Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Араб өлкөлөрүнө ачылган терезе


“Фабула” гезити мигранттардын учурдагы абалы тууралуу маекти басты.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун “Энергетика тармагы реформага муктаж” деген ат менен маегин жарыялады. Мыразакат Тыналиевдин макаласы “Төө буурчактын түйшүгү тоодой. А наркычы?” деп аталды.

“Алиби” гезитиндеги маегин депутат Туратбек Мадылбеков “Укук коргоо органдары коррупция менен экономикалык кылмыштын айырмасын билишпейт” деп атап, бул экөөнүн айырмасын жергиликтүү фактылар менен талдоого алды.

Айрым жарандардын ой-пикирлер топтомунан турган материал “Алтынбек Сулайманов, бүгүнкү күндүн саясатчысы” деген ат менен жарык көрдү. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатовдун “Адамдардын көкүрөгүн, көөдөнүн толтурмайын турмушубуз жакшырып деле кетпейт” деп аталып, композитор директор театрдагы жана ырчылык өнөрдөгү чечилбей келаткан көп маселелерди баяндады.

“Жаңы агым” гезитинин кабарчысы Тынчтык Алтымышев макаласын “Геосаясый кармашта Кыргызстан кантет?” деп атаса, Мелис Совет уулу макаласын “Кадыралиеванын кадыры, Аманбаеванын амалы ажодон өйдөбү?” деп атады. Журналист Назгүл Калмамбетова кыргыз телесинин биринчи диктору, республиканын эмгек сиңирген артисти, кезинде театрдагы айжаркын ролдору менен көрүүчүлөрдү кубантып келген театр актрисасынын азыркы учурдагы кыйын абалын баяндады. Өмүрүн театр үчүн арнап жүрүп, 58 жыл иштеген актриса аны театрдан статья менен иштен айдап салышканын, азыркы күндө ооруп сыртка чыгалбай кар болуп калганын, таңдан кечке эрмектеп кийим токуурун, айрым адамдар аны базарга алып чыгып сатып келип беришерин, доктур да манжаларыңыз тынбай иштеп турушу керек деп айтканын кеп салып берди.

Амантур Мусагулов “Де-факто” гезитиндеги макаласын “Самаковдун эл үчүн кылган ак эмгеги жана ага жабылган “кара пиар” тууралуу”деп атады. Жакшылык Бердибек уулу Бажы биримдигинин күңгөйү менен тескейин талдоого алды. Айтылуу Бүбүсара Бейшеналиева, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиевдердин элестери “Ай, жылдарын алса дагы мүнөттөр, ал кездерди эске салган сүрөттөр...” деген теманын алдында эскерилди. Манасчы Самат Көчөрбаевдин макаласы “Улуу Токтогул” деген ат менен жарык көрдү.

“Айбат” гезити жылды жыйынтыктап, коомдук ишмер, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетовдун “2014-жыл эң башкысы өлкөбүздө тынчтык болду” деген, тоо-кен адиси Орозбек Дүйшеевдин “Курулай кыйкыргандар азайды” деген ойлорун ортого салды.Аталган гезит Азизбек Келдибеков менен Каныбек Сапаровдун “Эсепчи Эсенбай” аттуу баянын басууну улантууда. Дагы бир макала “Мырзакматов неге өзүн Оштун “кожоюну” сезип калды десе, “өтүгүн төргө илип жүргөн турбайбы” деп аталды. Ушул эле санда “Бейөкмөтчүлөр бийликти неге коркутат?” деген, Кумтөрдө бир жумушчу оруну–ишканага байланыштуу тармактарда 15 жумушчу орунун түзөт” деген макалалар басылды.

“Фабула” гезити аркылуу “Кыргызстан эми өнүгүү жолуна түшөт” деп айткан депутат Турсунбай Бакир уулу 93-жылды эске салып, ошондо Акаев тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Израилге барып “Израилдин борбору катары биз Иерусалим шаарын тааныйбыз” деп бардык араб өлкөлөрүн таарынтып, бизге каршы коюп келишкенин, жакында президент Алмазбек Атамбаев Араб өлкөлөрүнө барып Акаевдин ошол чоң катасын оңдоп келгенин, бул деген Орусия үчүн Петр биринчи Европага терезени ачканы менен барабар экенин, анткени буга дейре Эл аралык финансы уюмдары жардам беримиш болуп, биздин өлкөнү 3 млрд. доллар карызга батырганын, 2015-жылдан баштап араб инвестициялары келип, экономикабыз өргө багыт алса, жашообуз да оңолоруна ишенерин айтты депутат Турсунбай Бакир уулу.

“Жаргылчак” аттуу рубриканын алдында бул жолу кызматтан алынган эки министрди–Алиясбек Алымкулов менен Канат Сыдыковду жаргылчакка “тартты”. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева интервью берип, жаңырган жылдан баштап мигранттар патент менен гана ишке орношо алышарын, буга чейин патенттин баасы 1000-1200 рубль болсо, жаңы жылдан кийин 4500 рубль болорун, мындан тышкары аны менен бирге орус тилин жана орус тарыхын билгендиги тууралуу сертификат, ден соолугу тууралуу маалымдама сыяктуу документтерди алуусу керектигин айтты. Орус рублинин арзандашы албетте мигранттардын чөнтөгүн бир топ жукартканын, бирок Мекенине кайтууну каалагандар азырынча жоктугун, Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны ушу кезде 554 миңден ашканын кеп кылды.

“Аманбаеванын акылга сыйбаган алдамчылыгы” аттуу интервьюну “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына Тилек Жаныкеев деген адам бергенин аталган гезит белгиледи.

“Фабуланын” дагы бир макаласы “Бажы биримдигине кирүүнү токтото туруу зарыл” деген ат менен тартууланды.

XS
SM
MD
LG