Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Мырзакматов КСДП менен "Ата Мекенди" уруштурабы?


“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын “Орусия түштүк чек араларын коргоого даярданууда” деген макала менен ачты.

“Азия ньюс” гезити Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус аскерлеринин Тажикстандагы санын 9 миңге чейин көбөйтүү, Ош шаарында аскердик күчтөрдү чыңдоо пландалып жатканын айтканын кабарлады.

Журналист Асланбек Сартбаев диний экстремисттик уюмдардан алдын алуу боюнча иштер Кыргызстанда кенебестик менен жайбаракат жүрүп жатканына жаны кейип, бул боюнча кенен талдоо жүргүздү. Автордун 2-макаласы “Атамбаев менен Текебаевди уруштуруп, Мырзакматов утат” деп аталып, Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекени” менен Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” шайлоого биригип аттанмай болгонун жазып чыкты.

“ПолитКлиника” гезити президент Атамбаевге багышталган Жумгалдын Түгөл-Сай айлында жашаган 59 адамдын кайрылуу катын жарыялоо менен бүгүнкү санын ачты. Түгөлсайлыктардын каты Эпкин айылынын тургуну, үрөн чарбасынын башчысы Тойчубекова Жамиланын жасап келаткан иштерин комиссия аркылуу текшертип берүү жагын, антпесе Жамилага жергиликтүү бийликтин алы келбей калганын, алар Жамиладан тажап бүткөнүн айтып арыз жолдошту.

Ушул эле гезит аркылуу “Кийинки парламент кандай болушу мүмкүн?” деген суроого жооп берген Токтогул Какчекеев: КСДП партиясы озуп чыгат,-деп;

Марат Казакбаев: Кийинки парламентке КСДП, “Республика-Ата-Журт”, “Бир бол”, “Өнүгүү” партиялары келсе туура болмок, КСДП президенттин партиясы болсо, калгандары конструктивдүү оппозиция катары парламенттеги таасирдүү күчкө айланмак,-деп;

Жумагазы Садыр уулу: Бир Болдун” күчү башкалардан жогору деп ойлоп турам,-деп;

Табылды Акеров: КСДП, “Ата-Мекен”, “Республика -Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиялары келет, - деп;

Аслан Сартбаев: 1-орунга “Ата Мекен” чыгышы мүмкүн, 2-орунга КСДП, “Республика-Ата Журт” чыгат. Менин оюмча “Бүтүн Кыргызстан менен Эмгек” элдин колдоосуна анча деле ээ болбойт,- деп;

Тынычбек Табылдиев: Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Бир бол”, “Өнүгүү” , “Улуттар Биримдиги” партияларын шайлаш керек,-деп жооп берди.

“Саресеп” гезити саясатчы Акылбек Жапаров менен маек курду. Акылбек Дүйнөлүк банктын рейтингинде 2009-жылы Кыргызстан 42-орунда турса, бүгүн 102-орунга түшкөнүн, өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү керек деп көп айтылганы менен ал иш жүзүнө ашпай келатканын, президент берген тапшырмалар аткарылбай жатканын, укук коргоо органдары ишкерлерди саан уйдай сааганы аз келгенсип, өлтүрүп да жатышканын, Кумтөрдүн чыры бүтө электе Жерүйдүн чыры башталганын, тышкы саясатта эми илгеркидей Москва эмне десе ошого баш ийкей берсек Москва оңолмоюн оңолбой турганыбызды жана башкаларды кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити жаңы санын “Мамбеталиев “Вечерний Бишкектин” банк эсебин, машинелерин камакка алдырды!” деген кабар менен ачты. Бул боюнча соттун жүрүшү тууралуу гезиттин 5-бетинен окуп алсаңыздар болот. "Казак туугандар кыргыздын накта өз оюну болгон “көкбөрүнү” “көк пар” деген ат менен ЮНЕСКОдон улуттук менчиги кылганы жатканын, кезинде “көкбөрүгө” тили келип турса деле Аскар Акаев да “көк пар” деп сүйлөп, эми ошол “көк пардын” парын казактар чыгарганы калганын, атаганат Карганбек Самаковдун колу-бутун тушбаганда эмгиче жетип барып, эбак өзүбүздүкүн өзүбүздүкү кылып бермегин, бийликтин эси болсо элдин эмес кара жанын аркалаган Келдибековду деле чет өлкөгө кое бербеди беле, ошондуктан ойлонушу керек го, Самаковго эмне мынча эле салмагын салып калды" деп жазды.

“Жаңы агым” гезити кечээ УКМКнын оперативдүү кызматкерлери тарабынан БГУнун проректору дипломдук ишке жакшы баа коюп бермекчи болуп 300 доллар сураган жеринен кармалганын, бул проректор аял мурда Билим берүү министринин орунбасары да болуп иштегенин, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз ишкери Алмаз Эргешовдун “Улуттук валюта кадырланбаса, экономика өспөйт” деген интервьюсу басылды.

“Общественный рейтинг” гезити “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаровдун интервьюсун окурмандарга тартуулады. Адахан өз сөзүндө “Көпчүлүк коалиция деген өкмөттү түзүп эле тим болбой тигил же бул сабептерден улам отставкага да кетире алат, бирок өзү эч нерсеге жооп бербестен кала берет, эгер ушундай боло берсе анда фракция лидерлери дегендин орду кайда, ошондуктан өкмөттү түзгөндү билген фракция лидерлери 1-иретте эл алдында жооп беришти да билиши керек” деп айтты.

Мадумаров Атамбаевдин ишмердигине баа берип жатып, Жамааттык коопсуздук келишим кюмунун катарында болгондугубуз, Евробиримдикке мүчө болгондугубуз ойлонулуп жасалган жакшы иштер экенин, бул деген жарандардын жашоосун жеңилдетерин, ушуну баары чоң жетишкендик болгонун белгиледи.

Коррупция тууралуу кебинде Адахан коррупция менен ар бир жаран күрөшүүгө тийиш экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG