шаршемби, ноябрь 26, 2014 Бишкек убакыты: 07:14

Басма сөз

Башкы тема - Батукаев

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишин жазып чыкты.

x
“Жаңы агым” буга байланыштуу “Президент Атамбаевдин уюшкан кылмыштуулук боюнча 18-мартта кол койгон мыйзамы эмне үчүн бир ай өтпөй бузулду?” деген ат менен  макала тартуулап, өткөн жылдын күзүндө Кыргызстандын гезиттери Чеченстандагы таасирдүү кишилер Батукаевди бошотуп берсе кыргыз бийлигине ири суммадагы акча берерин жазып, бирок ал такталбаган маалымат бойдон калганын, эми болсо: “өлүм алдында жатат деп медиктер айтты” деп бошотуп жибергенин, мынча болду Батукаевге саноторийге путевка берсе болмок экен" деп какшыктады.

“Жаңы агым” гезити ошондой эле компромат “согушу” деген рубриканын алдында “Текебаев-Бабановдун кезектеги кармашы же ортодо айланган миллиондор” деген теманын алдында  алардын  “талашын” талдоого алган макаланы жарыя кылды. “Түркия да бизге ГЭС, “Манас” аэропортуна эл аралык хаб курууга кызыкдар экен” деген жана “ИИМди реформалап келатканыбызга 20 жыл толду, бирок майнап жок” деген макала жарык көрдү.

“Алиби” гезити “Батукаевди ким качырды?” деген баш тема менен жаңы санын ачып, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Кубанычбек Жолдошевдин иликтөө  макаласын көчүрүп басты.

Журналист Дайырбек Мейманов өзүнүн көлөмдүү макаласында  “Үчүнчү революция болобу?” деген суроого жооп издеди. Макаланы жыйынтыктап баратып автор Кыргызстанда айрым саясатчылар сөөмөй кезеп коркутуп жаткан “3-революциянын” карааны көрүнбөгөнүн, бийликтин күчтүүлүгүнөн эмес, тескерисинче утуру алмаша берген бийликтен эч нерсе өзгөрбөгөндүктөн, алмашса, кайра эле баягылар келип, өлкөнүн байпагы манат болуп кетерине көздөрү жетпегендиктен жана эл ишенгидей оппозициянын жоктугунан, “оппозициямын” деп жүргөндөр баягы эле бийликтен “кресло” тийбей калып, жарма таарыныч менен жүргөндөр болгондуктан экендигин,  эл мындайларга эбак ишенбей калганын жазды.
Атамбаев менен Сатыбалдиевге багышталган, 18 киши кол койгон кат “Элди бөлгөндөр жазалансын!” деген ат менен  тартууланды.

“Фабула” гезити Айбек Шамшыкеевдин “Ушундай болмок” деген рубриканын алдында “Азиз Батукаевди Чеченстанга жөнөткөндөр 2,5 млн. доллар алганбы?” деген макаласы менен жаңы санын ачып,  ошентип Батукаев  өз мекенине аман-эсен учуп барып, Кудайга жана өзүн түрмөдөн сууруп алгандарга, чыга элек жатканда паспортун даярдап, самолетко салып койгондорго ыраазы болуп, шашпай чай ичип атканда Кыргызстандын эл өкүлдөрү адатынча  комиссия дегенин көтөрө чуркап чуу түшүп калганын баяндады.

Депутат Болот Шер: “Азиз Батукаев деген ким эле? 2013-жылы 16 кыргыздын кулагын кесип, олтурган жерине чечен байрагын илип алганда мен кылмыш ишин козготкон элем. Эгер күч органдары Батукаев тарабынан өлтүрүлгөн Болот Төлөновду сыйлабаса, биз депутаттар,  депутат кезинде өлтүрүлгөн Тынычбек Акматбаевди сыйлабасак, анда иш жаман жагына айланып баратканы белгилүү болуп турат. Бул алдын ала даярдалган акция. Күч органдары, баары билишет. Бул жерде мыйзам тебеленген жок, кыргыздын ар-намысы, абийири тебеленип жатат” деп айткан сөзүн мисалга тартты.

“Де-факто” гезити  саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун маегине орун берди. Жекшенкулов бийликтин жүргүзүп жаткан ишин талдоого алды.  Парламентти сынга алуу менен 2 жылдан кийин азыркы беш партиянын ордуна админстративдик ресурс аркылуу 1 гана партия келиши мүмкүндүгүн, буга элдин бийликке болгон ишениминин жоголушу түрткү болорун,  Кыргызстанда оппозиция ар дайым эл болгонун, калган саясатчылардын баары ошол элди өз кызыкчылыктарына пайдаланып алган саясий топтор экенин айтиты.

Ушул эле гезит Ички  иштер органдарынын кызматкерлеринин  мурдагы Ички иштер министри болгон Кубатбек Байболовго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда “Жөн эле фактысы жок,  далили жок “абаны" аркы-терки силке бербеңизчи? Кызматыңыздагы бардык ийгиликтериңиз үчүн Сиз ошол кездеги өлкө башында турган Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевге ыраазы болуп ыракмат айтасаңыз жарашмак. Кайра аларга жалаа жаап шыбагындын ордуна, аларды шыбайм деп атып өзүңүз аябай булгандыңыз” деп жазды.

Шайлообек Дүйшеев

"Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бактыгул каяктан: Бишкек
29.04.2013 12:02
Башка депутаттар суйлогонунон да Болот Шердин жаны ачып айтканы туура. Кечоо чечендердин лидер Рамзан Кадыровдун туз эфирдеги суйлогонун уктунарбы азыр чечендер жана бандиттер деген тушунук бири бирине жуурулушуп калганын ал ачык айтты биз орустардын берген буйругун так аткарабыз кайсы жерди тазала десе тазалайбыз дейт.Демек биз качырып ийген чечен деле барып кайра эле озунун ишин уланта берет экен. Бирок кыргыздар косоонун акылы туштон кийин болуп ким жинди деген суроого жооп таба албай убарасынар. Прмьер министрге айтааар эле жанагы акимдерди алгыча жанагы Батукаевди качырган козу сокур кулагы дулой министр ген прокуратураны иштен албайт беленер. Чын эле баш ал десе борк алат экенсиз. Сиздин саясат майдаланып натыйжа чыкпайт экен баягы эле эски сазга тыгылган саясатты элестетет. Эгер бул улана берсе учунчу дагы тортунчу дагы тонкоруш болот деп ишенем.

кимден: Кыргыз каяктан: Жалал-Абад
16.04.2013 13:01
Кыргыз.Жалал-Абадтын атынан жазганга ; Сен озундун атындан жазгын,кыргыз мен болом,Жалал-Абадтан.Оз ойун барбы,кыйшандабай туз жаз.Атамбаев,Бабановторун эмне кылып жатканы корунуп жатпайбы,мактап,
колдоп журо бер.

кимден: апенди деген кишиге
13.04.2013 13:42
Бошотушсун, ким бар татыктуу? Ким бар олконун жугун которо алган. Ташиевдерби Жада калса тосмодон секирбеш керектигин билбеген. Же Келдибековбу, байлыгына чиренип, баюууну гана коздогон. же Жолдошевабы, тажаалдангандан башка билбеген? Айтчы, ким бар кокуй?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.04.2013 14:19
а эмнеге сен бир жактыктарды эле айта бергенсин ыя???кыргыз элинен чыккан эн татыктуу ушул Атамбаев болсо анда шорубуз куруган экен..
Пикирге жооп

кимден: апендилерге
13.04.2013 23:15
Айтылган сын пикирди туура кабыл алышты билбеген апендилер бир нерсе болсо эле регионго болуп бир элди бир-бирине тукуруудан башка колунардан эшектин тезеги да келбейт экен.

кимден: апендилерге
13.04.2013 02:25
МИТЕЛЕР колунардан пок келбегенден кийин бошотпойсунарбы иштейм дегендерге!! Кайсы жакты караба талкаламай,уурдамай,пара бермей,жула качмай,алдамай... Балдарыбыздын эртенки келечегин элестетип корком. Бийликтен кетсенер деле башка жактан кудайым ырыскынарды берет байкуш кемчонтойлор.

кимден: тимур
13.04.2013 01:27
Рыспек менен БАямандын олтуруп тынды.оз агасын агалайбаган буроонун агасын сагалайт дейт. президента бар окмотта бар бул иште.

кимден: самар
13.04.2013 00:20
соз жокта окмотко

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
12.04.2013 23:22
Кыргызстандан Батукаевге окшогон азаматтар чыкканына сүйүнбөйлүбү достор! Ал озүнүн кадыр баркы менен өлкөгө ири инвестиция алып келет. Көрөсүңөр го! Атамбаев аябай акылдуулук кылды аны Чеченстанга чыгартып жиберип. Турсунбек Акун илгетеден эле элчилик милдетти мыкты аткарчу эле, бул жолу да Атамбаевдин каалаганын өтө бигичтик кылып Батукаевдин бошотулушуна чоң салымын кошту. Биздин бийликке чечен эли өтө ыраазы.
Пикирге жооп

кимден: кыргыз каяктан: жалал абад
13.04.2013 02:54
сен тез аранын ичинде мээнди дарылатышын керек экен азыр туруп жоно!
Пикирге жооп

кимден: Тилчи
14.04.2013 09:45
Эй тууган түшүнгөн жоксуңбу Патриот какшыктап атат.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.04.2013 21:22
ironia degen tushunuk menen karasangyz kommentke.

кимден: kazakh eken каяктан: jalal abat
12.04.2013 22:54
kyrgyzdar jakwi kalgila men kazahktin jarani boldum kirgizstandin kelechegi jok eken
Пикирге жооп

кимден: казака каяктан: саткын
14.04.2013 15:49
оз элинди пул бар жерге сатпа.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.04.2013 04:14
maga dese afrikanyn jaranyn al, bizdin emne ishibiz bar.

кимден: куттубай каяктан: ош
12.04.2013 21:52
Сотторго "без слов",айла жок экен. Шамил Атаханов колуңдан "коконун" иши келбесе эме кыласың иштеймин деп? Атамбаевди подставлять этпей кетип калбайсыңбы.

кимден: нарындык
12.04.2013 17:49
Батукаевди чыгарып атайын бийликти жамандагысы келишкен оппозициянын. Озунор карап корсонор, Бабанов бийликке жеткиси келип журот.а Рысалыиев Бабановдун кишиси. А рысалиев бул иштерди уюштурганга толук мумкунчулугу бар. Ошон учун Атамбаев жок кезде билгизбей бул ишти жасап коюшуп, анан кайра озулору Батукаев чыкты бул бийликтин куноосу деп айтып чыгышты. Ошон учун, сатылма чиновниктер менен милиция кызматкерлерин баарын жумуштан алып ыргытыш керек. Атамбаев туура чечим кабыл алат деп ишенем.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

Сөз таануу

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жагдайлары жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын интернет шеринеси.

Соңку пикирлер: (3096 - жалпы саны)

Машрап: Арыбаңыздар!
Мен Енисей дебестен, Энесай деп жазып жаткандарга чоң ыраазычылык билдирет элем.
Биздин өлкөбүздү деле ... Толук

Сөз таануу

Play market аркылуу "Азаттыктын" тиркемесин жүктөңүз

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
Play market аркылуу "Азаттыктын" тиркемесин жүктөңүзi
|| 0:00:00
...  
🔇
X
10.11.2014
Play market аркылуу "Азаттыктын" тиркемесин жүктөңүз. "Азаттык" радиосунун сайты: www.azattyk.kg