Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө өр алды


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Ысык-Көл облусундагы иш сапары учурунда, 10-август.
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Ысык-Көл облусундагы иш сапары учурунда, 10-август.

Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеши өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү сунуштады.

Башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары мындай чечимди кечээ күнү кабыл алган эле.

КСДП эки фракциянын чечимин колдоду

14-августтун кечинде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши жыйналып, өкмөттүн маселесин талкуулады.

Партиянын жооптуу катчысы Чыңгыз Матиев КСДПнын саясий кеңеши өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча эки фракциянын чечимин колдоого алганын билдирди:

- Саясий кеңеш колдоого алды. Фракциянын жакынкы отурумунда саясий кеңештин чечимин карасын деген чечим кабыл алынды.

Матиевдин айтымында, өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө негизги себеп - экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөп кетүүсү болду.

КСДП фракциясынын мүчөсү Галина Скрипкинанын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, фракция жыйыны 15-августка белгиленди. Ал эми өкмөттү кызматтан кетирүүнүн жол-жобосу тууралуу депутат буларды билдирди:

- Өкмөттү коалициялык көпчүлүк түзгөн. Ошондуктан коалициялык көпчүлүк карагандан кийин маселе парламентке коюлуш керек. Ал эми ар бир фракция ишеним көрсөтпөөнү чече берет. Бирок коалициялык көпчүлүктүн чечими менен өкмөттүн маселеси каралат.

Коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү болгон “Республика” фракциясы албетте өз лидери Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетүүсүнө каршы.

Бул фракциянын жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаев бардык иштер мыйзам чегинде болуш керек дейт:

-Өкмөттүн маселеси болобу, эртең парламент калабы-калбайбы, президент калабы-калбайбы, мунун баарын мыйзам чегинде чечишибиз керек. Тогуз айдын жыйынтыгы менен карап, бюджеттин аткарылышы кандай болуп жатканын комитеттерде талкуулап, жыйынтыктарга таянып, анан кетиш керек деген чечим кабыл алынса түшүнүктүү болмок.

Дыйканбаевдин айтымында, мыйзамсыз аракеттер уланса парламентти таркатуу талабы фракция тарабынан коюлушу мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, КСДП фракциясынын жыйынан кийин фракция жетекчилери чогулуп, башкаруучу коалициянын жыйынын чакырууну чечишет.

“Ата Мекен” фракциясы мына ошондон кийин Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу талабын коёрун фракция мүчөсү Туратбек Мадылбеков билдирди.

Премьерликке талапкерлер изделе баштадыбы?

Бул арада Өмүрбек Бабанов кете турган болсо, анын ордуна ким келет деген суроолор жаңыра баштады. Айрым маалыматтарга караганда, жаңы өкмөт башчылыкка вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, президенттик аппараттын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси, парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков, “Республика” фракциясынын мүчөсү, “Өнүгүү” кыймылынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралууда.

Жаңы өкмөт боюнча кеңешүүлөр жүрүп жатканын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG