Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Танаев Акаевди мактады


“Айат” гезити Борбор Азия өлкөлөрүнүн акыйкатчысы Турсунбек Акун менен маектешти.

“Азия ньюс” гезити депутат Каныбек Осмоналиевге карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон билдирүүсүн жарыялоо менен буга карата “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиевдин маегин басты. Депутат октябрь айынын башында ушул ишке байланыштуу башкы прокурор Аида Саляновага кирип чыкканын, жакшы маанайда сүйлөшкөнүн, бардыгы мыйзам алкагында болот деп айтканын белгиледи.

"Балким бийликтеги таасирдүү күчтөрдүн куйругун басып алган жок белеңиз?"

"Антип деле ойлогон жерим жок. Бирок бассам басып алгандырмын. Депутат болгон соң элдин өкүлү катары мугалимдердин маянасынын аздыгы, Билим берүү министрлигинин кемчиликтерин сындап жүргөн убагым болгон".

"Кылмыш иши козголор замат биздин депутаттар менен чиновниктер ооруканага жата калмайды өнөр көрүп алышпадыбы. Сиз да эми ооруканага чуркап, жата каласызбы?"

"Ушундай жагымсыз кабар болуп атса, ден соолугуң жайында болмок беле? Азыр кан басымым көтөрүлүп, нерв болгонго, мурдагы ооруларым козголуп, дары ичип атам. Мен деле ооруканага түшпөйүн деп кудайдан тилеп жатам. Эми робот болбогон соң ооруйт экенсиң. Акыркы беш жылдан бери жүрөк оорум боюнча эки ирет дарыланып жатып чыккам. Мен эми бир жакка качып кетчү же жашынып калчу киши эмесмин. Менин министрликке жазган бир катым боюнча эле камап туруп кесип жиберишсе буларга да кудай бардыр".

“Азия ньюстун” бүгүнкү санынан акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин “Мигранттардын көйгөйүн жеңилдетүүгө кадам таштадык” деген, “62 өлкө ичинен “Алтын топ” сыйлыгын алуу Элмурза Сатыбалдиевдин эмгеги” деген, маданият министринин орун басары Мукталы Бектеналиевдин “Токтогул атабыз жаткан түрмө абдан сүрдүү экен” деген, журналист Сурат Жылкычиевдин “Алачыктай үйдө жашаган дервиш атанын Ала-Тоодой дүйнөсү” деген макалаларын окуйсуздар.

“Айат” гезитине Турсунбек Акун “Бийликти алмаштыра тургандай каршылаштары жок” деп маек курду. Мурдагы акыйкатчы учурда Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору болуп иштеп жатканын, же кыргызча айтканда жалпы Борбор Азиянын акыйкатчысы экенин, чет жактарга эле командировкалап кетпесе, саясаттан кетпегенин, парламентке, өкмөткө бат-бат каттап турарын, эл аралык Адам укуктары күнүнө карата 9-декабрда укук коргоочулардын форумун өткөргөнү жатканын, бүгүн Кыргызстанда мурдагыдай бир адамдын диктатурасы жоктугун, маалымат каражаттары эркин экенин, бирок Бакиевди сындап атып эми свет кымбаттаганын, Роза Отунбаева “каралардын” баарын каматканын, азыр алардын баары бош жүргөнүн, жаңы министр Мелис Турганбаевге ишеним чоңдугун, Камчы Көлбаев Дубайга качып кетти деп атышканын, акыйкатчы Бакыт Аманбаевди жакшы көрбөй тургандыгын, бирок эжеси Урмат Аманбаеваны мекенчил кыз деп эсептээрин, президенттин 2017-жылдан эрте кетишин, өлкөдө дагы бир жолу төңкөрүш болушун каалабай тургандыгын билдирди.

“Асман плюс” гезити аркылуу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов “Кумтөрдү” улутташтыруудагы жоопкерчиликти эч ким мойнуна алгысы келбейт” деп маек берди.

Бул санга өкмөттүн Акаевдин учурунда башкаргандардын бири Николай Танаевдин “Өнүгүп бараткан мамлекетти ким кантип тизелетти?” деген аталыш менен маеги жарыяланды. Танаев учурда Акаев мамлекетти талкалап, бардыгын уурдап кеткен дегендерди экономикада да, саясатта да эч нерсени түшүнбөгөндөргө теңеп, Акаевдин жүргүзгөн саясатын баштан аяк актап, мактап чыкты.

Айтылуу диктор Анаш Кадырованын таланттуу диктор эле эмес, таланттуу акын экенин балким окурмандар көп биле бербеши мүмкүн. Анаштын үч ыры мына ушул “Азия ньюс” гезитине Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунованын баш сөзү менен жарык көрдү.

Лариса Асанбекованын “Сырдуу Тибет, касиеттүү Кайлаш” аттуу сапар баяны сандан санга жарыяланууда.

XS
SM
MD
LG