Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Коррупцияга чырмалган спорт


“Барометр” гезитинин 17-октябрда чыккан атайын саны бүт бойдон Токтогул Сатылгановго арналды.

Жакындан бери “Жаңы жүздөр” деген гезит чыга баштады. Гезиттин ээси жана башкы редактору белгилүү журналист кызыбыз Лейла Саралаева. 16сынан 21не чейинки жарык көргөн санында баш макаласын аталган гезит “Бакиев Минскидеги жашоосун дагы канча убакытка кумарлантат?” деп атап, Бакиев Белоруссиянын байлар жашаган Дрозды деген кыштагына 2 млн. долларга заңгыраган үй салып алганын, анын баягы Марат Бакиев аттуу чекист баласынын түнкү клубу былтыр чоң шаан-шөкөт менен ачылып, бирок беларус жаштары барбай койгондуктан, кирешеси начарлап, жабылып калганын, анткен менен Кыргызстанга беларус шекерин сатууга тиешеси бар деген имиш кеп айтылып жүргөнүн, Курманбек Бакиев болсо токолу менен шапар тээп жашап келатканын, Белоруссияга алгач барган күндөрү Курманбек Бакиев коркуп турса, азыр кадимкидей көнүп калганын, аны бир нече жолу ичимдик иччү жайдан көрүшкөнүн, Бакиевдердин 7-апрелде өлкөсүн канга боегонун беларустар абдан жакшы билишерин жазып чыкты.

Бүгүн “Барометр” гезитинин Токтогулдун 150 жылдыгына арналган саны 10 миң нуска менен жарык көрдү. Гезит көрүнүктүү маданият ишмерлеринин Токтогулга арнап жазгандарын, улуу акындын ырларын, санаттарын, айтыштарын жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Биз карт тарыхы бар байыркы элбиз” деген ат менен Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган сөзү менен ачты. Жазуучу Бактыбек Максүтовдун “Улуу Британияда “Манас” айткан” деген макаласы белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетовдун чыгармачылыгына арналды.

“Алиби” гезитине “Энергетика секторунун таш-талканын чыгарган Шадиев менен Артыкбаевди жоопкерчиликке тартышыбыз керек” деген ат менен “Түндүк электронун” директорлор кеңешинин мүчөсү” Сапар Аргынбаевдин интервьюсу басылды.

Ушул эле санга Кыргыз эл артиси Түгөлбай Казаков “Кыргызда жакадан алган жоодон өлбөй, этектен алган иттен өлдү” деген кеп бар” деп интервью берди. Кабарчы белгилүү обончуга: “Баратбай Аракеев сизге “сыйлык берүү орунсуз” десе, сыйлык бердирбегендердин башында Шайлообек Дүйшеев туруптур деген маалыматтар айтылып жатат го? Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар?-деп суроо берди эле Түгөлбай Казаков:

- Баратбай да жолдошум. Өзү өмүрүндө көрбөгөн жобону мага түшүндүрүп жатпайбы. Шайлообек деле баскан-турган жерлеринде “илгери бир “Жамгыр төктүнү” жазып койсо эле бере бермек белек, обондору эски экен” деп жатыптыр. Аны да угуп жатам. Бирок жободо мыкты чыгармалар көрсөтүлө турган болсо, кеминде үчтөн экисин кайра иштеп чыкпаса каралбайт” деп жазылып турат. Ошого ылайык мурда жаралган обондорду аккардеон менен ырдасам, азыр аларды оркестрге жана эстрада ансамблдерине салдырып ырдаткам, - деп жооп берди.

“Фабула” гезитиндеги “Айкырык салбай, акылыңарды айткыла!” деген макалада “Жаңы муун” деп бийликке жанталашкан жаштар өлкөдөгү оор кырдаалдан упай топтоого аракет кылып жаткандыгы популисттик кадам экендигин, кыргыздын мындай жаштары мындай жол менен алыска бара албастыгын, сындаганды, кыйкырганды баары эле билерин, ансыз деле жаштардын мунусун жалпы эл жактырбаганын, “Курманбек кутуруп, Жаныш жалаңдап, Максими майыбыздын баарын сызгырып турганда бул балакайлар кайда эле?” деп суроо коюп, айдактаган агалары ошол кезде АКШда жашынып жүргөнүн, азыр кыйкыргандын баары эле баатыр боло берген митинг заман өткөнүн эстерине салды.

Грек-рим күрөш федерациясынын башкы машыктыруучусу Канат Бегалиевдин “Спортто коррупция боюнча камалып кете турган адамдар көп..” деген маеги да “Фабуланын” ушул санында.

“Де-факто” гезити депутат Кенжебек Рыспаевдин “Кен байлыктарыбызды максатуу элдин керегине жарай турган кылып колдонушубуз керек” деген интервьюсу менен жаңы санын ачты.

Ушул эле гезитке Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Миталип Мамытов баштаган баатырлар жана Анарбек Ибраев баштаган төрт эл артистинин президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусу басылып чыкты. Кайрылууда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы белгилүү обончу Түгөлбай Казаковдун чыгармаларын аталган сыйлыкка татыксыз деп тапканын, сыйлык ыйгаруу саясатка айланып баратканын айтуу менен Түгөлбай Казаковго сыйлык берүүнү акыйкат чечип берүүсүн өтүнүп, президентке кат жолдоду.

“Айбат” гезити “Равшан Жээнбеков гейлер маселесине келгенде эле неге куйругун түйүп кетет?” деген макаласында “Үч сөзүнүн экөөсү Батыштын, АКШнын саясаты болгон Равшан Жээнбеков гейлер тууралуу мыйзам долбоору каралаар кезде акырын жылып, Ак үйдөн чыгып кеткени маалым болду” деп жазды.

“Жаңы агым” гезити аркылуу коомдук ишмер Ахунбай Кошоев “Президент таза болгону менен бардык тармактарда анархия өкүм сүрүүдө” деп интервью берсе, УКМКнын Антитеррордук борборунун директорунун орунбасары Таалай Жапаров “Экстремисттик топтор бар, бирок база курууга жол берген жокпуз” деп интервью берди.

XS
SM
MD
LG