Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Кабилова Бакиевдерге кантип кызмат кылган?


Клара Кабилова
Клара Кабилова

“Искра” гезити бул санын Адилет Айтикеевдин “Кул мүнөз болбо, кыргызым!” деген макаласы менен ачты.

Автор макаласында Акматбек Келдибековдун 7-каналга берген интервьюсун көрүп чыкканы боюнча ой толгоп олтуруп, Келдибековдун Аида Салянова менен Өмүрбек Текебаев тууралуу айткандарынын туура экенине ынанганын, Текебаев менен Салянова беш жыл бою Атамбаевдин бийлигин колдонуп келип, эми сүттөн ак болуп четке чыга беришкенин, Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн ар кимди колдонууну жакшы өздөштүргөн саясатчылардын бири болорун, кезинде Куловду да Акаев бийлигине салып берип баса бергенин, эми Мелис Мырзакматовду колдонуп жатканын, натыйжада Мырзакматов жана анын командасы, жакындары куугунтук жеп, Мелис ак жеринен соттолгонун Келдибеков туура айтканын жазып чыкты. Адилет Айтикеев андан ары Келдибековдун: “Эгер Текебаев чындап эле Мырзакматов үчүн күйсө, анда аны БШК “Ата Мекендин” тизмесине каттабайбыз дегенде, “Же Мырзакматовду биз менен каттайсың, болбосо баарыбыз баш тартабыз” деп эмне үчүн айтпайт, анте албайт, анткени кайсы бир маселе боюнча сүйлөп коюу Текебаев үчүн нан жегендей эле кеп “ деп сүйлөгөнүн жазып чыкты.

“Искра” басылмасы муну менен бирге эле “Атамбаев доорундагы Кыргызстандын акыркы төрт премьер-министри” деген макала жарыялады. Макалада Өмүрбек Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин жана Темир Сариевдин ишмердиги тууралуу баяндалат.

Мындан кийинки “Мандемдүү тандем” деген рубриканын алдында жарык көргөн макала “Текебаевдин калпыбы же Кабилованын амалыбы?” деген ат менен тартууланды. Текебаев “Азаттыкка” берген бир маегинде Клара Кабилова Бакиев режими менен күрөшүп жүргөндө аты-жөнүн аргасыздан өзгөрткөнүн айтканын, бирок иш жүзүндө андай эместигин, Клара Кабилова Бакиев режими менен эч кандай күрөш жүргүзбөгөнүн, куугунтукка да алынбаганын, азыркычылап аты-жөнүн да өзгөртпөгөнүн, тескерисинче оппозицияны ичтен иритип, астыртан байланыштарды уюштуруп, алардан бийликке сөз ташып, Бакиевдердин оюндарын аткарып турганын, 2009-жылы апрелде Жаныш Бакиев менен макулдашып туруп Жаныштын Шота Руставели №26 дарегиндеги офисинде иштеп турганын, Кабилова негизинен Атамбаев, Текебаевдарды каралоо оюндарын уюштуруп турганын жазып чыкты.

Ушул эле санга саясатчы Уран Ботобековдун маеги басылды. Ал маегинде Атамбаев амалкөй саясат жүргүзүп, Акаев “Алга Кыргызстан”, Бакиев “Ак жол” аркылуу бийлигин бекемдемекчи болгондой эле, Атамбаев КСДП менен бир катар “Бир бол”, “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ар-намыс”, “Замандаш” партиялары аркылуу бекемдегени жатат деп айтып атышканын, ушул максатта Мелис Мырзакматов шайлоодон четтетилгенин, “Вечерний Бишкек” гезити соттолгонун, Орунбеков 2 млн., өзү 1 млн. 800 миң сомго соттолгонун, кыскасы бул шайлоодон күрөш жогоруда аты аталган партиялар менен “Ата Мекен” партиясынын ортосунда жүрөрүн сөз кылды.

Президент Алмазбек Атамбаевге Таластын Көк-Ой айлынын 80 жаштагы тургуну Бейшеналиева Анарбүбүнүн кайрылуусу басылып, анда ырчы Омар менен биргелешип Нуржанбек Токтогулов деген бала 2014-жылы 40 тонна фасолдун акчасын 20 күндө беребиз деп алып кетип ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн, эми алдамчыларды өкмөттүн көздөй кишилери калкалаганга өтүп, ар кандай кысымдарды жасап жатканын, ошондуктан буга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Алдамчылык Кыргызстанда кадимкидей гүлдөп тургун көрүнүш экендигин бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезитинин “Чатак дипломатиялык деңгээлге чейин жетти” деген макаладан да окуйсуздар. Анда Кыргызстандын экономикасына инвестиция салгысы келген чет өлкөлүк инвестордун ишенимине кирип туруп, 20 миң долларын кыргыздын бир шылууну кантип алдап кеткени жөнүндө баяндалат.

Аталган гезитте Кыргызстандын Диабет жана эндокринология бирикмесинин президенти Светлана Мамутованын чакыруусу менен Кыргызстанга кант диабети боюнча Орусиянын белгилүү адистери, илимдин докторлору Гагик Галстян жана Александр Майоров келгенин, алар кант оорусу боюнча бир катар лекцияларды окушарын бүгүнкү “Вечерний Бишкек” гезитиндеги “Диабет тууралуу уламыштар” деген интервьюдан таанышсаңыздар болот.

XS
SM
MD
LG