Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Орусияга барсаң тышкы паспорт ал


Орусия 1-январдан тарта кыргызстандык мигранттарды ички паспорт менен киргизбейт.

Ички паспорт менен жүргөн кыргызстандыктар Орусиядан чыгып кеткенче жүрүшсө болот, бирок жаңы талап боюнча жумушка орношуу, катталуу жаңы жылдан тарта жалпы жарандык паспорт менен гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук фондунун вице-президенти Тилек Додонов “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

“Азаттык”: Жаңы жылдан тарта Орусия кыргызстандыктарды ички паспорт менен киргизбесин дагы бир жолу эскертти. Биздин мигранттар буга даярбы?

Тилек Додонов: Орусия мындай талабын 2013-жылы эле айта баштаган. Ошентсе да кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү даяр эмес. Ошондуктан маалыматты көбүрөөк жайылтуу керек. Сиздерге да өзүмдүн жана фонддун атынан ыраазычылык билдирем.

2015-жылдан тарта биздин мекендештер Орусияга тышы көк, китепче паспорт менен гана кире алышат, ошондой эле жашы 16га толо элек балдардын да тышкы паспорту болуш керек. Өзүбүздүн фонд аркылуу биз да колдон келишинче Орусияда жүргөн, келүүнү каалаган мекендештерге бул маалыматты жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Жаңы эрежеде кыргызстандык мигранттар ички паспорт менен Орусиянын аймагына кире албайт деп айтылууда. Ал эми мурунку убакта кирип алган мигранттардын маселеси кандай болот? Алар жаңы жылга чейин Кыргызстанга келип, жалпы жарандык паспорт алып кетиш керекпи?

Тилек Додонов: Орусияда ички паспорт менен жүргөн жарандарыбыз жүрө беришсе болот, чыгып бара жатканда да ошол паспорт менен чыгып кете алышат. Бирок жаңы эрежелер боюнча 2015-жылдан тартып Орусияда кыргызстандык жарандар менен түзүлүүчү ар кандай документтер, мисалы, жумушка уруксат кагаз алуу, каттоого туруу тышкы же тагыраак айтканда жалпы жарандык паспорт менен гана жүргүзүлөт. Ошондуктан эң жакшысы - биздин мекендештер тышкы паспорт менен камсыз болушу керек.

“Азаттык”: Кыргызстандык мигранттар үчүн Орусиянын ичинде жүрүү тартиби кандай болот? Мисалы, полиция токтотуп, тышкы паспорту жок жарандарды жоопко тартып, же депортация кылып жибербейби?

Тилек Додонов: Жок, андай болбош керек. Биздин жарандар өз укуктарын билүүгө тийиш. Көбүнчө мекендештер орус тилин жакшы билбегени үчүн да жагымсыз окуяларга туш болуп калышат. Биздин жарандар өздөрүнүн укугун коргой албаган учурда Орусияда кыргызстандык мигранттарга колдоо көрсөтүп, иш алып барган уюмдарга, фонддорго кайрылышса болот.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG