Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:36

Саясат

Акимдер арасында аял жок

Кыргызстанда район акимдигине сунушталган 120 талапкердин бирөө гана аял болуп чыкты.

Текст көлөмү - +
Борбор Азиядагы патриархалдык саясатында дың бузуу деп бааланган Кыргызстан аялдары чоң саясатка аралашууга күчү жетпей жатат деген пикир сизди ынандырабы? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева жана мурдагы депутат, "Кыргыз эл биримдиги" кыймылынын теңтөрагасы Шамшыбек Медетбеков.

"Азаттык": Жакында аялдардын мыйзам демилгечилеринин альянсы деп аталган бейөкмөт уюмдар тобу өкмөттү курууда гендердик теңчилик сакталбай жатат деп билдирди. Бул аял-эркектин теңдигин кепилдеген Конституцияны, мыйзамдарды бузат экен. БУУнун сунуштарына да каршы келип жатат деп коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышты. Уюм калктын 52 пайызын аялдар түзгөн бүгүнкү коомдо, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда аялдар сүрүлүп жатат деп атышат. Мындай билдирүү канчалык негиздүү?

Шамшыбек Медетбеков: Бул эки жактуу болуп атат. Кыргызстанда бөлөк мамлекеттерге салыштырмалуу айымдардын эркектер менен теңдиги Конституциябыздын 16-беренесинде "эркектер менен аялдар тең укуктуу, тең укуктуулукка жетүү үчүн бирдей эркиндикке ээ" деп жазылган.

Райондордун акимдерине талапкердигин аялдар көрсөткөн жок деп бир беткей карабашыбыз керек. Бул биздин бийликтин, мамлекеттик түзүлүштүн күнөөсү эмес. Бул көрсөткөн партиялардын күнөөсү. Бөлөк тармагын комплекстүү ала турган болсок, бүгүнкү күндө биздин аялдардын позициясы эркектерден ашса ашат, кем калбайт деп эсептейм.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Бирок бийликтин бийик тепкичтеринде аз деген сөз бар, бул факт болсо керек. Айнуру айым, альянстын негиздемелери канчалык деңгээлде жөндүү?

Айнуру Алтыбаева: Тилекке каршы ошондой болуп калды. Акимдердин үч талапкеринин ичинде бирден аял болсо жакшы болот эле. Биз ошону талап кылып, мен премьер-министрге кайрылгам. Тилекке каршы талапкерликке бир да аял өтпөптүр.

Бизде теңчилик Баш мыйзамда жазылган. Бирок бул декларация катары эле калып кетүүдө. Жаңы коалиция, жаңы өкмөт түзүлгөндө депутат айымдар бир нече жолу өкмөттө аялдар сөзсүз болуш керек деп айтканбыз. Анткени биринчи коалицияда бир да аял жок болчу.

Экинчи коалицияда эки министр айым бар. Бирок Жогорку Кеңештин структурасын карап көрсөк, кайра бир эле депутат айым дайындалды. Бирок башка мамлекеттерге салыштырмалуу, аялдардын күчтүү кыймылдары, күчтүү аялдардын бейөкмөт уюмдары ушул маселеде көп аракет жасап, ошон үчүн азыр 26 депутат айым бар. Бул тилекке каршы 21 эле пайызды түзөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Башты оорутпачы азаттык
16.02.2012 17:35
азаттык, башты оорутпагылачы аялдар жок деп, коруп атабыз, аял президент болду, ошончо депутаттр аялдар, акыйлашып олтурушат. Аял болбосун деген деле ойдо эмесмин, бирок мынчалык масееле катары которуп чыгуу туура эмес!

кимден: Дүдүвай каяктан: Бишкек
11.02.2012 11:49
Бурулкан айым ушу теманы жакшы көтөрүпсүнөр.Бийлик аларда биздин ары жок эркектер алдыга чыккандан коркуп активист аялдарды алдыга коюп кордон жасап, бийликке келет, анан аларды унутуп коёт.ЖКга да аялдар келмек эмес, ар бир төртүнчү эркектен кийин аял тизмеге кирсин дегенден кийин гана паламентте отуруп калышты.Биз эмне Африканын чатырман токоюндагы жапайы катындарыбызбы, билими жок саксандап жүргөн,Бизди аким шайлоого кошпогон ЖКдагы 5 партияга наалат.Тиги Бабанов болсо, өз партиясынан Ленин районуна партиялашы Алтынай дегенди аким кылып алды, районго ченемсиз акимдерди тыкты.Мына биздин Сокулук районуна дагы Республика партиясынан аким болду. НПОлор тегерек стол уюштуруп гендер маселени талкулабасак болбой калды.Окшуюп отура берсек бул эркектаналар бизди тебелей турган болду.Муногу Айбек деген пикир жаскан бала.Сен көп тапанданба,Илгери карангы заманда Курманжан датка баласын да багып, тарыхта да жакшы ат менен калды ошондо да барына үлгүргон
Пикирге жооп

кимден: Жожогул
15.02.2012 13:37
кандидатуранды эркектерге окшоп кой да ото бер да, мага орун бер, болбосо, мага закон бер, антпесен менин мээм эркектикинен аз, ага окшоп оз кучум менен жете албайм деп эле айткыла да, мындай чындыкты чыркырата мобнунарга артып дегендей

кимден: aibek каяктан: rassia
10.02.2012 10:59
urmattuu aiymdar siler birinchiden iu turmushun taktap baldarinarga tatinakai tarbiia bergile ainura eje siz ozunuz birinchiden kirgizcha uironup jakshi suiloshtu uironup kin deputat bolsonuz jarashmak ele kantip ishtep juros kiratip ishtebeseniz kerek ichiniz tain .

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине