отчетун алдык. Ошол күнү парламент, анын ичинде “Ата Мекен” фракциясы ушул демилгени көтөрүп чыкса туура болмок, бирок биз өкмөттү колдоп бердик, бардык отчетторун кабыл алдык.

Биз партиянын өкүлү катары эмес, элдин өкүлү катары ойлой турган болсок элдин оюнда өкмөттү кетирүүбү же Жогорку Кеңешти кетирүүбү деген маселе козголушу мүмкүн. Ошондуктан элдин Жогорку Кеңешти кетирүү деген оюн четке жылдыруу максатында азыр биз өкмөттү кетиребиз деген шылтоону көтөрүп чыккандай болуп атабыз. Мен ойлойм, өкмөттү кетирүүгө эч кандай себеп жок. Бул жерде бир гана саясий интрига болуп туруп, өкмөттү кетирүү эмес, бир гана премьер-министр Бабановго карата болгон саясий оюндар жүрүп жатат деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG