Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Сот мандатты ээсине кайтарды


Мандат чыры тез чечилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Мандат чыры тез чечилди

Биринчи Май райондук соту БШК Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мыйзамсыз мандаттан ажыраткан деп, алардын ыйгарым укуктарын калыбына келтирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январда эки депутаттын мандатын алган. Ал чечимге "Кыргызстан" фракциясынын сунушу негиз болгону айтылган. Ал эми фракция "22-декабрда өткөн жыйында депутаттар өз арызы менен ордуларын бошотууга макул болгон" деп кайрылган. Депутаттар андай арыз жазбаганын айтып сотко арызданышкан эле.

Элмира Жумалиева фракциялаштарынын чечими аны нес кылганын айтат:

- 22-декабрда мен комитет жыйынында отургам. Ал күнү фракция жыйыны болгон эмес. Жада калса андай сөз да чыккан жок. Демейде үч күн мурда жарыялап, маалымдар болгондугу тууралуу кол койдуруп алышчу. Булар менин далыма бычак сайышты.

Мандатынан ажыратылсын деп сунушталган дагы бир депутат Урмат Ишенбеков Боршайком жыйыны учурунда кирип барып, арыз жазбаганын айткан соң анын маселеси кийинкиге калган.

Кийин белгилүү болгондой, арыз шайлоонун алдында, тагыраагы, 26-августта жазылган экен. Анда талапкерлер жетиштүү добуш алалбаса ордун ыктыярдуу бошотот деген мазмун камтылып, ар бири кол койгон. Бирок анда арыз кимдин атына жазылганы жана датасы көрсөтүлгөн эмес.

Четтетилген депутаттар 6-январда ошол арызга эле фракция лидери Канат Исаевдин атын жазып, датаны коюп, БШКга өткөрө салышканын айтышат.

Мына ушул жагдайларды эске алган Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев мандатынан ажырагандардын арызын канааттандырды.

- Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун мыйзамсыз деп таап, Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенамановага карата чечимин жокко чыгарат. БШК үч күндүн ичинде соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыла алат.

Ошондой эле алардын ордуна келишкен Урмат Самаев менен Алмазбек Токторовго мандат берүү чечимин жокко чыгарды.​

БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров чечим аларга келе электигин айтып, Жогорку Сот инстанциясына кайрылар-кайрылбасы тууралуу бир жактуу жооп берген жок:

- Аны эми мен чечпейм да. Чечимди ала элекпиз. Ал колубузга тийгенден кийин жетекчилик карап көрөт.

Бул парламенттеги мандат талаштын алгачкысы эмес. Буга чейин "Республика Ата-Журттун" да чуусу чыккан болчу. Саясат талдоочулар сот БШК чечимин кубаттаса, башка фракция лидерлери да каалаган депутатты четтетүүгө жол ачылат деп, ошондо эле мандат маселеси чындап базар соодасына айланарын болжошкон.

Бирок соттун БШКга каршы чечимине карабай, парламенттеги мындай көрүнүш кийин кайра кайталанышы мүмкүн дейт депутат Мыктыбек Абдылдаев:

- Эртең мындай көрүнүш токтоп калат дегенден этият болушум керек. Анткени саясатта дайыма кыймыл болуп турат да. Бирок мунун баары парламенттин аброюна шек келтирип жатат. Бүгүнкү күндө жетекчи моралдык жактан өзүн күнөөлүүмүн деп сезсе, четтетилген депутаттардан кечирим сурашы керек. Жада калса кетирели деп добуш берген фракция өзү дагы кечирим сурашы керек.

Ошол эле учурда талдоочулар депутаттарды мандаттан ажыраткандыгы үчүн БШКны да жоопко тартуу зарылдыгын көтөрүшүүдө.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев, анын эки орун басары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Андыктан Жумалиева, Эсенаманова, Ишенбековдор менен мындан кийинки мамиле кандай болот, кечирим сурайбы, же жокпу - бул азырынча белгисиз. Калган фракция мүчөлөрү болсо жооп берүүдөн баш тартышууда.

Бул арада "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Урмат Ишенбеков фракцияда саясий оюндар күч алып, ынтымак кеткенин айтып, мунун баары лидердин жакындарына гана мандатты ыраа көрүү далалатынан улам деп баалады. “Азаттык” Канат Исаевдин да жүйөсүнө орун бергенге даяр.

Депутаттардын тарапкерлери сот алдында (15.01.2016)

XS
SM
MD
LG