Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Ниетти оңдойлучу...


“Кыргыз туусу” гезити Өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн жар салды.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитинен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Ашхабад шаарында өткөн КМШ жыйынына катышып келгенин, кечээ президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерге катышуу шарттарына ыкташууда кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун түзүүнүн маанисин баса белгилегенин, ушул эле күнү макулдашууга кол коюлганын, фонддун уставдык капиталы 500 млн. доллар экенин, алгачкы 100 миллиону ушул жылдын 31-декабрына чейин түшөрүн, калган 400 млн. доллар 2016-жылдын 29-майына чейин которуларын, мындан тышкары орус тарап 500 млн. долларлык өтө жеңилдетилген зайымды фонддун ишине тартуу боюнча милдетти өз мойнуна алганын жазып чыкты.

Журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Жер титиребесин, эл битиребесин!” деген аталыш менен тартууланды. Профессор, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин Шабдан баатырга арналган макаласы “Кыргыз биримдиги үчүн кызмат кылган” деген ат менен жарык көрдү. Макалада Шабдан баатырдын Кыргызстандын түштүгүндөгү падыша бийлиги менен ортомчулук аракеттери баяндалат.

“Алтын жаак, жез таңдай акын” деген макала айтылуу Алымкул Үсөнбаевди эскерүүгө арналды.

“Фабула” гезити Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы саналган Камчы Көлбаев кечээ жакында үй-бүлөсү менен Дубайга сапар тартканын ички иштер министри Мелис Турганбаев өзү билдиргенин, ал министрликке дайындалып жаткан учурда депутат Карамушкина “Көлбаев жаштарды айланасына топтоп жатыптыр, кандай чара көрөсүз?” деп сураганда “С Көлбаевым я разберусь” деп кыска гана жооп бергенин, жаңы министрдин минтип айтканын ошондо көпчүлүк жакшы түшүнө албай калганын, эми минтип Камчынын кайрадан Дубайга кеткенин министр өзү билдирип жатканына караганда “мыйзамдагы ууруга” чыныгы мыйзамдын күчүн көрсөткөн окшобойбу деп белгиледи.

Ушул эле гезит журналист Баратбай Аракеевдин “Ниет оңолбосо, тоону томкоруп не?” деген макаласы, Айбек Шамшыкеевдин “Жаргылчак” рубрикасынын алдындагы үч макаласы, Тиленбек Азыктын “Келдибеков үн катты, адатынча актанды” деген макаланы басты.

Журналист Бөкөнбай Боркеевдин кыргыздын дагы бир залкар уулу, муңканган ырларын жүрөктөргө муютуп да, уютуп да кеткен айтылуу обончу Асанкалый Керимбаев тууралуу “Асандын акыркы күнү...” деген баянынын корутунду бөлүгү жарык көрдү.

“Алиби” гезити “Баш ооруга айланган биометрика, шайды оодарган шайлоолор” деген ат менен журналист Чыныбек Ажыбековдун макаласын жарыялады.

Саясый серепчи Уран Ботобеков “Кыргызстан эмнеге экинчи Швейцария боло албайт?” деген суроого жооп берди.

Ушул эле санга Бекташев Абдимиталдын: “Пресс-жыйынга Канжар экөөбүз тең катышалы дегенбиз” деген жана Канжар Кадыралиевдин “Келдибаевди ур-тепкиге алып, акчасын тоногон балдар кармалды” деген маектери басылып чыкты.

“Ата Мекен” жыйырма үчтө” деген макала Кыргызстандагы алгачкы саясый партиялардын белдүүсү болгон “Ата Мекен” партиясынын жаралыш тарыхы жана басып өткөн жолу баяндалды.

Боршайкомдун мурдагы башчыларынын бири Акылбек Сариевдин “Алиби” гезитиндеги маеги “Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын мыйзамсыз бекитүүгө КСДПнын өкүлдөрү себепкер болду” деп аталды.

Жыпарбек ажы Тойчубековдун маеги “Муфтиятты толугу менен таркатып, жаштардан жаңы, жаш муфтият түзүү керек” деген ат менен окурмандарга тартууланды.

Белгилүү төкмөлөрүбүздүн бири Азамат Болгонбаев “Калыстарга нааразы болгон учурум болгон эмес” деп маек курду.

XS
SM
MD
LG