Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Жаңы парламенттин коалиция куроо түйшүгү


Жогорку Кеңешке шайлоо соңуна чыкты. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы алган добушуна жараша партияларга мандат тапшырат. Андан кийин коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо бир дагы партия 50% ашык добуш алалбагандыктан коалиция түзүү зарыл.

Коалиция түзүүнү президент Кыргызстан социал-демократтар партиясына тапшырары турган иш. Анткени 2010-жылкы парламенттик шайлоодо экинчи орунда келген КСДПга президент коалиция түзүүнү такай тапшырып келген. Эми болсо 431 миңге жакын же 27.4% добуш алып, биринчи орунду ээлеген КСДП партиясына андай мандатты тапшыруу бардык жагынан ылайыктуу жана орундуу болот.

КСДПда болсо коалицияны каалагандай тандап, куроого мүмкүнчүлүгү бар. Биринчи вариант боюнча КСДП “Республика Ата-Журт” менен эки партиядан гана турган коалиция түзө алат. Анткени 315 миңден ашуун же 20% ашуун добуш алган “Республика Ата-Журттун” КСДП менен биригип, коалиция түзүүгө мандаты жетет.

Эсептөөлөргө ылайык, 27% ашуун добуш алган КСДП 38 мандатка, “Республика Ата-Журт” 28 мандатка ээ болушу күтүлүүдө. Бириккенде эки партия 66 мандатка ээ болуп, өкмөттү куроого толук мүмкүнчүлүгү бар.

КСДП коалицияны башка вариантта да курай алат. Ал вариант боюнча, КСДП саясий жактан өзүнө жакын болгон “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларын тартып, коалиция түзө алат. Бул вариант боюнча коалицияда 69 мандат болот. Анткени КСДПнын 38 мандатына “Кыргызстандын" 18 жана “Өнүгүү-Прогресстин” 13 мандаты кошулуп, мына ошончого жетет. Бул курамдагы коалиция КСДП үчүн жеңил жана ыңгайлуу. Анткени бул эки партиянын лидерлери буга чейин эле президент жана анын партиясына жакын болуп келген.

“Республика Ата-Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов озунуп, бүгүн, 5-октябрда КСДП менен коалицияга барууга даярдыгын билдирип жиберди.

Алмазбек Атамбаев жана Чыныбай Турсунбеков, 8-декабрь, 2011-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Чыныбай Турсунбеков, 8-декабрь, 2011-жыл

Ал эми түзүлгөн кырдаалдын кожоюну болуп турган КСДП жана президент келечектеги өнөктөштөрүн карап, баалап жатканы маалым. КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков коалицияны куроо үчүн мандат аларга берилерине ишеним бар экенин билдирип, азыркы кезде парламентке өткөн партиялардын мүмкүнчүлүктөрү талданып жатканын кошумчалады:

- Ар түрдүү вариантта түзсө болот. Анын баары сүйлөшүүнүн жыйынтыгында белгилүү болот. Биринчи кезекте эсептөөлөр толук бүтсүн. Күчтөрдүн катышына жараша талдап, ойлонуп көрөбүз. Жалпы платформабыз кимдер менен туура келерин карап көрөбүз.

Чыныбай Турсунбеков конституциялык көпчүлүктү камсыз кылуучу коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү да караларын кошумчалады. Конституциялык көпчүлүктөгү коалиция түзүлүш үчүн кеминде төрт партиядан турган коалиция түзүү зарылдыгы пайда болот. Анткени конституциялык көпчүлүк үчүн кеминде 90 мандат керек.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев КСДП, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресстин” ортосунда коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү жогору болгонун айтат:

- Коалицияга КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” кирет. Анткени саясий көз караштары дал келип атат. Партиялар үч-үчтөн экиге бөлүнүп, келечекте чоң эки партияга айланат.

Бакыт Бакетаев мындай форматта түзүлгөн коалицияда Темир Сариевди өкмөт башчы орунда калтырууга аракет жасаларын кошумчалады.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өттү
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өттү

Эгерде “Республика Ата-Журт”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” оппозицияда кала турган болсо, алардын 51 депутаттык мандаты болот. Бирок алардын бирдиктүү оппозициялык фронтту түзүүсү күмөндүү. Анткени саясий көз караштары өтө эле карама-каршылыктуу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын билдирүүсүнө караганда, БШКда шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө чыгаруу үчүн 20 күн убакыт бар. Бирок ал андан эрте чыгарылышы күтүлүүдө. Шайлоонун жыйынтыгын БШКа расмий түрдө жарыялагандан кийин президент кайсы бир фракцияга коалиция түзүү мандатын тапшырат, ал 15 күндүн ичинде коалиция курап, өкмөт башчыны шайлаш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG