Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Бир мамлекетте беш "президент"


Экс-вице-премьер министр Базарбай Мамбетовдун интервьюсун “ПолитКлиника” гезити басты.

“ПолитКлиника” гезити “Директорубуз Аида Токтоматованы ким токтотот?” деген ат менен анын Кудайга жакпаган жоруктарынын баарына токтолуп, докторлугу да күмөндүү экенин, шайлоо учурунда анын диплому аттестациядан да өтпөгөнүн, директорлук шайлоого катышууга стажысы жетпегендигине карабастан катышканын, шайлоого Билим берүү министрлигинен эч ким катышпаганын жана башкаларын санап келип аталган окуу жайына кайрадан шайлоо өткөрүү талабы менен окуу жайдын бир топ адамдары кол койгон катты жарыялады.

Ушул эле гезитке “Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Токон Мамытов “Кумтөрдү” улутташтырууну колдойм, бирок талаптарым бар” деп интервью берди.

Экс-вице-премьер министр Базарбай Мамбетов маегин “Орусия менен экономикалык интеграцияда чогуу болушубуз керек” деп атады. Мамбетов “Кумтөр” Кыргызстандагы коррупциянын туу чокусу болуп саналарын, каймагын Канада калпып алып, шалдыраган көк сүтү кыргызга калып келатканын, ушундан көрө чыгарылган алтынды саткандан түшкөн дүң акчаны Кыргызстан менен “Центерра” тең бөлүшүп алганда адилетүү болмогун, анын ордуна өкмөт менен Экономика министрлиги башка жолго түшүп, өлкөнү туңгуюкка кептегенин кеп кылды. Орусия менен мамилеге токтолуп, жылына 90 млн. тонна нефть чыгарган Казакстан 1 миллионго жетип-жетпеген күйүүчү майын бербей жаныбызды кейитсе, Өзбекстан акыркы жылдары 70 млрд. газ чыгарып, ошонун 250 млн. кубун саткыла деп сурасак да кашайып сатпай койгонун, анан орустар келип күйүүчү майдан да, газдан да тарткан кыйынчылыктан чыгарып кеткенин, азыр Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы Өзбекстан менен Тажикстандагыдан 30-40 процентке арзандыгын, газ үзгүлтүксүз берилип жатканын, эгер Орусия болбогондо кокуйгүндү дал ушул коңшулардан көрмөгүбүздү, ошондуктан экономикалык интеграцияда көзү түз, көкүрөгү кенен ушул өлкө менен чогуу болушубуз керектегин белгиледи.

“Азия ньюс” гезити Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын миңден ашуун аксакалдары Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго карата саясий куугунду токтотуу талабы менен президент баш болгон чоңдорго кайрылганын, кайрылгандар бийликке 10-мартка чейин убакыт бергенин, кокус талап аткарылбаса, Ош облусунун жаштары менен жалпы элдик митингге чыгарын, ага да болбосо акыркы чараларга барарын айтышканын кабарлады.

Оппозиция лидерлеринин бири, “Чындык” деп аталган партиянын башчысы Кубанычбек Кадыровдун “Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин иштебей, кубаланып кетиши мүмкүн” деген эки бет интервьюсу басылды. Башынан аягына чейин Атамбаевди сынга алган макала “бул бийлик шайлоону таза өткөрөрүнөн күнөм санайм” деп аяктайт.

“Айат” гезити “Эшектин этин саткандардын иши парламентте талкууланат” деген кабарында эшектин этин сатып жүргөндөрдү Кыргызстандын Коопсуздук комитети билбей КТРКнын журналисттери таап чыкканын айткан депутат Исмаил Исаков “парламентке ошол журналисттерди чакыртуу керек” деген сунушун айтканын, бирок “Азаттыктын” атынан тактап коелу, эшектин этин сатып жүргөндөрдү биринчи КТРКнын эр жүрөк кыздары эмес, башка бир эр жүрөк кыз башкарган “Ачык саясат” гезити биринчи болуп жазып чыкканын, бирок бийликтин тиешелүү органдары кулагына кум куюп алгансып үн катып койбогонун, анан ушул кабарды андан ары КТРК улап кетип, чындыкты көрсөтүп, даана элдик канал экенин далилдегенин угармандарыбыздын эсине сала кетели.

Ушул эле гезитке мурдагы депутат Бейшенбек Абдразаков маек куруп “Биздин мамлекетти беш президент башкарып жатат” деп айтып, бул оюн бышыктоо үчүн ар бир партия өзүнчө мамлекет болуп алганын, ар бир партиянын өзү гана дайындап өзүнө гана баш ийген министри, акими, айыл өкмөтү, прокурору барын, анан дагы эң жаманы булардын биринин да жоопкерчилиги жогун, президент өкмөткө шылтаса, өкмөтү парламентке шылтарын, ошентип бири-бирине шылтап коюп жүрө берген өлкөгө айланганыбызды, андыктан шайлоого барбай туруп адегенде Башмыйзамды өзгөртүп, анан люстрация жасап, шайлоо мыйзамын кайрадан жазып чыгуу керектигине токтолду.

“Асман плюс” гезитине интервью берген депутат Нарынбек Молдобаев депутат болом деген кишинин үч нерсеси, биринчи акчасы, экинчи аны колдогон шайлоочулары, үчүнчү кадыр-баркы болушу керектигин, элибиз да шайлоодо ушул нерселерге терең маани берсе татыктууларды шайлап аларын айтты.

“Асман плюс” гезити “Эшектин эти Гонконгго сатууга даярдалганбы же?” деген кабарында, Манас айлындагы “Кайтал” ишканасында союлган 605 эшектин эти муздаткычта сакталып турганын, муну ошол ишкананын жетекчиси Алмаз Такырбашев билдиргенин, актанып сүйлөгөнүн, бирок дал “ушул кишинин карындашы Аламүдүн базарында “Арзан ич эт алгыла...” деп жүргөнүн көргөндөр бар экен” деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG